"Эже-сиңдилер" телеберүүсүнүн алып баруучусу.
Бишкекте 40 жаштагы липосакция операциясын жасагандан кийин каза тапкан окуя өлкөдөгү сулуулук клиникалары жана косметологиялык салондордогу санитардык талаптар, сапат жана жоопкерчилик маселесин күн тартибине чыгарды. “Эже-сиңдилер” берүүсүндө ушул теманы талкуулайбыз.
Кыргыз медиасында коомдун бүйүрүн кызыткан макала, видеолору менен аты чыгып келаткан иликтөөчү журналист айымдар бар. “Эже-сиңдилерде” иликтөөчү айымдар өз ишинде кабылган тобокелдиктер, алар токтолгон темалар тууралуу кеп кылабыз.
Депутат Шайлообек Атазовдун кыздарды миграцияга ата-энеcинин коштоосу менен же күйөөгө чыккандан кийин гана жиберүү демилгеси "аялдардын укугун чектөө" катары сынга кабылды. “Эже-сиңдилер” берүүсүңдө биз ушул темада сүйлөшөбүз.
Бүгүн "Эже-сиңдилер" берүүсүндө балдардын эмгеги жана ата-эненин жоопкерчилиги тууралуу сүйлөшөбүз.
Түркмөнстан менен Ооганстанда аялдардын келбетине жана күнүмдүк кыймыл-аракеттерине карата коюлган чектөөлөр күч алууда. Бул көрүнүш Кыргызстан үчүн канчалык коркунучтуу жана аялдардын эркиндигин чектөө коркунучтуубу? Ушул теманы "Эже-сиңдилер" талкууга салды.
23-майда АКШнын мамкатчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Дональд Лу Бишкекке келди. Лу мырза "Азаттык" менен болгон маегинде Ооганстандагы кырдаал, Украинадагы согуштун таасири, Кыргызстан - АКШ кызматташтык келишими, кыргыз коомунун өзгөчөлүгү тууралуу суроолорго жооп берди.
Казино, букмекер, тотализатор жана башка кумар оюндарынын торуна түшкөн адамдар, алардын жакындары кандай кыйынчылыктарды баштан өткөрөт? Аларга ким жардам бере алат? Бул тузактан кутулуу жолдору барбы? "Эже-сиңдилер" берүүсү бул ирет ушул теманы талкууга алды.
Өспүрүмдөрдү тарбиялоодо, алар менен мамиле курууда ата-эне канчалык деңгээлде көзөмөл жүргүзүшү керек? Алар менен ишенимдүү мамилени ата-эне кантип курат? "Эже-сиңдилер" берүүсүндө бул ирет ушул суроолорго кайрылдык.
“Эже-сиңдилер" берүүсүндө бул ирет кыргыз коомундагы эркектерге карата болгон басым, дискриминация жана стереотиптер тууралуу талкуу өттү.
Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театры ондоп-түзөөлөрдөн кийин ушул жазда күйөрмандарына эшик ачты. "Эже-сиңдилер" берүүсүндө бул жолу репертуары жаңыланып, жаңы дем менен иштеп жаткан мекеме, биздин жашообуздагы театрдын орду тууралуу кеп курабыз.
Кыргызстанда харассмент же ыдык көрсөтүү, күнүмдүк жашоодо көптөгөн адамдардын жашоосуна таасир тийгизет. Харассменттин кесепеттери эмнеге алып келиши мүмкүн жана аны менен кантип күрөшүү керек? "Эже-сиңдилер" бул жолу ушул теманы талкуулайт.
Кыргызстанда кыз ала качуу өнөкөтү талылуу маселе бойдон калууда. Бир нече ай мурун ишке кирген кодексте ала качууга каршы беренеде да өзгөрүүлөр болгон. “Эже-сиңдилер” берүүсү ушул маселеге арналат.
Кыргызстанда аялдар үй жумуштарына эркектерге караганда үч эсе көп убакыт сарптайт. Үй кожойкелеринин көрүнбөгөн эмгеги жана "үйдө отуруу" деген сөздүн артындагы мээнет тууралуу "Эже-сиңдилер" кеп салды.
“Эже-сиңдилер” берүүсүндө бул жолу майыптыгы бар балдардын укуктары жана аларга болгон коомдун жана мамлекеттин мамилеси тууралуу сөз кылабыз.
Чет жактагы ири IT-корпорацияларына кантип жумушка орношуп, канча кирише тапса болот? "Эже-сиңдилер" берүүсүнүн атайын чыгарылышы.
Балдар ата-энеси же башка жакындары тараптан зомбулукка кабылганда аларды ким коргойт жана балдар кордук көргөнү үчүн ким жооптуу? "Эже-сиңдилер" берүүсүндө ушул теманы талкуулайбыз.
Пандемия дүйнөнү каптагандан бери эки жылдан ашса да, ушул күнгө чейин коронавирус илдетинен үй шартында же салттуу медицина аркылуу дарылануу уланууда. Калктын өзүн-өзү дарылоосу кайдыгерликпи же маалыматтын жетишсиздигин билдиреби?
“Эже-сиңдилер” берүүсүндө аялдардын зомбулукка чыдап жашаганына эмне себеп жана арыз жазылбаган учурда, аялдын укугун ким коргойт деген суроолорго жооп издейбиз.
Иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровго карата кылмыш ишинин козголушу – сөз эркиндигине карата болгон чабуулбу? Алардын жеке жашоосун камтыган материалдарды ким таратып жатат жана мындай мыйзамсыз таратуу үчүн ким жоопко тартылат? "Эже-сиңдилер" ушул суроолорго жооп издей
Кыргызстанда быйыл жаңы төрөлгөн балдардын арасында эң популярдуу аттар Мухаммед жана Салиха болду. Балдарга ысым ыйгарууда ата-энелер эмнеге таянат жана бул тенденция көпкө узарабы?
Дагы жүктөңүз