Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:00

Рахат Алиев абакта жанын кыйганы кабарланды


Рахат Алиев
Рахат Алиев

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы, 53 жаштагы Рахат Алиев Австриядагы түрмөдө өлгөнү кабарланды.

Австрия сотунун маалымат катчысы Рейтер агенттигине Рахат Алиевдин өлүмүн тастыктап, “ал өзүн-өзү өлтүргөнүн” билдирген. Кийинчерээк бул тууралуу Австриянын маалымат агенттиктери да жазып чыгышты.

Президент Назарбаевдин экс-күйөө баласы Рахат Алиевге каршы Австриянын прокуратурасы 2011-жылы адам өлүмү боюнча тергөө ишин баштаган. Батыш маалымат булактарынын билдиргенине караганда, Рахат Алиев 2007-жылы “Нурбанктын” жетекчи-менеджерлери Жолдас Темиралиев менен Айбар Хасеновдун өлүмү боюнча айыпталып келген. Алиев 2014-жылы июнда өз эрки менен Австриянын тергөө органдарына келген дагы ошондон бери абакта болчу.

Казакстанда жабылган “Adam бол” журналынын башкы редактору Гүлжан Ергалиева Рахат Алиев абакта өз жанын өзү кыйганына ишенүү кыйын дейт.

- Биринчиден, анын өз жанын өзү кыйганына ишенүү кыйын. Мындай адамдар өзүнө өзү кол салууга батына албайт. Мен аны Саддам Хусейнге салыштырам. Ал жердин алдында жашаса да өмүр үчүн күрөшүүгө даяр эле. Ошол себептен ишенбейм. Биз мурда журналыбызга ал Австрияда түрмөдө бирөө өлтүрүп коет деп коркуп, абак жетекчилигинен башка камерага которууну суранганын жаздык эле. Эми бийлик жасаган бардык күнөөлөрдү Рахат Алиев өз башы менен ала кетет, баарын ага шылтап салышат. Кимдир бирөөнүн дем алуусу жеңилдеп калды окшойт.

(Солдон оңго) Мухтар Алиев, Нурсултан Назарбаев, Рахат Алиев жана Сара Назарбаева (Алиевдердин үй-бүлөлүк архивинен)
(Солдон оңго) Мухтар Алиев, Нурсултан Назарбаев, Рахат Алиев жана Сара Назарбаева (Алиевдердин үй-бүлөлүк архивинен)

2008-жылы Алматы шаардык соту генерал-майор Рахат Алиевди кылмыштуу топ түзгөн, адамдарды уурдаган жана бийликти басып алууга кам көргөн деп таап, сыртынан 40 жылга абакка кескен.

Рахат Алиев өзүнө коюлган айыптоону "ойдон чыгарылган жана саясий өч алууну көздөйт" деп башынан эле четке каккан. Казак бийликтери аны айыптаган кезде Алиев Астананын Венадагы элчиси болгондуктан, ошол бойдон мекенине кайтпай, Австрияда саясий качкын катары кала берген.

Рахат Алиев Казакстандын Коопсуздук комитетинин төрага орун басары (2000-2001), тышкы иштер министринин орун басары (2005-2007), өлкөнүн Австриядагы элчиси кызматтарын аркалаган (2002-2005 жана 2007-жыл).

Казакстандык журналист Сергей Дуванов Назарбаевдин экс-күйөө баласы Казакстанда талаштуу фигура болчу деп мүнөздөйт:

- Ал президентке берилип кызмат кылган, Назарбаевдин режимин түптөгөндөрдүн бири. Кийин оппозицияга өткөндө бийликти кулатууга аракет кылган деп айыпталган. Менин билишимче, бул негиздүү айып болчу. Бирок ошону менен катар эле ал оппозиционер, демократ болуп кеткен деп да айтууга болбойт. Болгону ал Назарбаевдин бийлик үчүн күрөштөгү атаандашы болчу. Ал режимге каршы эмес, Назарбаевдин өзүнө каршы чыккан. Анан, албетте, ага каршы аракеттер башталды. Ошол себептен мыйзам жагынан да, саясат жагынан да ал талаштуу адам болчу. Ал Австрия бийликтерине өз эрки менен барып берген, түрмөдө өзүн коопсуз сезем деп ойлогон. Менин оюмча ал өзүн өлтүрүп кетишээрин сезген, ошол себептен түрмөдөн калканч издеген. Ал эми ал жакта эмне болгонун айтуу кыйын.

Рахат Алиев Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дариганын мурдагы күйөөсү. Алардын Нурали, Айсултан аттуу уулдары жана Венера деген кызы бар. Учурда Нурали Алиев Астананын мэринин орун басары. 2007-жылы май айында Алиевге каршы Казакстанда кылмыш иши ачылгандан көп өтпөй Дарига Назарбаева күйөөсү менен ажырашканы маалымдалган.

Дарига Назарбаева азыр казак парламентинин төмөнкү палатасы - Мажилистин төрагасынын орун басары жана “Нур Отан” партиясынын парламенттик фракциясын жетектейт.

Астана буга чейин Алиевди эки жолу Австриядан өткөрүп алууга аракет кылган, бирок Вена соту өтүнүчтү канааттандырган эмес. Австрия полициясы тергөөнүн жүрүшүндө дагы башка саясий эмигранттар - Казакстан улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Алнур Мусаевди жана Алиевдин экс-жардамчысы Вадим Кошлякты камакка алган.

Рахат Алиев 2009-жылы мурдагы кайнатасы Нурсултан Назарбаевди 1930-жылдардагы Америкада белгилүү үй-бүлөлүк мафиячыл топтордун башчысына салыштырып жана анын жашыруун иштерин ашкерелеген “Атаман кайын ата” деп аталган көлөмдүү китепти орус жана немис тилдеринде чыгарган.

Рахат Алиев жарык дүйнө менен кош айтышардан бир аз мурдараак анын Фейсбуктагы баракчасында мындан бир ай мурун көз жумган атасына жазган каты жарыяланган. Рахат Алиевдин атасы, Казакстандагы белгилүү хирург, Мухтар Алиев ушул жылдын январь айында 82 жаш курагында Алматыда дүйнө салган.

XS
SM
MD
LG