Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:09

Нарын академиялык театры Бишкекте жаңы спектаклин тартуулады


"Мен арызданам” трагикомедиясынан бир көрүнүш.
"Мен арызданам” трагикомедиясынан бир көрүнүш.

Нарын областтык академиялык музыкалуу драма театры 21-сентябрда бишкектик көрөрмандарга “Мен арызданам” аттуу жаңы спектаклин тартуулады. Кезегинде CCCРдин жүрөгү Москвага чейин чыгармачылык гастролго барып жүргөн тоолуу областтын театры өзүнүн чыгармачылык өнөрүн Бишкектик көрөрмандарга 15 жылдан кийин кайрадан көрсөтүп жатат.

Кыргыз эл акыны, көрүнүктүү драматург Жалил Садыковдун “Мен арызданам” аттуу трагикомедиясынын Бишкектеги бет ачары Ч. Айтматов атындагы орус академиялык драма театрынын сахнасында болду. Спектаклди койгон бул театр менен тыгыз чыгармачылык мамиледе келаткан таланттуу режиссер Аманбек Жапаров.

Спектаклден бир көрүнүш
Аталган спектаклде кыргыз коомун чырмаган коррупция, байлык үчүн башын сайган, адамгерчиликтен кечип койгон көйгөй көрүнүштөр ашкереленет, мыскылданат. Анда өмүр бою битин сыгып, канын жалаган арызчыл адамдын көзү тирүүсүндө жасаган арам иштери жана анын аркы дүйнөгө барганда кыяматтын сотунда сурак бергени сатиранын көркөм жана куйкум тили менен берилген. Артисттер да ролдорду жакшы чеберчилик менен аткарышты.

Трагикомедияны көрүүгө маданият министри Садык Шер-Нияз, билим берүү жана илим министри Канат Садыков баш болгон Бишкектеги чыгармачыл жана интеллектуал чөйрөнүн аттуу баштуу адамдары келди. Маданият министри оюндун соңунда чыгып сүйлөп, бул спектаклдеги көтөрүлгөн маселеден азыркы кыргыз коому ала турган маанилүү сабак бар экенин баса белгиледи.

- Бул биздин коомубуздагы чындык көрүнүштөрдү ачык-айкын көрсөткөн спектакль болду десем жаңылышпайм. Эгерде биз ушундай спектаклдерге келип көрүп, биздин артисттердин эң зор ыклас менен ойноп бергенине кубанып кол чаап отурсак, анда коом бир топ жаңыланмак, өсмөк. Биздин коомдогу көп тескери көрүнүштөр азаймак деп ойлойм,-деди маданият министри Садык Шер-Нияз.

Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев мурда драматург Жалил Садыковдун чыгармалары боюнча коюлган спектаклдер ыйлатып келсе, бул сапар күлүп чыкканын айтып, актерлордун аткаруучулук чеберчилиги да купулуна толгонун билдирди.

- Мына бүгүн мен күлүп отурдум. Бул киши жаңы жанр менен иштеген экен. Анын үстүнө артисттер да мени кубандырды, үндөрү татынакай. Мен адис катары, драматург катары абдан ыраазы болдум.

Премьерадан кийинки куттуктоолор. Алдыңкы планда оң жакта оюнду койгон режиссер Аманбек Жапаров, сол жакта башкы ролду аткарган актер Жумабек Мадемилов
Тоолуу Нарын областынын академиялык музыкалуу драма театры кезегинде СССРдин борбору Москва шаарына чейин дүңгүрөгөн гастрол менен барып жүргөн атактуу театр болуп саналат. Маданият менен искусствого камкордук азайып калган эгемен доордо 15 жылдан кийин кайрадан бишкектик көрүүчүлөрдү жакшы спектакли менен кубантып отурат.

Маданият министрлиги тоолук таланттардын чыгармачылык жетишкендиктерин жогору баалап, аталган спектаклде башкы ролду аткарган Жумабек Мадемиловго Муратбек Рыскулов атындагы сыйлыкты, режиссер Аманбек Жапаровго Жалил Абдыкадыров атындагы сыйлыкты, актер Канат Мамыркановго маданияттын мыкты кызматкери төш белгисин, актриса Дүйшөнбиевага Жыпарага Маданият министрлигинин Ардак Грамотасын тапшырды. Ошондой эле тоолуу областтын театрына жаңы спектакль жаратууга 50 миң сом бөлдү.
XS
SM
MD
LG