Путин: Орусия АКШнын вассалы болбойт

Москва. 16-апрель, 2015-жыл.

Владимир Путин жылдык суроо-жооп сессиясын өткөрдү. Бул жолку түз байланыш Батыш менен Москванын мамилелери начарлап, санкциялар киргизилген, мунайдын баасы кескин арзандап, орус рублинин куну качкан кезге туш келди.

Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун түз байланышка чейин айтканына караганда, 1,2 миллион киши телефондон кайрылган, 285 миң СМС түшкөн жана 190 миң киши электрондук почта аркылуу суроо берген.

Путин экономиканын азыркы жалпы абалына баа берип жатып, санкциялар саясий көрүнүш, ал Батыштын Орусиянын өнүгүшүн ооздуктоо үчүн жасаган кадамы деди:

- Санкциялар азыр алынат деп айтуу кыйын. Себеби, бул Орусиянын өнүгүшүн оозуктоо максаты менен жасалып жаткан саясий, атүгүл стратегиялык маселе. Санкциялардын ушу тапта Украинадагы окуяларга тиешеси жок. Бүгүн Минск келишимдерин ишке ашыруу керек, биз ал үчүн бар аракетибизди жумшап жатабыз. Ал эми Киев бийлиги эч шашылбайт. Санкциялар болсо кала берүүдө.

Мамлекет башчы "санкциялардан пайдаланып, ички рынокту өнүктүрүш керек. Албетте, чектөөлөрдүн терс жактары бар, ал эми жергиликтүү айыл чарба продукциясын чыгарып, сатууга жакшы өбөлгө түзүлдү",- деди.

2014 - жыл менен салыштарганда өнөр жай өскөнүн белгилеген президент ал көп факторлорго байланыштуу болгонун, ошол динамиканы сактап калуу керектигин айтты.

Эсиңиздерге сала кетсек, Дүйнөлүк банктын 1-апрелде чыккан прогнозуна ылайык, Орусиянын ички дүң өндүрүшү үстүбүздөгү жылы 3,8%, эмки жылы 0,3% төмөндөшү ыктымал. Бул санкциялардын кесепети жана мунайдын арзандашы менен түшүндүрүлүүдө.

Маяна төмөн, баалар өскөнүнө даттанган аялдын суроосуна жооп берип жатып, Путин аялуу катмарларга жардам берүү, жумуш орундарын сактап калуу боюнча чаралар көрүлүп жатканын, антикризистик план иштелип чыкканын, эми аны ишке ашыруу зарылдыгын айтты.

Путиндин пикиринде, АКШ жана Еврошаркет Орусияга каршы санкция киргизүүдө Москванын украин кризиси менен жаңжалындагы ролун жөн гана шылтоо катары пайдаланды. Путин жакын арада санкциялардын алынышын күтүүгө болбойт жана бул “таза саясий мүнөздөгү маселе” деп эсептейт.

- Өтө өзгөчө болгусу келген жана өзүлөрүн дүйнөдөгү күчтүн жалгыз борбору деп санаган кээ бир ири державаларга, супер державаларга союздаштар эмес, вассалдар керек. Мен мында Кошмо Штаттарды эске алып жатам. Орусия мамилелердин мындай системасын колдомок түгүл, анда жашай албайт. Муну баары түшүнүүсү керек. Биз кызматташтык үчүн дайыма ачыкпыз, - деген Путин "Орусия эч качан АКШнын вассалы болбойт" деп кошумчалады.

Тышкы саясатка, тактап айтканда, Иранга С-300 зениттик-ракеталык комплексти сатууга байланышкан суроого Путин Ислам жумуриятына каршы киргизилген санкциялар башка өнөктөштөр менен координацияланып алынарын белгиледи:

- Контрактка 2007-жылы эле кол коюлган. Ирандын ядролук программасынын айланасында маселе чыккандан кийин келишимди ишке ашыруу убактылуу токтотулган. Бүгүн болсо ирандыктар ийкемдүү, компромисске келүүгө дилгир экени айкын болуп турат. Бардык тараптар Тегерандын атомдук программасы боюнча келишимге жетишти. Эми техникалык деталдар эле калды дешет. Ошондуктан биз комплекс боюнча ушундай чечимге келдик. Санкцияларды алып салышты деп атышса, түшүндүрүп кетейин. БУУнун Иран боюнча кара тизмесине мындай система киргизилген эмес. Бул бир тараптуу чечим болгон. Эми Иран бийлиги тарабынан алга жылуу болуп аткандан кийин ал тыюуну калтыруунун кажети жок деп чечтик. Ал эми санкциялар маселесинде өнөктөштөр менен албетте кызматташабыз. Ирандын ядролук программасы боюнча проблеманы жөнгө салууда Орусия чоң салым кошту.

Күтүлгөндөй эле Путинге Украина боюнча да көп суроолор берилди.

- Порошенконун жаңжалды тынчтык жолу менен чечүү шансы бар болчу. Мен аскердик чара көрбөөгө үндөгөм. Бул чоң ката болду деп ойлойм. Мындай аракеттер кырдаалдын курчушуна гана алып келет. Эми болсо Минск келишимин аткаруу керек, конституциялык реформа, социалдык-экономикалык реформа жүргүзүлүүгө тийиш. Биз Украина бийлигине эч нерсе таңуулабайбыз, бирок оюбузду айтууга укуктуубуз. Киев Минск келишимин аткарат деп күтөбүз. Биз үчүн Украинада жашап аткан орустардын паспортунда эмне деп жазылса да, өздөрүн орус деп санаган, орусча сүйлөгөн, Орусиянын бир бөлүгү катары эсептеген калктын мыйзамдуу укуктарынын урматталышы маанилүү, - деди орус президенти.

Ал эми "орус армиясы Украинада барбы?" деген суроого Путин "аскерлер жок" деп кыска жооп берди.