"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Кыргызстандыктарды тазалык, тартипке чакырган жаңы мыйзамдар коомдо кызуу талкууланып жаткан кез. Негизинен кеп айып акынын көлөмү гана турасында болуп, тартип үчүн жеке жоопкерчилик, эрежени сактоо жагына көңүл бурган киши жок.
Айтматовдун “Ак кеме” повестиндеги Момун чалдын чыныгы турмуштагы үйү кароосуз калып, урай баштады. Берлинде дары-дармектерди тескеген ири компанияда иштеген кыргызстандык Назгүл Жаманкулованын таржымалы. Таэквондо аркылуу дүйнөнү багынткысы келген эне ким?
Темир тор артында наристелери менен жазасын өтөп жаткан энелердин тагдыры, үмүтү, санаасы, арманы. “Данистенин” бул жолку чыгарылышында энелери менен бирге абакта чоңоюп жаткан айыпсыз наристелердин темир тор артындагы жашоосун көрсөтөбүз.
"Азаттык" жыл ичи жүздөгөн адамдын пикирин угуп, ондогон адамдын тагдырын, жаратмандыгын, эрктүүлүгүн, өнөрүн тасма аркылуу сизге сунуштады. Айрым каармандардын жашоосу, көз карашы, максаты жакшы жакка өзгөрдү деген ойдобуз. "Данистенин" майрамдык чыгарылышында алардын айрымдарынын азыркы жашоосуна
2018-жылы Жогорку Кеңештин дарегине сын көп айтылды. Айрым бир депутаттардын демилге-сунуштары кызуу талкуу жаратты. "Азаттык" буга байланыштуу депутаттардын өздөрүнүн пикирине кызыкты.
Кеминдик улакчы Андрейдин кыялы. Кадамжайдагы урап бараткан үйдөгү үрөй учурган жашоо. Түркияда кыргыз радиосун түптөгөн мекендеш. Ушул баяндар бул жолку “Данисте” топтомунун мазмунун түздү.
Жогорку Кеңештин 20-декабрдагы жалпы жыйынында Асел Кодуранованы вице-спикерлик кызматтан алуу депутаттардын талаш-тартышы менен коштолду. Жыйынтыгында электрондук жабык добуш берүү болуп, Кодуранованы төраганын орун басарлыгынан алууну 92 депутат колдоп, 19у каршы болду.
Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча 19-декабрда басма сөз жыйынын өткөрдү. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы бүгүнкү жыйынга жергиликтүү жана эл аралык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышып, суроо беришти.
Бишкек четиндеги жаңы конуштарда мектеп маселеси чегине жетти. Жалаң кыз-келиндерди ташыган такси кызматы. Адабиятты аздектеген үй-бүлө. "Делбиримден" дүйнөгө таанылган түрк актрисасы.
Алмазбек Асанбаев – Кыргызстан эгемендик алгандан кийин биринчилерден болуп чет өлкөгө билим алууга жөнөтүлгөн мекендештерибиздин бири. Ал 1992-жылы Түркияга окууга тапшырып, аны ийгиликтүү аяктап, бүгүнкү күндө Анкарадагы ТRТ телеканалынын "Түркия үнү" радиосунун кыргыз кызматын башкарууда.
Ош базарындагы көчөлөрдүн боюнда соода кылган соодагерлер жергиликтүү акимиаттын жана милиция кызматкерлеринин иш-аракеттерине нааразы болууда. Алардын айтымында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү көп жылдан бери соода орундары үчүн негизсиз акча чогултуп келет. Акимиаттын өкүлдөрү мындай айыптоолорду четк
11-декабрь Эл аралык тоо күнү. Кезинде Кыргызстан Улуттар Уюму тарабынан 2002-жылдын Эл аралык тоо жылы деп жарыяланышына демилгечи болгон.
Нарында бир айылдын көчөсүн тургундар сахнага айландырышты. Жалал-Абаддагы абакта мөөнөтү бүтүп жаткандар кесипке үйрөнүп, психологдон жардам ала баштады. Бишкекте арабада отургандар үчүн атайын бий студиясы иштей баштады. Ушул жана башка баяндар “Данисте” телетоптомунун мазмунун түздү.
Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечимди анын бөгөт чарасын караган Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Кайыпов кабыл алды.
“Азаттык” радиосунун залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталып, сыйлыктар тапшырылды. "Мен билген Айтматов" аттуу сынактын сыйлыгын тапшыруу аземи бүгүн, 6-декабрда “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинде болду.
Оор тагдырына чөкпөй, алдына катар-катар максат койгон эрки күчтүү Эрлан. Кытайдагы камоолорго туш болгон жүздөгөн боордоштордун туугандары кыргыз бийлигине ачык кайрылышты.
“Данисте” телеберүүсүндө Улуу Жибек жолунун таасири алдында түптөлгөн байыркы шаарлардын бизге жеткен тарых-таржымалы тууралуу тасманы сунуш кылабыз. Анда соода кербендердин тоо, талаадан өткөн жолун бойлото туруктуу эли менен түптөлгөн шаарлардын изин иликтейбиз.
"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров бүгүн, 21-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан басма сөз жыйынында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин акыркы айткандары тууралуу комментарий берди. Ал мурдагы президенттин билдирүүлөрүн "кечиккен өкүнүч" деп баалады.
Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңеште басма сөз жыйынын өткөрүштү. Алар партиянын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароону өтүнүп, президентке кайрылуу кабыл алышты.
2018-жылы 22-июлда “Азаттыктын” иликтөөчү журналисти Улан Эгизбаев капилеттен каза тапкан. 28 жашында өмүрү кыйылган чыгаан кесиптешибиздин элесин эскерип, анын акыркы видео баянын сунуш кылабыз.
Дагы жүктөңүз