Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Вена: адегенде театр, андан кийин жаңы жыл


Австриянын башкалаасы Венада жаңы жыл тосоор алдында, 31-декабрь күнү кечинде опера, балет, опереттага баруу кадимки салтка айланган.



Макаланын аудио вариантын бул жерден угуңуз:



Кантсе да, Австрия – дүйнөлүк классикалык музыканын генийлери саналган Моцарт, Шуберт, Штраусстардын мекени эмеспи.

Вена шаары кыштын күнү империя күркүрөп турган маалда салынган кооз, айбаттуу падышалык имараттары, алардын арасында жаркыраган майда шамдар менен кооздолгон дарактары, көчөлөрү менен кадимки жомоктогудай сезилет.

31-декабрь күнү Венада жашаган аялдар жер чийген узун, адеми көйнөктөрүн кийип, эркектер салабаттуу фракчан колтукташып, театрларды көздөй агылышат. Атактуу австриялык композитор Иоган Штраусстун “Жарганат” опереттасы ар жыл сайын 31-декабрь күнү алдыңкы опера ырчылары, актерлордун катышуусунда Венадагы бир нече театрда коюлат. Билеттер алдын-ала сатылып, акыркы мүнөттө оюнду көрүүнү каалаган туристтер атактуу опереттаны тикесинен туруп көрүүгө да даяр эшиктин алдында кезек күтүп турушат.

“Жарганат” опереттасы – музыкасы абдан шайыр, сахнада майрамдык вальс, полька, ырлар, же ариялар жаңырган, жалпы окуя өнүгүүсү – күлкү-тамашага жык болгондуктан дал ушул жаңы жыл күнү веналыктар көрүүгө ынтызар оюнга айланган.



Бай орус князь Орловскийдин үйүндөгү майрамдык баллга чогулган жүздөй кооз кийимчен адамдар сахнада ырдап-бийлеп, күлкү аралаш бокалдар кагылып, опереттанын көпчүлүк бөлүгү майрамдык маанайды тартуулайт.

Өңү жылма аялдардын бирин калтырбай тийишип сүйлөп, ар кимисине сүйүү сезимин арнагандан чарчабаган Айзенштайн ал майрамдык баллда маскачан өзүнүн аялы Розалинданы тааныбай калып, артынан түшүп, махабат сезимин айтып түгөтө албаганы оюндун өзөгүн түзөт.

Анда опереттанын көркүн чыгарган Айзенштайндардын үйүн жыйнаган кызматкери Аделдин атактуу "Менин кымбаттуу маркизим” деп аталган ариясын уксак.



Оюнду театрга жыкжыйма толгон көрөрмандар тынбай кол чаап, абдан көтөрүңкү маанайда коштоп сүрөп олтурушту. Баарынан кызыгы, Иоганн Штраусстун бул атактуу опереттасынын акыркы бөлүгүндө түрмөнүн башчысы ырдап бийлеп жатып, "скрипка ойноп атканда, кыргыздар айткандай, ашказан да бийлеп кетет" деген жери бар экен. Либреттону жазган немис акыны Хаффнер бул саптарды атайлап киргизгенби, же кокустан кийин кошулуп калганбы - бул тууралуу сөз өзүнчө болсун.

Айтор, орустар жаңы жыл тосоордо мончого барууну салт кылса, Австриянын борбору Венада эл театрга кирип чыгат экен. Сахнада шампан атылып, ыр-бий, тамаша токтобогон Штраусстун опереттасын 3 сааттан ашуун көрүп чыгып, ар тарапты көздөй жаңы жыл тосууга шашылып жөнөп жатышты.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG