"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
6-октябрга караган түнү Бишкекте болгон митингде 19 жаштагы жигит катуу жараат алып, ооруканада көз жумган. Полиция менен митингчилердин кагылышынан 590 киши ар түрдүү жараат менен медициналык жардам алып, 439уна биринчи медициналык жардам берилди.
Өлкөдө кыргыз тилдүү бир гана “Нуска” китеп дүкөнү бар. Дүкөндүн текчесинде миңден ашуун китеп тизилип турат. Арасында окуганга жарабай тургандары да бар. Китептердин баасы 30 сомдон башталып 2000 сомго чейин сатылат. Кыргыз китептерин саткан дүкөндүн ачылыш тарыхы жана учурдагы абалы тууралуу видео
“Данисте” берүүсү бул жолу Чүйдүн Кызыл-Туу айылында болду. Ушул тапта айылдагы багбандар малинанын акыркы түшүмдөрүн жыйнап жатат. Айыл эли короосунда, талааларда малина өстүрүп, аны сатып жан багат.
Парламенттик шайлоодо “баарына каршы” добуш берүүгө үндөгөндөр көбөйдү. Коомдо парламентке, дегеле бийликке эмнеге протесттик маанай күчтүү же бул саясий технологиябы?
Мамасалы Ташматов үй-бүлөсү менен сергек жашоону тандаган. Ысык-Көл районунда кесиптик билим алып, тейлөө тармагына кеткендер көбөйдү. Баткендик Акмарал Рахматилла кызы пандемияда өз ишин баштаган. "Данисте" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын сунуш кылабыз.
Бишкек, Ош жана Нарын шаарында курулуп жаткан ооруканалар өз убагында бүтпөй калды.
Кеминдеги жол боюндагы үй-бүлөлүк бизнестин таржымалы. Кыргыз-Кыштак айылында суу жетпей эгиндер куурап, бактар соолуп жатат. Ысык жерди, бак-шактуу үйлөрдү эңсеген памирлик кыргыздар. Токсондон ашкан апанын мастер классы. "Данисте" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын сунуш кылабыз
3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын парламенттик шайлоого катышуусуна уруксат берген жок.
1-сентябрда Жогорку сот Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) «Кыргызстан» партиясы боюнча Бишкектин административдик сотунун чечимине каршы кассациялык арызын карап, күчүндө калтырды. Чечим дароо күчүнө кирет, үстүнөн арызданууга болбойт.
Ала-Тоо аянтында Эгемендик майрамына карата иш-чара онлайн форматта өттү. Ага ыктыярчылар, дарыгерлер жана бийлик өкүлдөрү катышты. Иш-чарада президент Сооронбай Жээнбеков пандемия учурунда элге жардам бергендерге ыраазычылыгын билдирди.
Дүйнөнү каптаган коронавирус кризиси Кыргызстанда да минден ашуун адамдын өмүрүн алып кетти. Бул кайгылуу сан артында кимдир бирөөнүн эң жакын адамы, анын тагдыры, жашоосу, жасаган иши, кыялы бар. Биз бүгүн коронавирустун курмандыгы болгон замандаштарыбызды эскеребиз.
Сахалиндик кыргыздардын универсалдуу борбору. Шарты оор Чүйдөгү "Тез жардамы". Жабык чек арада кыйналган нарындык балчылар. Ички туризмге багыт алган баткендик элеттиктер.
Кыргызстанда 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого даярдык кызыды. Партиялар 20-августка чейин курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин тактады. Шайлоо, партиялар жана алардын талапкерлери тууралуу карапайым элдин ою кандай? «Азаттыктын» кабарчылары аймактардын тургундарына микрофон сунушту.
19-августта «Реформа» саясий партиясы шайлоо алдындагы жыйынын ачык асман алдында өткөрдү. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин аныктап, программасын жарыялады.
2010-жылкы апрель окуясында окко учкан эр-азаматтардын түбөлүк элесин жараткан кыл калемчи.
Чүй райондук «Тез жардам» кызматында 17 киши эмгектенет. Карамагында үч унаа болгону менен адистердин жетишпегенине байланыштуу бир эле бригада кызматта.
Кыргызстанда быйыл мамлекеттин эсебинен китеп басып чыгарууга 16 миллион сом бөлүнүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады. Кайсы жанрдагы китептер чыгат? Элдин талабы, учурдагы окурмандын табити бул каражатты сарптоодо эске алынабы?
Саясий жарыштын алдында саясий бийлик, партиялар жана шайлоочулар кайсы жагдайларга көңүл бурушу керек?
Кара-Суу районундагы Тогуз-Булак айылынын сегиз тургуну күйдүргү (сибирь жарасы) жуккан деп ооруканага түшүп, алардын биринен илдет аныкталды. Айыл 18-августка чейин карантинге алынып, мал-жандыктар көзөмөлдөнүп, союуга тыюу салынды.
Бейтаптардын өмүрүн сактап, күндүр-түндүр бел чечпей эмгектенип жаткан дарыгерлердин таржымалы. Илдет курчуган кезде бир күндө 40тан ашуун бейтапты тейлеген көлдүк ардаргер фельдшер. Орусиядагы ишин таштап мекенине келип элеттик эмканада иштеп жаткан микрохирург.
Дагы жүктөңүз