Орус-украин газ чатагы тереңдөөдө

Украина Орусияны талаштуу газ келишими боюнча Эл аралык сотко берерин билдирүүдө. Янукович бийликке келгенден кийин оңоло түшкөн мамилелер кайра бузулгандай.
Москва менен Киевди араздаштырган газ келишими 2009-жылы орус өкмөт башчысы Путин менен Украинанын ал кездеги премьер- министри Юлия Тимошенконун катышуусунда түзүлгөн. Келишим он жылдык мөөнөткө эсептелген. Араздашуу дароо эмес, бир жылдан ашып чыкты.

Анткени былтыр Орусия Украинага газ баасын убактылуу арзандатып берген. Мунун алдында украин президенттигине шайланган Виктор Янукович мурдагы бийликтин батышка ыктаган саясатын кайра карап, Орусия менен Кара деңиз флотунун Севастополь портунда туруу мөөнөтүн узарткан келишимге кол койгон эле.

Москва бул документти “тарыхый” келишим деп атаган. Бирок эки тараптын биринин экинчисине ичи чыккан мезгил узакка созула алган жок.

Кара мышык кайдан келди?

Киевдик саясий талдоочу Владимир Фисенконун пикиринде, президент Виктор Янукович былтыр Орусия менен алака түзүүдө алыс кетип, жаңылган жана Москвадан көп нерсени күткөн:

-Бул шарт-жагдай эки тараптын тең көбүрөөк нерсени күтүүсүн жараткан. Янукович орусиялык өнөктөштөргө кол сундук, алдыда дагы келишүүгө болот деп ойлогон. Бирок орусиялыктар башка чегинүүлөргө барбай турганы билинди.

Талдоочу Фисенко “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде кошумчалагандай, Кремлде Януковичти Орусиянын Украинадагы таасирин кайра тикелөөгө оңой эле көнө турган лидер деп ойлошкон.

Бирок Киев Москванын “Газпром” менен украиналык “Нафтогаз” компанияларын бириктирүү сунушунан баш тартты. Ушундан кийин мамилелер кайрадан солгундоо нугуна түштү. Ал эми жыл башында Януковичтин Евробиримдик менен интеграция боюнча сүйлөшүүлөрдү күчөтүүсү Москва үчүн күтүүсүз болду:

-Бул орусиялыктар үчүн абдан жагымсыз белек болду. Алар Украинанын Бажы союзуна сөссүз кирет деп дайынданып калышкан. Бирок андай болбоду. Ушундан кийин бир катар саясий билдирүүлөр чыкты. Президенттин (Янукович) кайрылуусу жасалды. Ал Украина үчүн европалык интеграция башкы артыкчылык экендигин айтты. Орусия жооп кылып, санкция менен коркутууга өттү.

Шейшемби күнү орусиялык “Коммерсант” басылмасында жарыяланган маегинде Янукович 2009-жылкы келишимдин “шарттары душман үчүн жазылгандай, Орусиянын туруму кабыл алгыс. Эгер ал өзгөрбөсө биз эл аралык арбитражга чейин барабыз”,- деп айтты.


Келишимди өзгөртүү аргасы

Украинада азыр 2009- жылкы келишимди түзгөн мурдагы премьер- министр Юлия Тимошенконун үстүнөн сот жүрүүдө. Ал ошол учурда кызматынан кыянат пайдаланган деп айыпталып жатат.

Учурда камакта жаткан Тимошенко күйөөсү менен сот имаратында, 11-август, 2011-ж.
Айрым аналитиктердин пикиринде,Тимошенконун соту украин бийликтеринин келишимдин укуктук негизин жокко чыгаруу аракетинин бир бөлүгү. Анын айыптуу деп табылышы Орусияга каршы доо арыз берүүгө жүйө боло алат. Кезинде "саргылт ыңкылаптын" лидерлерине көзү түз эмес болгон Москва Тимошенконун сотун сынга алган.

Евробиримдик менен сүйлөшүүлөрдү Орусия менен мамилесиндеги рычаг катары колдонгонуна карабай, Тимошенконун сотуна байланыштуу президент Янукович батыштын да катуу сынына кабылууда. Анткени батыш Тимошенконун соттолушун саясий куугунтук жана 2004-жылкы "саргылт ыңкылаптын" демократиялык жетишкендиктерин артка кайтаруу катары кабыл алууда. Батыштын расмий өкүлдөрү Тимошенконун иши боюнча утур-утур камтамачылыгын билдирип жатышат.

Эл аралык валюта кору өңдүү каржы уюмдары мурда эле сунуш кылып келгенине карабай, Украинанын 2009-жылы Орусиянын “Газпрому” менен келишимге кол койгон мамлекеттик “Нафтогаз” компаниясын кайра түзөрүн жарыялоосун дагы эксперттер Киевдин келишимди өзгөртүү аргасы деп баалашууда.

Бирок Орусиянын энергетика министринин мурдагы орун басары Владимир Миловдун “Азаттыктын” орус кызматына айтканына караганда, Украинада Орусияны газ келишимди кайра кароого мажбурлагыдай укуктук механизм аз:

-Маселе мында, Орусия Украинаны иш жүзүндө ар талаш сайын эле соттор менен коркутуп келген. Бирок иш буга эч убакта жеткен эмес. Анткени “Газпром” ийкемдүү структура эмес жана эл аралык укуктук механизмдерди жакшы билбейт.

Орусиянын премьер-министри Владимир Путин

Орус премьер-министри Владимир Путин Москва келишимди эгер Украина “Нафтогазын” “Газпром” менен кошууга көнсө гана кайра карарын жашырган эмес. Бул факт Орусия көгүлтүр отту Украинаны өз чеңгээлинен чыгарбоонун куралы катары колдонот деген көз караштарды бекемдөөдө.







Эки башка эсеп

Украин тараптын эсебинде, 2009-жылкы келишим боюнча быйыл маселен, Европанын Германия сындуу өлкөсүнө салыштырмалуу Орусияга алты миллиард доллар ашыкча төлөп калууда. Үчүнчү чейректе көгүлтүр оттун ар бир 1000 кубометрин 355 доллардан сатып алууга туура келсе, жыл аягына чейин баа 400 долларга чыгары күтүлүүдө. Расмий Киевдин пикиринде, адилет баа 1000 кубометрге 230 доллар болушу керек. Орусия болсо Украина көгүлтүр оттун 1000 кубун азыр деле 100 долларга арзан алып жатат деп эсептейт.

Орусия баа чатагынан улам буга чейин Украинага кеткен газды эки ирет бууп, бул кычыраган кышта европалык керектөөчүлөрдү көгүлтүр отсуз калтырган. Анткени Орусиянын Европага газ экспортунун 80%га чейинкиси Украина аркылуу өтөт.

Бирок орус өкмөт башчысы Путин кечээ октябрь-ноябрь айларынан тарта көгүлтүр отту Германияны көздөй агызуучу “Түндүк агым” куурунун толук кандуу иштей баштоосу менен Украина өзүнүн “транзиттик абалын колдонууга азгырылбай” турганын эскертти. Анын алдында “Коммерсант” гезитинде жарыяланган маегинде украин президенти Янукович “биз жакыр тууган эмеспиз. Биз көз карандысыз мамлекетбиз. Бизге ультиматум менен сүйлөө ийгилик алып келбейт”,-деп айткан.