Жапон кызы Мэгуми Мацумото кыргыз балетинин ханышасы болууну көздөп, Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында оюн көрсөтүүдө. Бий периштесин Кыргызстанга сүйүү жетелеп келген.
Муратбек Субакожоев Кыргызстан эгемендүүлүктү алган алгачкы жылдарында Теңир-Тоо дубаныда билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип, Нарында бир катар окуу жайлардын, анын ичинде кыргыз-түрк “Сапат” билим берүү мектебинин ачылышына чоң салым кошкондордун бири.
Кыргызстандагы чет элдиктердин арасында ар тараптан өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуп келаткандар бар. "Азаттык+" бул жолку чыгарылышында чет өлкөлүктөрдүн жашоосун чагылдырды.
Кыргызстанда кант диабети менен катталгандардын расмий саны 50 миңден ашуун. Бирок бул ооруну билбей жүргөндөр 200 миңге чукул экенин адистер белгилешет. 14-ноябрь, кант диабети менен күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүнө карата Бишкекте диабетти аныктоочу атайын акция өттү.
10-ноябрда Чүй облусунун Сокулук районунда курулуп жаткан үйдүн плитасы кулап, кошуна үйдүн чатырына түшкөн. Кырсыктын кесепетинен туулган күн белгилеп жаткан беш адам жабыркап, бир аял каза болгон.
“Айылдык сүйлөйт” долбоорунун алкагында айыл жеринде ийгиликке жеткен адамдар менен жаштар Борбор Азиядагы Америка университетинде жолугушту. Анда элет жеринде чоңоюп, ийгилик жараткан онго жакын белгилүү адам өз ийгилик сырларын жаштар менен бөлүштү.
Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү жыйынында 15-октябрдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыяланып, шайлоо өттү деп табылды.
Кыргызстанда шайлоо ырчылар үчүн киреше табуунун булагы экени жашыруун эмес. Президенттикке аттангандарды коштоп жүргөн шоу-бизнес өкүлдөрү талапкерлердин программасына көңүл бурушабы же көбүрөөк киреше табууга умтулушабы? "Азаттык плюс" берүүсүнүн бул жолку чыгарылышы ушул темага арналды.
Кыргызстанда бир айлык жашоонун орточо баасы 4850 сомду түзөт. 8 миң сом айлык алган өрт өчүргүч, театр актеру, бала бакчадагы тарбиячы акчасын кантип жеткирип жашап жатат? "Азаттык+" бул жолу аз маянага карабастан, элге ак дилден кызмат кылып келаткандардын турмушун чагылдырды.
Кыргызстандын китеп сүйүүчүлөрүнө жакында “Эр Жанек” жана “Адамдын турмушу” аттуу эки китеп тартууланды. Китепти бетачарына арналган салтанат өткөн жумада өткорулүп, ага тарыхчылыр, жазуучулар, коомдук ишмерлер катышты. Бетачардын аягында ушул жылдын август айында Эр Жанектин 200 жылдык мааракесин т
Бүгүн Бишкектеги мамлекеттик резиденцияда президент Алмазбек Атамбаев жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай алган мектеп бүтүрүүчүлүрүнө “Алтын сертификат” тапшырды.