Бишкектеги ири базарлардын бири «Орто-Сайда» өрт чыгып, тилсиз жоо каптаган аянт болжол менен 1 800 чарчы метрди түздү. Кырсыктан базарда соода-сатык кылган ишкерлер, кийим тигүүчү цехтин ээси чыгымга учурады. Бул пандемияда ансыз да араң иштеп жаткан соодагерлерди сызга отургузду.
Кыргызстанда парламенттик шайлоого байланыштуу толкундоолор президент баштаган адамдардын бийликтен кетиши менен жыйынтыкталды.
Кыргызстандык Чолпон Абдыжапарова "Фейсбук" компаниясына өнөктөш-инженер болуп жумушка кирди. Ал ири компаниядагы олуттуу жумушунан тышкары ырдап, бийлегенге да үлгүрөт. Программист бул ийгилигине кантип жеткенин, мыкты программист болуу үчүн эмнелерди эске алыш керектигин айтып берди.
"Ак Шоола" балдар хорунун ар бир баласы өзгөчө кылыктары, кыймылы менен көрүүчүлөрүн суктантып келет. 35 жылдык тарыхы бар топто комуз, скрипка, пианино сабактары өтүлөт. "Ак Шоола" хор искусствосунда классикалык өңүттөн чыгып, театралдык хорду түзө алган топ.
Жетинчи октябрдын түнүндө Бишкекте талоончулук болот деген коркунучтар болгон. Ыктыярдуу элдик кошуун белгисиз адамдар тобу жүргөн көчөлөрдөгү кафе, соода борборлорун курчап, аларга кимдир-бирөөнүн киришине жол берген жок. Кошуун мындан сырткары автоунаалардын номерлерин да текшерип жатышты.
5-октябрдан 6-октябрга оогон түнү Бишкектеги митингдин катышуучулары президенттик аппарат жана парламент жайгашкан имараттын ичине кирип кетишти. Кабарчыбыз митингчилер басып алган Ак үйдүн ичин көрүп чыккан.
Ал өзүн байкоочу катары тааныштырганы менен аймактык шайлоо тилкесинен каттоого турган эмес. Көчмө добуш берүү жараянына катышкандардын айтымында, аталган жаран үйүнөн добуш берген шайлоочулардын көбүн тааный турганы байкалган.
Жогорку Кеңешке аттанган партиялар шайлоо өнөктүгүнө жарым миллиард сомдон ашык каражатты сарпташты. Мынча каражат кайдан келип жатат? Сарпталган акча менен шайлоонун жыйынтыгынын кандай байланышы бар?
Быйылкы окуу жылы 1-класстардан башка окуучулар үчүн онлайн башталды. Ушул күндөрү көптөгөн ата-энелер балдарын аралыктан окутууда дагы деле каржалып жатат.
Азыркы учурда шайлоого аттанган партиянын үгүтчүлөрү элдин добушун алууга аракет кылып, шайлоочуларды №2 форма деп аталган документ менен өздөрүнө ыңгайлуу шайлоо тилкелерине каттаганга аракет кылып жатат. Бирок бул добуш сатып алуу катары да бааланууда.
Блогер Бектур Мамашовдун (Тут Бека) акыркы видеороликтери коомчулукта катуу талкуу жаратты. Айрым блогерлер аны адам укугун бузууну жана үй-бүлөлүк зомбулукту пропагандалап жатат деп сындашты.
«ТикТок» тиркемеси деги эмне жана анын Кыргызстанда колдоонучулары көппү?
Айрым эксперттер англис тилинде сүйлөгөндөр көбөйсө, кеңири маалымат алууга жол ачыларын, бул элдин аң-сезиминин ойготууга, сынчыл ой жүгүртүүгө таасир этерин айтып келишет. Анткен менен Кыргызстанда башталгыч класстан бери окуганына карабай англис тилинде сүйлөгөндөр аз. Эмне үчүн айлап, айрымдар ж
Бир катар саясатчылар шайлоо алдында бир партиядан экинчисине секирип, мандат алуунун айласын издейт. Саясий ишмерлер, партия лидерлери санаалаштарын таштап, такыр башка тарапка өтүп кетиши мүмкүн. Парламенттик шайлоо алдындагы «саясий миграцияга» назар салалы.
Чий согуп, кийиз жасаган 91 жаштагы Калила апа Нарындын Өрнөк айылынан. Бала кезинен кол өнөрчүлүккө жакын апа ушул жашка чейин далай боз үйдүн жасалгасын шөкөттөп берген.
Быйылкы жалпы республикалык тестирлөөгө 43 963 бүтүрүүчү катышып, алардын 53ү эң жогорку балл алды. Анын 67си гана алтын сертифкатка ээ болуп, Кыргызстандын каалаган университетине өтүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Көңүлүңүздү пандемия менен шайлоодон башкага бөлөбүз. Жайдын ысык аптабында үйдө камалып отурган болсоңуз, биздин командага кошулуп тоого саякаттап келиңиз. Бул жылы тоо туризминде эмне жаңылык, биз билбеген кандай кызыктуу жерлер бар?
Кыргызстандагы «Таза Кол» коомдук уюму Токтогул станциясында (ГЭС) суу кескин азайып кеткенин билдирип, бул кышта жарыктын өчүрүлүшүнө алып келерин эскертти.
Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына Кыргызстандын ар кайсы аймагындагы демөөрчүлөр "Тез жардам" автоунаасын сатып берди. Бул иш-чаранын демилгечиси шаар тургуну, жеке ишкер Ибрагим Балтабаев.
UFC мушкери, кыргызстандык Рафаэл Физиев "Азаттык" радиосуна маек куруп, Кыргызстандагы кырдаал, алдыдагы беттештери тууралуу кеп кылды.
Дагы жүктөңүз