Рахат Алиевдин өмүр жолу

2000-жылдардын башында Рахат Алиев Казакстандагы бирден бир көрүнүктүү саясатчылардын бири болчу. 39 жашында Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары кызматына дайындалган. 2002-жылы күтүүсүздөн эле Австриянын Казакстандагы элчиси болуп, Венага кеткен. 

Рахат Алиев менен Дарига Назарбаева 1983-жылы баш кошушкан, ал кезде Нурсултан Назарбаев Казак ССРнин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин төрагасы болгон. 

2000-жылдардын ортосунда Венеда элчи катары Казакстандын ЕККУда төрагалык кылуусун катуу сүрөгөн. 2010-жылы Казакстан бул макамга жеткен. 

2005-жылы Австриядан кайтканда Рахат Алиев Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары кызматына дайындалган. Бул кызматта бир жарым жылдай иштеген. 2007-жылы "Рахатгейт" чуусу чыкканда, Венага кайра элчи болуп кеткен.

2007-жылы жазында Казакстанда Алиевге каршы кылмыш иш ачылган. Ага “Нурбанктын” жетекчи-менеджерлери Жолдас Темиралиев менен Айбар Хасеновдун өлүмү боюнча айып тагылган. Ушул эле жылы май айында эл аралык издөөгө берилген. Алиев болсо муну саясий негизде деп айтып келген

Дарига Назарбаева менен Рахат Алиевди 2007-жылы сот ажыраштырган. Алардын үч баласы бар: Нурали Алиев, Айсултан Назарбаев жана Венера Назарбаева.

"Рахатгейт" чуусу чыккандан киийн Дарига Назарбаева чоң саясаттан четтеген. 2012-жылы "Нур Отан" партиясынын тизмеси менен парламентке келип, социалдык-маданий өнүктүрүү комитетин жетектеген. Журналисттерге берген маегинде мурдагы күйөөсү менен байланышпай калганын айткан. 

Мухтар Алиев, Нурсултан Назарбаев, Рахат Алиев жана Сара Назарбаева (Алиевдердин үй-бүлөлүк архивинен)
 

Астана буга чейин Алиевди эки жолу Австриядан өткөрүп алууга аракет кылып, бирок Вена сот калыс өтпөйт деген негизде өтүнүчтү канааттандырган эмес. 

Рахат Алиев 2009-жылы мурдагы кайнатасы Нурсултан Назарбаевди 1930-жылдардагы Америкада белгилүү үй-бүлөлүк мафиячыл топтордун башчысына салыштырып жана анын жашыруун иштерин ашкерелеген “Атаман кайын ата” деп аталган көлөмдүү китепти орус жана немис тилдеринде чыгарган. Китепке Казакстанда тыюу салынган.

Рахат Алиев 2014-жылы Венада камалган. Австриянын прокуратурасы 2011-жылы ага каршы 2007-жылкы эки банкирдин өлүмү боюнча тергөө ишин баштаган.

Рахат Алиев жарык дүйнө менен кош айтышардан бир аз мурда анын Фейсбуктагы баракчасында мындан бир ай мурун көз жумган атасына жазган каты жарыяланган. Атасы маркум Мухтар Алиев ушул жылдын январь айында 82 жаш курагында Алматыда дүйнө салган.