"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
«РухЭш» сайты Ишенбай Абдразаков атындагы «Улут үлгүсү» жана Салижан Жигитов атындагы «Улут абийири» сыйлыктарын тапшырды. Бул жолу сыйлыктарга окумуштуу, коомдук ишмер Роза Айтматова жана «Полис Азия» талдоо борборунун жетекчиси Элмира Ногойбаева татыктуу болушту.
Бишкектин Октябрь райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновду жети жылга кесип, 1600 эсептик көрсөткүчтө (160 миң сомдун тегереги) айып пул салуу менен үй-мүлкү конфискацияланды. Өкүм 30-октябрда чыкты.
Италиянын Сардиния аралындагы кыргыздардын жашоосу. Бычак жасаган оштук уста. Кыргыз коомунун азыркы жүзүн ачкан спектакль. Таштандынын азабынан нараазылыкка чыккан айыл эли.
Билимге умтулган шаардык жана айылдык окуучулардын башын бириктирген кызыктуу долбоор. Жалал-Абаддын Сузак айылында ардагерлер үчүн атайын өнөркана борбору ишке кирди. Орусияда иштеген "Эмгек мигранттарынын кесиптик кошуундар бирикмеси" Баткенде түзүлүп, алгачкы курултайын өткөрдү.
Бийди жактырган балдар үчүн атайын мектеп ачкан токтогулдук Наргиза Мундузбаева. Башына түшкөн оор кыйынчылыкты кайраты менен жеңип чыккан модел Ангелина Гаранина. Мезгил тарыхын жазган чыгаан журналист Султан Жумагуловду эскерген кесиптештери.
Бишкекте «Франчайзинг жана соода-сатык ЭКСПО» деген аталышта эл аралык көргөзмө өтүп жатат. Аны АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен Жаш ишкерлер ассоциациясы уюштурууда. Иш чарада Америка жана Европа өлкөлөрүнөн келген дүйнөлүк компаниядар кыргызстандык ишкерлерге өз өндурүмдөрүн тарту
Кочкордо турак жайы жок үй-бүлөгө коомчулук там сатып берди. Жалал-Абад шаарында Орусияда иштеген мигранттар жакындары жок балдар жана жалгыз бой энелер үчүн үй кура баштады. Нарында кыргыз тилин айылда апалардан үйрөнгөн якут келин. Кыргыз балдар үчүн миллион китеп чыгарганы жаткан америкалык уюм.
Бишкекте “Кыргыз таануу маселелери: байыркы доордон азыркы мезгилге чейин” деген темада эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын болуп өттү.
Ооганстандын Памириндеги кыргыздар урпактарынын келечеги туңгуюкка кептелип баратканына кабатыр. Ооган кыргыздарынын жашоосун, тарыхын беш жылдан бери изилдеген швейцариялык антрополог Тобиас Маршаллдын баянын сунуштайбыз.
Элүү жаштагы Советбек Бейшебеков баласын жалгыз чоңойтуп келет. Анткени аялы баласы эки айлык кезинде Орусияга кеткен. Кээде курулуштагы ишине баласын көтөрүп алып барган ата бир жаштан өткөн уулуна татыктуу тарбия берүүнү самайт.
2020-жылдын соңуна чейин балдар үчүн бир миллиондон ашык китеп тапшырылат. ЮСАИД уюму каржылаган долбоор башталгыч класстын окуучулары үчүн китептерди басып чыгарууда.
“Данисте” көрсөтүүсү ар дүйшөмбү Кыргызстандын булуң-бурчунан окуяларды, кызыктуу репортаждарды жана данектүү адамдар тууралуу видео баяндарды сунуштайт.
Кой-Таш окуясына байланыштуу күч органдарынын жетекчилерин жоопко тартууну талап кылып арыздангандар Аскер прокуратурасында сурак беришти. Алар 22-сентябрь, дем алыш күнгө карабай бир нече сааттан суралышканын, тергөөчүлөр басым-кысым кылып жатканын айтып арызданышты.
7-8-августта Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйыны өттү. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, президенттин иш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Турусбек Коёналиев, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев чакырылган.
Баткенде куралдуу жаңжалдан качкан элдин абалы. Нарында талаада жалданып иштеп, алты баласын баккан эне. Жалал-Абаддагы зордук-зомбулукка кабылган аялдарга жана балдарга психологиялык колдоо көрсөткөн борбор. Москвада ашлям-фу ашканасын ачкан жубайлар.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Сары-Чат - Ээр-Таш» мамлекеттик коругуна кирген 16 миң гектар жер «Кумтөр» долбооруна кен казууга берилип кеткени тууралуу маалыматты четке какты.
Баш калаада эки кишини катуу сабады деген шек менен кармалган Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков иш боюнча көрсөтмө берүүдөн баш тартууда. Ал эми жабырлануучунлардын жакындары соттон адилеттүү чечим талап кылышууда. Учурда алар милициянын тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.
Бишкек шаарынын Жал кичирайонундагы жапырт мушташта жабыр тарткандардын жакындары нааразылык акциясына чыгып, окуяга күнөөлүүлөрдү тез арада кармап, жазага тартууну талап кылышты. Андан соң Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы жабыр тарткандардын жакындары менен жолугушуу өткөрдү.
Үй-бүлөсүн баккан өспүрүмдөр үчүн күндүзү окуп, түнү иштеген сезон башталды. Кадамжайда узундугу 7 миң 300 метрлик жаңы суу канал курулуп жатат. Чет жакта белгиленген эгемендик майрамы. Жыргалаңда жыргап эс алган туристтер.
Аалам менен эски кайык аркылуу байланышкан Кызыл-Бейит айылындагы баёо турмуш. Катмандуда Кыргызстандын волейбол курамасы, Челябинскиде эки кыргыз мушкери чемпион аталды.
Дагы жүктөңүз