"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Пандемиянын айынан чек аралар жабылып, аба каттамдары токтоп, мекенине кете албай калган чет өлкөлүктөр да бар. Алардын басымдуу бөлүгү студенттер. Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда 9 миңге жакын индиялык студент билим алат. Алардын бири Жей Бишкекте аялы Аида менен жашайт. Медициналык билим алып
Карантин маалында Бишкектеги турфирмалардын 17% жабылып калды. Ысык-Көлдүн жалгыз аял-ветеринары. Беш жылдан бери токтоп турган Жалал-Абад ун комбинаты ишке кирди. Камыш согуп киреше тапкан элеттиктер. Шырдакты дүйнөнүн кыйырына чейин тааныткысы келген уздар.
100 миңге жакын адам эмгектенген “Дордой” базары жандана баштады. Азырынча фурнитура, кездеме саткандар толук жумушка чыкты. Ал эми дүңүнөн соода кылгандар базарга эки саатка келип жатышат. “Дордой” 21-майдан тарта толук иштей баштайт. Сатуучулардын айтымында, чек аралар ачылбаса соода жакшы жүрбө
Жабык “Дордой” миңдеген адамдын турмушуна таасир этти. Айрыкча базарды ыктап жашаган конуштарда жашагандардын айласы куруду. "Азаттык" Эл акыны Элмирбек Иманалиевдин керээзин кантип аткарды?
«Азаттыктын» кабарчысы, акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматов менен коштошуу зыйнаты бүгүн өзүнүн үйүндө өттү. Маркумдун сөөгү бүгүн 1-майда Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилет.
Нарында коронавирус жугузгандар 95ке жетти. Анын көбү Ат-Башы районунда. Учурда COVID-19 илдети тез жайылып жаткан аймактардын катарын толуктоодо. Ушундан улам бул аймакта өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылды. Облустук бийликтин айтымында, вирус Ат-Башыга эки дааватчыдан жайылып башталган.
Онлайн окутуудан жана телесабактардан куру калган жүздөгөн окуучулар. Оорулуу адамдарды тууганындай дарылаган атбашылык мээрбан эже. Карантинде Олимпиадага даярданган кыргызстандык спортчулар. Ысык-Көлдүн жээгинде көбөйгөн ак куулар экологдордун көзөмөлүндө.
Автобус күткөн жана велосипед менен жумушка келген дарыгерлер. Футбол чебери болгусу келген окуучу кыз Толгонай. Күнөскана курган баткендик фермер. Дүкөндө коронавирустан коркпой жөөлөшкөн эл. Ушул баяндар “Данисте” тележурналынын бул жолку чыгарылышында.
Кырчындай жүзгө жакын жигиттин өмүрү кыйылып, Ак үй алды канга боёлгон Апрель революциясына 10 жыл болду.
Эпидемиологиялык абалга байланыштуу Жалал-Абад, Ош облустарына дарыгерлердин экинчи тобу Бишкектен жөнөп кетти. Нарындык аялдар каражат чогултуп өз ишканасын ачышты. Чүйдөгү дунган эли отурукташкан айыл турмушу. “Данисте” телеберүүсүнүн кезектеги чыгарылышын ушул баяндар түздү.
Кыргызстандык тарыхчылардын божомолу боюнча репрессия курмандыгы болгон адамдардын саны 40 миңден 100 миңге чейин деп айтылып жүрөт. Саясий куугунтуктан жок кылынгандарды актоо иштери социализм кулагандан кийин күчөп, 1994-жылы «Саясий жана диний ишеними үчүн куугу
Репрессияга кабылгандарды актоо боюнча жаңы мыйзам долбоорунун саясий, тарыхый мааниси. Өзгөчө кырдаалда жашай баштаган Кыргызстан. 83 жашында такси айдаган сузактык Кадыр карыя. “Данисте” телеберүүсүнүн кезектеги чыгарылышн сунуш кылабыз.
Дунган элинде кыздарды үй турмушуна кичине кезинен даярдашат. Кыз-келиндердин көбү улуттук тамак-ашты мыкты жасап, сатып акча табат.
Кыргыз өкмөтү азык-түлүккө бааларды жөнсүз көтөргөн соодагерлер кылмыш жоообуна тартыларын эскертти. Шал оорулуу балдарга үмүт берген жаш дарыгер. Жаш театр артисттери кандай турмушта жашайт? Ушундай баяндар “Данисте” телеберүүсүнүн мазмунун түздү.
Кыргызстанда медиа тармагындагы реформаларды колдоого багытталган «Медиа Диалог» аттуу долбоор башталды. 12-мартта долбоордун башталышы боюнча иш-чарага эл аралык уюмдардын, өкмөттүн, парламенттин, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер катышты. Анын жүрүшүндө Кыргызстандагы соңку окуялар бо
Бүгүн, 10-мартта Бишкекте 8-марттагы аялдардын жүрүшүндөгү окуяга нааразы болгон жүздөгөн киши акция уюштурушту.
Майлуу-Суу лампа заводу токтоп калуу коркунучуна кептелди. Тигүү бизнесин бутуна тургузган Жайна Раева. Тиричилиги устаканага байланган Өзгөндөгү көп балалуу үй-бүлө.
«Азаттык» радиосу окурмандар арасында жарыялаган «Мен коррупцияга каршымын!» аттуу сынагынын жеңүүчүлөрүн аныктады.
Коронавирусту жуктуруп албоонун жолдорун жалпак тил менен түшүндүрүп беребиз. Ат-Башыдагы кооптуу имаратта тарбияланып жаткан наристелер. Германияда иштеп жүргөн окумуштуу мекендешибиздин баяны. "Данисте" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын сунуш кылабыз.
26 жаштагы кыргызстандык эркин күрөш балбаны Арсалан Будажапов өткөн аптада Индияда өткөн Азия чемпионатында алтын медаль тагынды. Будажаповдун атасы бурят, апасы кыргыз кызы. Ал былтыр апасынын өтүнүчү менен келип, кыргыз жарандыгын алып, мелдештерге Кыргызстандын атынан күрөшө баштаган.
Дагы жүктөңүз