Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:18

Насыр Давлесовдун музыкалык мурасы


Кыргыз эл артисти, көрүнүктүү дирижер жана композитор Насыр Давлесов.
Кыргыз эл артисти, көрүнүктүү дирижер жана композитор Насыр Давлесов.

Кыргыз эл артисти, көрүнүктүү дирижер жана композитор Насыр Давлесовдун сөөгү 15-июнда Ала-Арча көрүстөнүндө коюлду. Ал совет доорундагы кыргыз музыка өнөрүнүн акыркы могикандарынын бир катары тарыхта калды.

Чыгаан композиторду акыркы сапарга узатуу зыйнаты А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтүп, композитор менен коштошкону шаар тургундары, бийлик өкүлдөрү келди.

Мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын ээси, профессор Насыр Давлесов 83 жашка караган курагында узак оорудан кийин 12-июнда кечки саат ондон өтүп калганда көз жумган.

Таланттуу дирижер, улуу композитордун “Аста секин, колукту” музыкалык комедиясынын бет ачары быйыл январь айында Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында дүркүрөгөн кол чабуулар менен өтүп, Давлесов Насыр агай кубанганынан көзүнө жаш алган болчу.

Жылдап күткөн кубаныч

30 жылдан бери сахнага чыкпаган бул спектаклдин кайра жаңыртып коюлушун оюндун музыкасынын автору туура 12 жыл күттү.

1999-жылы ушул “Аста секин, колукту” опереттасын Чүй облустук театрында мюзикл жанрында койгонумда, Насыр агай жаш баладай сүйүнүп, “ой, муну азыркы жаштардын табитине жараша эстрадалык багытта койгон турбайсыңбы. Эми муну опера жана балет театрына жаңыча үлгүдө коюп бер” деген сунушун айткан.

“Эгер театрдын администрациясы макул болсо коюп берейин”,-деп агайдын сунушуна абдан сүйүнгөм.

"Аста секин, колукту" спектаклинен бир көрүнүш
Ошонун эртеси эле Насыр агай опера жана балет театрынын дирекциясына барып, “менин 70 жылдык мааракеме “Аста секин, колуктуну” кайра жаңыртып режиссер Аманбек Жапаровго койдургула” деп өтүнүптүр. Театрдын жетекчилиги "акча каражатын таап, койдурабыз" деп агайдын көңүлүн алып жөнөтүшөт.

Ошентип Насыр агай экөөбүз аталган спектаклди опера жана балет театрына койдурат деген үмүт менен 12 жыл күттүк.

Театрдын администрациясы убада бергени менен ал ортодо театрдын ошол кездеги жетекчилиги Орусиядан, Казакстандан балет бийчилерин, опера ырчыларын чакыртып, бир-эки концертте аларга миңдеген доллар гонорарды төлөп берип турушту.

Акыры өткөн жылы 7-апрель ыңкылабынан кийин театрга жаңы жетекчи болуп Тимур Саламатов дайындалганда биринчи кезекте “Аста секин, колукту” музыкалык комедиясын 30 жылдан кийин кайра сахнага алып чыгуу демилгесин көтөрүп, каршы болгондордун сөзүн укпай, аны иш жүзүнө ашырды.



Ошол 1999-жылы да Насыр Давлесовдун 70 жылдык мааракеси өкмөттүк деңгээлде салтанаттуу өткөрүлбөй, өтө жупуну белгиленген эле.

Андан кийин 2009-жылы агайдын 80 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде өткөрүлөт деп, бийликтегилер куру убада беришкени менен Маданият жана маалымат министрлиги “Курманбек” операсын китеп кылып чыгарып тим болгон.

Кош көңүл мамиле

Залкар талант, Насыр Давлесов бир дагы жолу кадыр баркын салып, бийликтегилерден бир нерсе сурап кайрылбаганын анын кан кудасы, коомдук ишмер, Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы Сулайман Иманбаев белгиледи.

- Бул киши эч качан өзү жөнүндө маселе койгонун мен уккан эмесмин. "Мен мындай элем, мен тигиндей элем, мен гимнди жазгам, анткем-минткем" дегенин, "мага муну бергиле, аны бергиле" деп бийлик жетекчилерине маселе койгонун бир дагы жолу көргөн да, уккан да жокмун. Өтө жупуну киши эле. Ушунчалык өзгөчө маданияттуу киши эле.

Насыр Давлесов мындан төрт-беш жыл мурда кыргыз өкмөтү Мамлекеттик гимндин нотасынын түп нускасын аликүнчө көбөйтүп китепче кылып чыгарбаганын, симфониялык оркестр Насыр агай жазган нотанын кол жазмасы менен ойноп жүрүшкөнүн, ал эми республиканын башка аймактарында гимн түп нускасындагы музыкада ырдалбай, ар түрдүүчө ырдалып жүргөнүн айтып кейиген.

Ошондо “президентке кат жазып, премьер-министрге барып гимндин нотасынын түп нускасын көбөйткүлө, арзыбаган эле каражат кетет деп айтпайсызбы”,-десем, “аны менен алектенген Маданият министрлиги бар эмеспи, аларга бир ооз айткам. Ошолор акча тапканда көбөйтүп алышаар”,- деп койгон, кайран киши.

Кийин сыркоолоп жүргөндө ал-акыбалын сурап барганымда, "кабагым, кашым" дебей, оорусун билгизбей, өткөн кеткенден узун кеп салып берип, маданиятка көңүл бурулбай калганына жаны кейип турду эле.

"Аста секин, колукту" спектаклинен бир көрүнүш
- Ар бир беш-он жылда Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы келип "мамлекеттик атрибуттарды өзгөртүш керек" деп кыйкыра берсе эмне болот? Жаңы президент шайланса эле жаңы гимн боло береби? Ошондуктан түбөлүктүү кала турган категорияга герб, гимн, желекти да киргизүү зарыл.

Президент же спикер алмашкан сайын алар алмашпоо керек. Жалпы жонунан эгемендик алгандан кийинки мезгилде маданиятка, искусствого мамлекет башындагылар жарытылуу көңүл бурбай койгонунан улам, көп адамдардын руханий дүйнөсү бөксөрүп, нысапсыздык, таш боордук, ачуулуулар көбөйдү. Согуш убагында мына ушул искусство адамдары элди аралап, руханий азыктандырып, кыйын кезеңди жеңишкен.


Ошол убакта Насыр агайга кымбат баалуу дары-дармек берилип, каражат өп-чап жетип жатканын өмүрлүк жубайы Сабира эже агайга угузбай мага сыр кылып айткан болчу. Маданият министрлигиндеги тиешелүү адамдарга айтсам 2009-жылы президенттин атынан 40 миң сом жөлөк пул беришкен. Ошол кезде кызы Чолпон да айыккыс дартка чалдыгып, өмүр менен өлүмдүн ортосунда жаткан.

Ичинде калган өкүнүч

Беш-алты жылдан бери эле Насыр агайдын көзү тирүүсүндө Кыргыз эл баатыры наамына, “Ак шумкар” орденине көрсөтүлүп, бирок бийлик тарабынан колдоо таппай келген.

Сулайман Иманбаев буларга токтолду:

- Биз эртең менен Насыр Давлесов жазган гимн менен ойгонобуз. Уктаарда Насыр Давлесовдун гимни менен жатабыз. Кыргыз мамлекети, бийлик башында тургандар бул эмгекти абдан баалаш керек эле. Албетте бул кишиге учурунда мамлекеттик сыйлыктардын бардыгы ыйгарылган. Сыйлыктары жетиштүү. Элдин пикиринде ал Эл баатырына мурда эле татыктуу болгон. Бирок Эл баатыры наамына беш-алты жылдан бери кайра-кайра көрсөтүлсө да эмнгедир берилбей келатат.

Насыкемдин көзү өтүп кетти. Балким ичинде кеткен арман, таарыныч болушу мүмкүн. Бирок арыз-арманын сыртына чыгарып айткан жок. Сөз да кылган жок. Эми көзү өтүп кеткенден кийин деле бийлик башындагылар ага жогорку наамды ыйгарып коюшса жаман болбойт. Наам Давлесов үчүн эмес, адилеттик үчүн, калыстык үчүн берилиш керек, башкаларга салыштырмалуу баатырлыкка татыктуу азаматтардын бири. Насыкем ошого татыктуу адам эле
.



Насыр Давлесов 1960-70-жылдарда жаш обончуларды борбордук жогорку окуу жайларынан "билимиңерди өркүндөткүлө, музыкалык сабатыңарды өркүндөтүп окугула" деп жаман көрүнгөн. Орто заар таланттар ошондо ага каршы айың кептерди уюштурушуп, жаманатты кылгысы келишкенин анын замандаштары айтып калышат. Бирок Насыр Давлесов таланттуу жаштарды колдоп, жөлөп-таяганын анын шакирттери айтып түгөтө алышпайт.

Акыркы могикан

Ошол шакирттеринин бири, кыргыз музыкасына аттын кашакасындай таанымал таланттуу композитор Акимжан Жээнбаев бир нече эл аралык сыйлыктарды, Эмгек сиңирген ишмер наамына татыктуу болгон. Ал агайы тууралуу буларды эскерди:

- Бул киши ар бир нерсеге абдан реалдуу карачу. Биз кыргыздар уруу-урууга тартып, таеке-жээн, карын бөлө, жердешчиликке ооп кетмейибиз бар. Насыр агай болсо андайга жол берчү эмес. Мисалы, мен Оштун Ноокатынан келгем. Мени "түштүктүк" деп бир дагы жолу жериген жок.

Тескерисинче композиторлордун Абдылас Малдыбаев атындагы сыйлыгы бөлүнүп жатканда, “ой, мыкты композитор Акимжан Жээнбаев маңдайыңарда турбайбы. Эмне үчүн буга сыйлык берейсиңер? Бул сыйлыкты музыканттарга бересиңер, Кыргызстанда жашабаган бөлөк адамдарга бересиңер, өзүбүздүн мыкты талантты баалабайсыңар. Абдылас Малдыбаев сыйлыгын мына ушуга бериш керек”,-деп ошол жерде опурулуп, комиссиянын башка мүчөлөрүнүн шайын кетирген.

Мен ошентип лауреат болуп, чыгармаларым Композиторлор союзуна, Маданият министрлигине өтүп жолум ачылган. Агайдын далай-далай жакшылыктарын кантип унутабыз?


Акимжан Жээнбаев белгилегендей, кыргыз профессионалдык музыкасынын алптарынын бири, акыркы могикан Насыр Давлесовдун “Айнаш”, “Саанчы жеңе”, "Жылкычы бозой", “Кыргыз жери” деген ондогон обондуу ырлары элдик ырга айланган.

- Биз Насыр агайдын “Аста секин, колукту” опереттасын, “Курманбек" операсын, симфония, кантаталарын угуп, адам катары, мыкты музыкант катары калыптандык. Бул кишинин чыгармалары кыргыз элинин нукура салттуу музыкаларынын үлгүлөрүн камтып, кыргыз жыттанып турат. Чын-чынына келгенде биз акыркы могиканыбыздан ажырап отурабыз. Биз үчүн бул күн трагедиялуу болуп турат. Анын чыгармалары кыргыз эли менен түбөлүк жашайт.



Таланттуу адамдарды барктап алууну, алардын атын өчүрбөй эскерип жүрүүнү бийликке эле оодара бербей жалпы коомчулук, көркөм өнөр жаатындагы бирикмелер, маалымат каражаттары өз алдынча байма-бай иш-чараларды өткөрүп турганы жөндүр.

Болбосо “Алиби”, “Фабула” гезиттери шейшемби күнкү чыгарылышында мамлекеттик цирктин мурдагы директору Таштан Жолдошбековдун сүрөтүн бакыйтып коюп, “Кыргыз эл артисти, Мамлекеттик гимндин авторлорунун бири Насыр Давлесов узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты” деген маалыматты жайгаштырганы жаңылыштыкпы, техникалык катабы, же гезиттин жамааты Насыр Давлесовду тааныбайбы деген ойду туудурат экен.

Көрүнүктүү композитор, Кыргыз Республикасынын гимнинин авторлорунун бири Насыр Давлесов 12-июнда кечки саат ондор чамасында, 83 жашка караган курагында дүйнөдөн кайтты. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 15-июнда Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өткөрүлүп, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатына вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов, коомчулуктун өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, шаар тургундары, Давлесовдун туугандары катышты.

Музыкага арналган турмуш

Насыр Давлесов 1929-жылы 15-мартта Чүй облусунун Кемин районундагы Кара-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Бишкектеги музыкалык окуу жайын, Москвадагы Чайковский атындагы консерваторияны бүтүргөн. 1956-жылдан баштап эл аспаптар оркестринде башкы дирижер болуп беш жыл иштеп, 1961-жылдан тарта кыргыз опера жана балет театрында жети жыл башкы дирижерлук кылган.

1962-жылдан СССР композиторлор союзунун мүчөсү. Ал кездеги В.Маяковский атындагы кыз-келиндердин педагогикалык институтунда 1968-1971-жылы музыка жана ырдоо кафедрасын жетектеген. Ошол жылдары жаңы ачылган Б.Бейшеналиева атындагы көркөм өнөр (орусча "искусство") институтунда 1971-1983-жылдары ректор болуп иштеген.

Насыр Давлесов “Аста секин, колукту” опереттасын, “Курманбек” операсын, бир нече симфониялык чыгармаларды, кантата, музыкалык пьесаларды, балдар ырларын, хорлорду жазган. Анын чыгарган ондогон обондорунун ичинен “Жылкычы бозой”, “Айнаш”, “Саанчы жеңе” деген чыгармалары элдик ырга айланган.

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин өлкөнүн гимнин көрүнүктүү композитор Калый Молдобасанов менен биргеликте жазган.

Атактуу композитор Калый Молдобасанов 77 жаш курагында 2006-жылы 29-майда каза болгон.

Насыр Давлесов “Ардак белгиси”, “Эмгек кызыл туу”, “Даңк”, I-II даражадагы “Манас” ордени, бир нече медалдар менен сыйланган.
XS
SM
MD
LG