2012-жылдын орчун окуялары
Кабул шаарындагы Насер Хусро Балхи китепканасына коюлган Ыйык Куран китебин көрүүчүлөр барактоодо. 12.01.2012
Сириянын Хомс шаарында өкмөттүк күчтөрдүн талкаланган аскерий унаасынын жанында турган бала 23.01.2012
Москванын Казан вокзалында мыйзамсыз мигранттарды кармоо учурунда полициянын колуна түшкөн өзбек мигрант жигит, 24.01.2012
Ирактын шийит мусулмандары Багдаддын түндүгүндөгү Садр шаарында америкалык аскерий курамдын чыгып кеткенин майрамдоодо, 9.02.2012
Москванын светафору премьер Путиндин сүрөтүн "Токто" деген белгинин ордуна көрсөтүүдө. 10.02.2012. (Reuters/Sergei Karpukhin)
Орусиялык миллиардер, президенттикке талапкер Михаил Прохоров Орусиянын Федералдык Башкаруу академиясынын студенттеринин атайын номерин көрүүдө. 14.02.2012 (Reuters/Denis Sinyakov)
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун 2-мөөнөткө президенттик инагурациясы, Ашгабат, 17.02.2012.(AFP/Igor Sasin)
Владимир Путин президенттик шайлоодо жеңгенден кийин Москвада тарапкерлерине кайрылып, көзүнө жаш алды. 4.03.2012 (Reuters/Denis Sinyakov)
Оогандар Кабул шаарында Нооруздун башталышын майрамдоодо, 20.03.2012 (AFP/Massoud Hossaini)
Бишкекте Нооруз майрамында көк бөрү тарткандар, 20.03.2012 (Reuters/Vladimir Pirogov)
Ирактын түндүгүндөгү Эрбил шаарында Ноорузду майрамдоо, 20.-03.2012. (epa/Kamal Akrayi)
Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, АКШ президенти Барак Обама жана Түштүк Кореянын президенти Ли Мен Бак Сеулда өткөн саммитте чогуу сүрөткө түшүүгө өз орундарын табууда, 27.03.2012. (AFP/Jewel Samad)
Бирманын демократиялык лидери Аун Сан Су Чи парламенттик шайлоодо тарапкерлери менен кезигүүдө, 1.04.2012 (EPA/NYEIN CHAN NAING)
Кыргызстандык жаш дизайнерлердин колунан жаралган кийимдер Бишкек мода жумалыгында 4.04.2012. (Reuters/Vladimir Pirogov)
Норвегияда 77 кишини өлтүргөн оңчул экстремист Aндерс Брейвик Осло шаарында сотто. 16.04.2012 (AFP/Heiko Junge)
Украинанын экс-премьер-министри Юлия Тимошенко Харьковдогу түрмө кызматкерлеринен ыдык көргөндөн кийин ооруканага түшкөн. Ал 2011-жылдын октябрь айында 11 жылга эркинен ажыратылган. (AFP/Ukrayinska Pravda)
2011-жылдын 2-майында Пакистандын Абботтабад шаарында Усама бин Ладен өлтүрүлгөндөн кийин ал жашырынган жердеги урандылардын арасында жергиликтүү адамдар сүрөткө түшүүдө. (Reuters/Mian Khursheed)
Франциядагы президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Франсуа Олланд Тюл шаарында тарапкерлерине кол булгалоодо, 6.05.2012
Орусиянын жаңы шайланган президенти Владимир Путин аялы Людмиланы Путинаны, ал эми экс-президент Дмитрий Медведев аялы Светлана Медведеваны Кремлде инагурация маалында беттеринен сүйүүдө, 7.05.2012.
Ооганстандагы НАТО күчтөрүнө жүк ташыган автоунаалар Пакистандын Карачи шаарындагы портто токтоп турат. Америкалык аскерлердин авиасоккусунан 24 пакистандык аскер өлгөндөн соң Пакистан бийликтери нааразылык катары жолду жаап койгон. (AFP /Asif Hassan)
Британ канзаадасы Чарльз энеси каныша Элизабеттин "алмаз тоюнда" колунан өөп, ызаат көрсөтүүдө. Букингэм сарайы, 4.06.2012. (Reuters/David Moir)
Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында 2011-жылдын декабрь айында болгон мунайчылар менен полициянын кагылышуусунан кийин кармалгандардын соту, Актау шаары, 4.06.2012. (Reuters/Olga Yaroslavskaya)
Euro-2012 футбол мелдешинин ачылыш аземинде Польша-Греция командалары беттешүү алдында. Варшава, 8.06.2012. (AFP/Christof Stache)
Kабул: ооган аялдар "күйөөсүнүн көзүнө чөп салды" деген негизде таш бараң менен өлтүрүлгөн аялдын укугун коргоп демонстрацияга чыгышты, 11.06.2012.
Алеппо шаарында сириялык козголоңчулар колго жасалган жардыруучу заттарды өкмөттүк күчтөр менен кармашка даярдап жатат, 31.06.2012
Орус президенти Путин менен Британ премьери Кэмерон Лондондо дзюдо боюнча олимпиадалык мелдешти көрүүдө, 2.08.2012
Түштүк Африка Республикасынын тышкы иштер министри Nkoana-Mashabane менен АКШнын мамкатчысы Клинтон Претория шаарында кечки сый тамакта бийлеп жатышат, 07.08.2012
Лондон: Параолимпиадачы аялдардын 5 миң метрлик мелдеши, 31.08.2012
Иран: француздардын сатиралык басылмасы Мухаммед пайгамбарды шакабалаган сүрөттү баскандан кийин Тегерандагы француз элчилигинин алдына аялдар демонстрацияга чыгышты, 20.09.2012
Кытайдын вице-президенти Си Цзиньпиндин аялы, таанымал ырчы Пэн Лиюань Бээжиндеги ак сарайда "Кайра жаралуу жолу" деген чыгарманы аткарууда. 20.09.2012 (AFP PHO)
Орусияда армияда кызмат өтөөнү каалаган аялдын физикалык даярдыктарын текшерүү, Ставрополь, 25.09.2012.
Грузиянын президенти Михаил Саакашвили премьер-министрликке талапкер "Грузин кыялы" коалициясынын лидери Бидзина Иванишвили менен президенттик сарайда кездешүүдө. Тбилиси, 09.10.2012
Австриялык учкуч Феликс Баумгартнер атайын капсула менен стратосферадан секирүүдө, 14.10.2012. (www.redbullcontentpool.com)
Улан-Батор шаарында монголдор Владимир Лениндин коло эстелигин башка жерге көчүрүүдө. 14.10.2012
Ооганстан: Герат провинциясында мурдагы талип согушкерлери ооган өкмөттүк күчтөрүнө кошулуу иш-чарасы. 22.10.2012
Түштүк Кореялык ырчы "Gangnam Style" деп аталган бийдин автору Пак Чэ Сан (PSY) БУУнун баш катчысы Бан Ки Мун менен БУУнун баш кеңсесинде, Нью-Йорк, 23.10.2012
АКШ президенти Барак Обама шайлоо күнү жубайы Мишел Обама, кыздары Малия жана Маша менен Чикаго шаарында чогулган элдин алдына чыкты, 7.11.2012
Талиптерден башына ок жеген пакистандык активист кыз Малала Юсуфзай Бирмингэм шаарында ооруканада жатып, келген каттарды окууда.
Палестина: Газа шаарынын түштүк-чыгышына израил армиясы урган соккудан кийинки жардыруу, 17.11.2012
Орусия: Камчатка жарым аралындагы Толбачик вулканы атылгандагы көрүнүш, 03.12.2012
Ооган улуттук армиясынын аял офицерлери Мазари-Шарифтеги немис күчтөрүнүн аскерий даярдыгынан өтүүдө, 11.12.2012
Швеция: 2012-жылдагы Нобел сыйлыгынын ээлеринин урматына Стокгольм мэриясы уюштурган сый тамак. 10.12.2012. (REUTERS/Jessica Gow/Scanpix)