"Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.
Кыргызстан социал-демократтар партиясынын парламенттеги депутаты Иса Өмүркуловду өз катарынан чыгарып салганы коомчулуктун кызуу талкуусуна түшүп, Кыргызстандагы партиялардын бүгүнкү абалы тууралуу маселени күн тартибине чыгарды.
Кыргызстанда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда соттолгон саясатчылардын ишин кайра кароо маселеси күн тартибине чыгууда.
Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришкенине бир жылга чукулдап баратат. Бул мөөнөт ичинде Кыргызстанда саясий-экономикалык чөйрөдө кандай өзгөрүүлөр болду? Жылыш байкалдыбы? Бүгүнкү талкууга коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев жана саясатчы Равшан Жээнбеков катышты.
"Ыңгайсыз суроолор" берүүсүнүн коноктору - Жогорку Кеңештеги “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Курманкул Зулушев жана “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров.
Өткөн аптада башкы прокурор Жогорку соттун үч судьясы баш болгон бир катар адамдарга кылмыш ишин козгогону белгилүү болду.
Өткөн аптада парламент өкмөттүн 2017-жылдагы иши тууралуу отчетун канааттандырарлык деп тапты. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул жолку жыйында калың убада берди.
Баткендин Лейлек районунун Максат айылындагы кыргыз-тажик чек ара тилкесинде эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда чатак чыгып, тынчыды. Окуя боюнча эки өлкөнүн чек ара кызматтары бири-бирин айыптаган эки ача билдирүү таратты.
Жогорку сот экс-депутат, мурдагы баш прокурор Аида Салянова боюнча мурдагы соттордун өкүмүн күчүндө калтырды. Салянова соттун чечимин "адилетсиз" деп баалап, президент Сооронбай Жээнбековдун сот реформасы боюнча убадаларын куру сөз катары сыпаттады. Буга чейин жарандык активисттер мурдагы бийликтин
"Ыңгайсыз суроолор" берүүсүнүн бул жолку чыгарылышы кадр саясатына арналды.
Статистикалык маалыматтарга караганда, соңку жылдары чечим чыгаруучу органдарда аялдар азайып баратат. "Депутаттардын үчтөн бири аялдар болушу керек" деген талапка карабастан гендердик тең салмактуулук Жогорку Кеңеште да сакталбай, ушу тапта 120 депутаттын арасында болгону 19 гана саясатчы аял бар.
Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн аппаратынын башчысы Фарид Ниязовдун кызматтан кетүү тууралуу арызын канааттандырган жок.
Жогорку Кеңештин депутатынын Казакстанда кармалышы коомчулуктун кызуу талкуусуна түштү. Депутат жана аны менен кошо кармалган эки кыргызстандык жаран коңшу өлкөдө "ири өлчөмдө аткезчилик кылган жана трансулуттук кылмыш тобуна тиешеси болгон" деп айыпталууда. Бул окуянын төркүнү эмнеде жана ал эки ө
“Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнө "Кылым шамы" укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдирасулова жана "Замандаш" партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов катышты.
"Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы ушул маселени талкуулады. Студиянын бүгүнкү коноктору - “Электр станциялар” ишканасынын жетектөөчү адиси Каныбек Оморов жана Энергетика боюнча эл аралык эксперт Жаныбек Оморов болушту.
Кыргыз өкмөтү апта башында өлкөдөгү криминогендик абалды талкуулады. Уюшкан кылмыштуулук Жогорку Кеңештин трибунасында да көтөрүлүп, укук коргоо органдары сынга алынды.
Жыл ичиндеги Кыргызстандын коомдук-саясий турмушунда орун алган ири, орчундуу окуяларга сереп салды. Студиянын коноктору – Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Улан Примов жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Улукбек Кочкоров болушту.
Жогорку Кеңеш 2018-жыл үчүн республикалык бюджетти кабыл алды.
Мамлекет башчысы шайлоочулардын үмүтүн актоо үчүн кандай өзгөрүүлөргө, реформаларга барышы керек? “Ыңгайсыз суроолор ” телепрограммасы ушул жана башка суроолорго жооп издеди.
Парламент үчүнчү окууда кароого жөнөткөн “Суу кодексине” киргизилип жаткан өзгөртүүлөр коомчулуктун каршылыгына тушукту. Мыйзам долбооруна каршы болгондор кен казуучу компаниялардын мөңгү аймактарында иштешине уруксат берген жобону алып салууну өкмөт менен парламенттен талап кылышууда. Долбоордун де
"Азаттыктын" “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнө өкмөт башчысынын кеңешчиси Токон Мамытов жана мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев катышты.
Дагы жүктөңүз