Ал тапта президент Садыр Жапаровдун "бейөкмөт уюмдарды буга чейин отчет тапшырбай келген" деген сөзү талкууга түшүп, жарандык коом өлкө жетекчилигин маалыматты бурмалоого айыптап жатат. Кээ бир эксперттер бул жагдайды бейөкмөт уюмдар үчүн сыноо деп сыпатташууда.
"Интербилим" коомдук уюмунун Оштогу жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева мамлекет башчынын бейөкмөт уюмдардын ишмердиги тууралуу Фейсбукка жазган билдирүүсүнө камтама болууда:
"Президенттин өзүнөн канча ирет коомдук уюмдар жолугушууну суранып, кат жолдошкон. Былтыр дагы, быйыл дагы жолдошкон. Тилекке каршы, биздин президент өзүнүн жарандарына камкордук мамиле менен карабаганы өкүндүрөт".
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга 2-апрелде кол койгондон кийин Фейсбукка билдирүү жазган. Ал эч кимге куугунтук болбой турганына кепилдик берерин белгилеген жана бейөкмөт уюмдарды буга чейин "Юстиция министрлигинен каттоодон өтпөй, отчет бербей келген" деп айыптаган.
Мамасалиева бул мыйзам ириде бийликти сындагандарды тизгиндөө максатын көздөй турганын кошумчалады:
"Эл аралык уюмдар көчөдөгү эле адамдарга акчаны карматып койбой турганын баары эле билет. Алар юридикалык макамы бар, мамлекетте катталган уюмга беришет. Президент ошентип айткандан кийин анда "эшек жайлоо кылып жүргөн", каттоосу жок уюмдар кайсылар экенин ачыкка чыгарсын. Тизмесин көрсөтсүн".
Жогорку Кеңеш март айында кабыл алган мыйзамга ылайык, чет өлкөдөн каржыланган жана Кыргызстанда саясий ишмердик менен алектенген жергиликтүү бейөкмөт уюмдар “чет элдик өкүлдүн ишин аткаруучу” деп таанылат жана тиешелүү реестрге катталат.
Алар сырттан алган акча кандай максатта колдонулганы тууралуу мамлекеттик мекемелерге квартал сайын, жалпы ишмердиги жана башкаруучулары тууралуу жарым жылда бир отчёт берүүгө тийиш.
"Эл аралык коргоого көмөктөшүү" уюмунун жетекчиси Акылбек Ташбулатов мындан улам эми айрым өкмөттүк эмес уюмдар ишмердигин токтотууга да мажбур болорун белгиледи:
"Ансыз деле бардык бейөкмөт уюмдар банк аркылуу иштешет. Канча акча келип, эмнеге жумшалып жатканы ачык. Көмүскө эч кандай акча болбойт. Кошумча отчеттор менен андан да көбүрөөк маалымат берип келатабыз. Президенттин "30 жылдан бери бейөкмөт уюмдар эч нерсе кылган жок" дегени капа кыла тургандай эле сөз болду. Мамлекеттик эмес уюмдар өлкөнүн өнүгүшүнө эч кандай салым кошкон жок дегендей маанидеги сөз болуп калбадыбы".
Президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына жана президенттин билдирүүсүнө айтылган сындарга жооп берди. Ал Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар мыйзамдын кабыл алынышы менен мамлекет тараптан көзөмөл күчөп, аларга келген гранттардын кайсы жакка жумшалып жатканы “ачыкка чыгып кетишинен чочулашууда” деген пикирин айтты.
Евразиянын стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору, саясий серепчи Бакытбек Жумагулов эгер бул мыйзам менен бейөкмөт уюмдардын ишмердигине тоскоолдук жаралса, анда өлкөнүн өнүгүүсүнө терс таасир көрсөтүшү мүмкүн деп эсептейт. Ошол эле учурда бул мыйзам жарандык коомдун алдына чоң жоопкерчилик жүктөйт деген пикирде:
"Мына ушул мыйзамды кабыл алуу жараяны бейөкмөт уюмдар үчүн дагы, жарандык коом үчүн дагы сыноо болду. Алар бул мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн күчтүү позициясын алдыга сүрөгөнүн байкай алган жокпуз. Эми бул бул мыйзам бейөкмөт уюмдарга, жарандык коомго сыноо бойдон калат деген ойлор бар".
Ал тапта мыйзамга кол коюлушуна байланыштуу эл аралык коомчулукта реакциялар келип жатат. АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Мэтью Миллер тынчсыздануусун билдирди.
“Мындай мыйзам Кыргыз Республикасынын элине жардам берүүчү бейөкмөт уюмдардын маанилүү ишин тобокелге салат. Биз кыргыз өкмөтүн демократиянын негизин түзгөн жарандык коомду коргоого чакырабыз”, - деп жазды Миллер Х баракчасына.
Европа Биримдигинин тышкы иштер кызматынын басма сөз катчысы бул документтин кабыл алынышын "кооптондурган көрүнүш" деп атады.
Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Amnesty International укук коргоо уюмунун Чыгыш Европа, Борбор Азия боюнча регионалдык директору Мари Стразерс “Азаттыкка” маегинде мындай мыйзам эркин кыргыз коомуна кереги жок болчу деген пикирин билдирди.
Өлкөнүн жарандык коомунун өкүлдөрү Кыргызстандын калкынын бардык катмарларынын муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн жан үрөп келген. Алар элди суу менен камсыз кылуу, жардам жеткирүү, өкмөттүн ачык-айкындуулугу, бюджеттин сарпталышы, майыптарга көмөк көрсөтүү, балдарга билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, абанын булганышын азайтуу сыяктуу тармактарда иш жүргүзүп келген.
Маекти толугу менен төмөндөн окуй аласыз
Дагы караңыз Стразерс: “Чет элдик өкүл” мыйзамы жарандык коомду аксататОрусиядагы "чет өлкөлүк агент" мыйзамынын көчүрмөсү катары мүнөздөлгөн бул мыйзам расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ага ылайык, реестрдеги бейөкмөт уюмдар пландалбаган текшерүүлөргө да туш болушу ыктымал. Кезексиз текшерүүгө кайсы бир мамлекеттик органдын арызы негиз бериши мүмкүн.
“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорунун негизги автору - депутат Надира Нарматова. “Адилет” укуктук клиникасы аны талдап, Орусиянын “чет элдик өкүл жөнүндө” мыйзамына 98% окшоштугун аныктап чыккан. Орусияда бул мыйзамдан улам көптөгөн уюмдар ишин токтотууга, айрым жарандар сыртка чыгып кетүүгө мажбур болду.
Кыргызстандагы 100дөн ашык уюм, адам укугу, сөз эркиндиги жаатындагы эл аралык уюмдар президент Садыр Жапаровго кайрылып, мыйзамга кол койбоого чакырган. АКШ баштаган Европа өлкөлөрүнүн элчиликтери тынчсыздануусун билдирген.
Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдар ансыз деле Салык кызматына каражаты тууралуу отчёт берип жатканын, документ алардын ишин көзөмөлдөп, жабууга чейин алып барарын эскертишкен. Мыйзамдын демилгечиси Надира Нарматова “бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт” деп айтып келет.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.