Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:49

Шайлоо: 31 жаштагы Курц Австриянын канцлери болуп калышы күтүлөт


Себастиан Курц жыйырма жети жашында тышкы иштер министри болгон. Вена. 15.10.17.
Себастиан Курц жыйырма жети жашында тышкы иштер министри болгон. Вена. 15.10.17.

Австриядагы парламенттик шайлоодо жаш саясатчы Себастиан Курц жетектеген Элдик партия жеңишке жетти.

Кыргызстанда президенттик шайлоо өткөрүлгөн күнү - 15-октябрда - Европанын чордонундагы Австрияда парламенттик шайлоо өттү жана анда 31 жаштагы Себастиан Курц (Sebastian Kurz) жетектеген Элдик партия жеңишке жетти.

Эми расмий жыйынтыктар жарыяланган соң, Курцтун партиясы оңчулдардын "Эркиндик" кыймылы менен коалиция түзүп, жаш саясатчы өкмөт башчылыкка дайындалышы ыктымал.

Буга чейин өлкөнүн тышкы иштер министрлигин жетектеп келген Курцту мигранттарга каршы, улутчул чакырыктары аркылуу жеңишке жетти деп сынга алгандар да арбын.

15-октябрдагы добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы чыккан соң, Себастиан Курц тарапташтарына ыраазычылык билдирди.

- Бүгүн - тарыхый күн. Бизге өлкө башчылыгына келип, анык өзгөрүүлөрдү камсыздоого мүмкүнчүлүк берилди.

Курц башында турган "Элдик партия" жекшембиде өткөн шайлоодо калктын 32 пайыз добушуна ээ болду. Жаш саясатчыны жеңиши менен алгачкылардан болуп Еврокомиссиянын президенти Жан-Клод Юнкер жана Германиянын канцлери Ангела Меркел куттукташты.

- Мен Себастиан Курцту бүгүн кечте куттуктадым. Элдик партия бир топ жылдан кийин кайрадан Австриядагы күчтүү кыймылга айланды. Мында, албетте, Курцтун эмгеги чоң. Ал ыкчам түрдө партиянын курамын жаңылап, тизмесин өзгөртүп, заманбап шайлоо өнөктүгүн өткөрө алды, - деген Меркел айым Курц менен иштешүүгө даяр экенин ишара кылды.

Курц "Элдик партиянын" башына жарым жыл мурда келген.
Курц "Элдик партиянын" башына жарым жыл мурда келген.

Парламенттик шайлоодо социал-демократтар жана ашынган оңчулдардын "Эркиндик" партиясы дээрлик бирдей добуш алып, экинчи орунду ээлешти.

Эми "Элдик партия" оңчулдар менен көпчүлүк коалиция түзүшү мүмкүн. Оңчулдардын өкмөткө келиши Евробиримдиктин лидерлерин бир аз кыжаалат кылгандай.

16-октябрда Люксембургда өткөн Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынында Люксембургдун башкы дипломатиялык мекемесинин жетекчиси Жейн Асселборн Курцту куттуктап жатып, европачыл австриялык саясатчыларды мисал келтирип, алардын жолун жолдоого чакырды:

- Эгер жаңы канцлер Себастиан Курц болуп калса, ал Крейский (Австриянын мурдагы канцлери), Хайнц Фишер (экс-президент), Элойс Мок (мурдагы тышкы иштер министр) сыяктуу улуу саясатчылардын жолун улайт деген ишеничтемин. Ошондой эле мигранттар боюнча Венгриянын мисалын Австриянын жаңы өкмөтү колдонбойт деген пикирдемин.

Германиянын канцлери Ангела Меркел Курцту биринчилерден болуп куттуктады.
Германиянын канцлери Ангела Меркел Курцту биринчилерден болуп куттуктады.

Курц партия жетекчилигине май айында келген. Шайлоо өнөктүгүнүн маалында ал миграция мыйзамдарын катаалдатууну жана качкындарга берилчү жөлөк пулду жокко чыгарууну убада кылды. Төрт жылдан бери Себастиан Курц өлкөнүн Тышкы иштер министрлигин жетектеп келген.

Ал Австриядагы жаңы мечиттердин курулушун тыштан каржылоого тыюу салган мыйзамды колдоп, өлкөдөн башпаанек алган качкындарга жөлөк пулду кыскартып, милдеттүү түрдө немис тил курстарына баруусун талап кылган сунуштарды айтып чыккан. Курц ошондой эле Евробиримдиктин тышкы чек араларын бекемдөөгө чакырып келген.

"Саясий вундеркинд" деген лакап аткан конгон Курц 27 жашында Тышкы иштер министрлигин жетектеп, дүйнөдөгү эң жаш министрлердин катарына кирген.

Немистердин Deutsche Welle басылмасы белгилегендей, Курц Венада жөнөкөй кызматкерлердин үй-бүлөсүнөн чыккан. Алгач "Элдик партиянын" жаштар канатын жетектеген Курц мурдагы шайлоо өнөктүктөрүндө Венада консерваторлордун позициясын бекемдөө менен эл көзүнө көрүнө алган. Адатта Австриянын баш калаасында буга чейин социал-демократтарга артыкчылык берип келишкен.

Себастьяндын устаты деп өлкөнүн мурдагы вице-канцлери Михаил Шпинделеггерди айтып келишет. Ал 2013-жылы тышкы иштер министрлигинин башчылыгын өз шакиртине өткөрүп берген.

Курц - бойдок. Анын сүйлөшкөн кызы Сюзанна Тир учурда Австриянын каржы министрлигинде иштейт.

XS
SM
MD
LG