Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:05

Республикачылар президентке мыкты талапкерди таппай жатат


Рик Санторум аялы Карен менен Алабама жана Миссисипидеги праймериз шайлоонун жыйынтыгын уккандан кийин. Лафает, Луизина штаты. 13-март 2012
Рик Санторум аялы Карен менен Алабама жана Миссисипидеги праймериз шайлоонун жыйынтыгын уккандан кийин. Лафает, Луизина штаты. 13-март 2012

Консервативдүү эсептелген Алабама жана Миссисипи штаттарында шейшемби күнү болгон праймериз шайлоодо Рик Санторум жеңди.

Бул консервативдүү көз караштагы экс-сенатордун республикачылар партиясынан президентке талапкер көрсөтүлүү мүмкүндүгүн чоңойтту. Бирок ноябрдагы президенттик шайлоодо Барак Обаманын атаандашы республикачылардан ким болору жакын арада такталбасын ачык көрсөттү.

Бул түн элиталык медиабулактардын Ромнини жеңүүчү кылып көрсөтүү ниети таш капканын далилдеди.

Республикачылар партиясынын 13-мартта өткөн праймериз-шайлоосунун жеңүүчүсү- пенсильваниялык экс-сенатор Рик Санторум делегаттардын 33 процентинин добушун алды. Делегаттардын 31 проценти Өкүлдөр палатасынын мурдакы төрагасы Нью Гингричти, Массачусетстин экс-губернатору Митт Ромнини 30 проценти колдоду.

Бул албетте, ачык фаворит саналган Ромнинин президенттикке талапкер борлуп көрсөтүлүү мүмкүнчүлүгүн татаалдантты. Өлкө түштүгүндөгү Алабама жана Миссисипи- АКШнын консервативдүү шаттарынан саналат. Серепчилер бул эки штатта Санторум жана Гингрич делегаттарды эки бөлүп, Ромни көбүрөөк добуш алат деп жоромолдоп жатышкан.

Санторум шейшемби күнү Луизиана штатында сүйлөп, республикачылардын консервативдүү канатынын колдоосун аларынан кам санабасын жана Барак Обаманы жеңерин айтты:

- Биз мелдешти жеңебиз. Биз бардык жакта атаандашабыз.Консервативдер чогуу аракеттенчү убакыт келди. Азыркы шайлоодо бизде жеңүү мүмкүнчүлүгүбүз чоң экенине бекем ишенчү убакыт келди. Азыр Барак Обама менен эрегишчү жана аны ар бир маселеде оодара тартчу талапкер болуу үчүн консервативдердин колдоосун жеңгенге мыкты мүмкүнчүлүк бар.

Конвервативдүү штаттардан эсептелген Луизианада праймериз марттын аягында өтөт.

Республикачыл талапкерлер Ньют Гингрич(солдо) жана Митт Ромни(оңдо).
Республикачыл талапкерлер Ньют Гингрич(солдо) жана Митт Ромни(оңдо).
Байкоочулар эми Ньют Гингрич шайлоочулардын кысымы астында талапкерлигин алып салат деп боолгошот. Бирок Гингричтин Бирмингэм шаарындагы сөзүнө караганда, анын өнөктүктөн чыгар кейпи жок. Тескерисинче, ал талапкердин алдыңкысы Ромнини ээрден кыйшайдың деп катуу сынга алды:

- Бул түн элиталык медиабулактардын Ромнини жеңүүчү кылып көрсөтүү ниети таш капканын далилдеди. Эки штатта тең консервативдүү талапкерлер добуштардын 70 процентке жакынын алганы факт. Сиздин бизден озуп келатып, үчүнчү болуп калганыңыз, сиздин мындан ары биринчи болбой турганыңызды көрсөтөт.

Митт Ромни шейшемби күнү Нью-Йоркко учуп кеткендиктен, береги эки штатта жактоочулары менен кездешпеди. Анын өнөктүктөгү улук кеңешчиси Эрик Фернстромдун билдиришинче, алар Миссисипи жана Алабамада көздөгөн мерчемдерине жетишти. “Чаң басылгандан кийин Митт Ромнинин атаандаштары пайдубалын бекем койо албаганын көрүп ишенесиздер”,-дейт Фернстром.

Республикачылар партиясы президентке талапкерди август айында Флорида штатынын Тампа шаарында болчу жыйында көрсөтөт. Талапкер ноябрдагы Барак Обама менен президенттик шайлоого түшүш үчүн 1144 делегаттын колдоосун алууга тийиш.

Си-Eн-Eн телеканалынын маалыматы боюнча, шаршемби күнгө карай Митт Ромни бардыгы 489 делегаттын, ал эми Рик Санторум 234 делегаттын колдоосуна ээ. Нью Гингричте 139 жана конгрессмен Рон Полдо 66 тарапкери бар.

"Вашингтон Пост" гезити менен “Ей-би-си Ньюс” телеканалдары жарыялаган соңку сурамжылоого караганда, ушу азыр президенттик шайлоо өтсө, Ромнини шайлоочулардын 49 проценти, Обаманы 47 проценти колдомок. Санторум болсо 46 процент, Обама 49 процент добуш алмак. .

XS
SM
MD
LG