АКШ: Обамадан тактыны ким талашат?

Республикалык партиядан президенттикке талпынгандар: Техастын губернатору Рик Перри, Массачусетс штатынын экс-губернатору Мит Ромни, ишкер Херман Кейн жана Конгресттин Өкүлдөр палатасынын экс-спикери Ньют Гингрич. Вашингтон, 22.11.2011

Республикалык партиянын өкүлү, экс-губернатор Мит Ромни өз партиялаштарынын толук колдоосун тапса, ноябрдагы шайлоодо Обамадан мөөрөй талаша турган болуп калды. АКШдагы президенттик шайлоо – “Азаттыктын” апталык “Өңүт” берүүсүндө талданат.
Америкадагы президенттик шайлоо 6-ноябрда өтөт. Анда Обамага чыкчу кимиң бар? – деген суроого жооп издеп, демократтардын башкы атаандашы, республикачыл партиянын январдан бери өтүп жаткан ар башка штаттагы тандоосунда Мит Ромни озуп чыгып, бирок мурдагы жылдары боло жүргөндөй, бат эле тийиштүү добушту топтоп алдыга суурулуп чыга алган жок. Ар кайсы штаттагы праймериз, же партиялык ички шайлоодо улам бир талапкер суурулуп чыгып, Ромнинин мараны көздөй арышын жайлатууга көп эле аракет жасалды. Америкада алдыңкы партиялардын президенттик шайлоого өз талапкерин тандоо иши татаал жана абдан машакаттуу жараян. Анын өзгөчөлүктөрү тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, убагында айтылуу Массачусетс технологиялык институтунун магистратурасын аяктаган Равшан Жээнбеков айтып берди.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Р.Жээнбеков: АКШдагы эки партиянын ичиндеги тандоо


Ошентип, ноябрдагы президенттик шайлоодо демократтардан мен чыгам деп Барак Обама камданып жатса, республикачылардын али аяктай элек таймашында Мит Ромни алдыга озуп чыкты. Башкы жарышка дал ушул экөө чыгаары формалдуу түрдө эки партиянын август жана сентябр айында өтө турган улуттук курултайында жарыяланат.

Быйылкы шайлоо жараяны мурдагыдан алда канча ысыраптуу өнөкөткө айланчудай. Анткени 2010-жылы АКШнын Жогорку соту шайлоо өнөктүгүнө иштей турган Супер саясий аракет комитеттерин түзүп, ага каалаганча каражат топтоого уруксат берип койгон. Мындай бейөкмөт уюмдар ушу тапта жарыша уюшулуп, алдыңкы талапкерлерди колдогон Суперкомитеттер америкалык миллиардерлер менен миллонерлерден болуп көрбөгөндөй акчага маарып жаткан кез. USA Today гезити кабарлагандай, республикачыл талапкерди жактаган бир миллиардер жакында жеке өзүнүн атынан 12 миллион доллар ыргытса, Обаманы колдогон Голливуддун капчыгы калың продюсери 2 миллион доллардан ашуун акча кошту. Бул акча талапкердин штабына берилбейт, жанагы бейөкмөт Суперкомитеттерге тапшырылат. Бирок америкалык белгилүү тележурналист айткандай, бул эми жаш балага момпосуй карматып, муну жебегин деп калп эле эскерткенге барабар эле көрүнүш.

АКШдагы президенттик шайлоо өнөктүгүнө буга чейин эң көп каражат короткон деп Барак Обаманын 650 миллион долларды чапчыган 2008-жылкы өнөктүгү аталып жатты эле. Бул ирет Обаманы кайра шайлоо иши миллиард доллардын тегерегине барат деп болжолдонууда. Анын шайлоо штабы банк эсептерин ачкан эң алгачкы күнү эле 23 миң катардагы америкалыктар ар бири 200 долларга жетпеген акчасын которгону кабарланды. Ошондуктан Америкада азыр миллиондогон долларлар асманга сапырылып, реклама жана шайлоого керектүү башка кызмат көрсөткөн компаниялар быйыл кандай киреше табаарын болжой албай баштары ооруп жаткан кез.

http://www.youtube.com/embed/He7WvbwA6Yw
(Видеотасма "Америка добушу" үналгысынын интернет барагынан алынды)
Америкада быйылкы президенттик шайлоодо ким жеңиши мүмкүн деген суроого азырынча таккесе жоромол айтуу кыйын. Ошентсе да, буга чейинки шайлоо жыйынтыгын туура табуу жагынан баарынан ишеничтүү булак эсептелип калган Intrade болжолдоо борборуна таянсак, Обама шайланат деп ишенгендер ушу тапта (14-апрелде) 60%га чукулдап, Ромни жеңет дегендер 38%дын тегерегинде экен. Башка коомдук сурамжылоо борборлору Обамага 5-7 пайыз көбүрөөк ишенич көрсөтүп жаткан кез. Ноябрга чейин дагы 7 ай бар, ортодо эмне болуп кетээрин эч ким айта албайт.

Барак Обаманын шайлоо өнөктүгү ушу тапта эң биринчи кезекте Американын өзүндөгү экономикалык жагдайга көз каранды. Катардагы шайлоочулар аягында баары бир өлкөнүн өзүндөгү акыбалды баарынан өйдө коюшат, тышкы саясат кийинки планга чыгат. Соңку кездери жумушсуздук бир аз азайып, экономика жаңыдан оңоло баштагандай белгилер көрсөтө баштады. Эксперттер шайлоого чейинки жети ай ичинде жаратылыш кырсыгы, же ага тете бир террордук кол салуу болуп кетпесе, АКШ экономикасы оңолуу жагында болот деп эсептешет.

Ошентсе да, сурамжылоолор көргөзгөндөй, ушу маалда америкалыктардын жарымына чукулу экономика дале төмөндөө жагында деген ойдо. Бул Обама үчүн кооптуу көрсөткүч. Калкты турмуш оңолооруна ишендириш үчүн ал жылына 200 000 доллардан ашык акча тапкан байларга салыкты көбөйтүү сунушун кайталап жаткан кез. Мындай сунушту өзү ашынган байлар тизмесине кирген номур экинчи талапкер, республикачы Мит Ромни колдобойт. Ромнинин байлык мүлкү 250 миллион долларга барабар. Анын ашынган байлыгын жактыра бербеген америкалыктар четтен табылат. Ошондуктан анын миллиондогон акчалары шайлоодо оң да, терс да таасирин тийгизиши мүмкүн.

Экс-губернатор Мит Ромни

Ромнинин байлыгынан башка диний көз карашы да талаштуу пикирлер жаратууда. Ал тутунган мормон диний агымын АКШ калкынын жарымына жакыны салттуу дин деп эсептебейт, алар мормондорду христиан динин жериген секта катары кабылдашат. Ошентсе да, бул өтө чоң ролду ойнобойт деп ишенгендер аз эмес. Андан сырткары 65 жаштагы ашынган бай бизнесмен Мит Ромни өзү, же баралына жеткен беш уулунун бири да өмүрү аскер кызматына аралашпаганы америкалык прессада терс көрүнүш катары сыпатталбай койгон жок.

Бирок экономика маселеси Барак Обама үчүн баарынан опурталдуу болсо, Массачусетс штатынын экс-губернатору Мит Ромни үчүн дал ушул тема ушу тапта көзүр карта болуп турган чак. Жакында эле журналисттин ушунча акчаны кантип топтогонуңузду ачык айтып бербейсизби деген суроосуна Ромни: “Менин бардык финансы кагаздарым ачык эле турат. Ийгиликке жетишкениме сыймыктанам. Эл азыр экономиканы түшүнгөн адамга суусап турат. Экономикада тер агызып иштеп, ичинен түшүнгөн адам катары андай тажрыйбасы жок Обамага каршы чыкчу эң мыкты талапкермин деп айта алам”, - деп төш какты.

Ромнини кээ бир серепчилер кичинекей компанияны килейген корпорацияга айландырып, кризистик жагдайдан чыгарууну билген мыкты башкаруучу катары сыпаттап жатышат. Анын тышкы саясаттагы көз карашы – республикалык партияга мүнөздүү катаалыраак позицияны жактайт. Ромни жакында “Орусия – АКШнын номур биринчи геостратегиялык душманы” деп айтканын орус президенти Медведев баш болуп “кайсыл кылымда жашап жатасыз?”- деп ар тараптан кыйла узакка эрмектешти.

Барак Обама Орусия менен мамилелерди “кайра жандантуу” деген саясат жарыялаганы белгилүү. Обаманын Ирак, Ооганстандагы аскерлерди чыгаруу аракети көпчүлүк америкалыктардын колдоосун тапкан. Ромни андай ийкемдүү мамилени катуу сындап, президент болуп калсам, “Борбор Азия өлкөлөрү менен мамилени бекемдеп, Орусиянын ал жактагы үстөмөндүк саясатына каршы турабыз” деп эскертүүдө.

Financial Times басылмасынын Москвадагы мурдагы кабарчысы, эксперт Дэвид Саттер АКШнын президенти демократ, же республикачы болобу, Кыргызстан менен ийкемдүү саясат жүргүзүүгө аракет кылат деп ишенет.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Дэвид Саттер: АКШнын тышкы саясаты


Ошентип, ушу тапта кызыгы күчөп бараткан АКШдагы президенттик шайлоодо, азыркы абалдан алганда, Барак Обама өзүнө ишенип тургандай. Америка тарыхында соңку 100 жыл ичинде демократ президент экинчи мөөнөткө шайланганда бир гана ирет, 1980-жылы Жимми Картер республикачы Роналд Рейганга уттурганы катталган экен. Мит Ромниби, же башкасыбы, андай сейрек көрүнүштү кайталай алаар-албасын ноябрдагы шайлоо айгинелейт.