"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Баткендеги темирге жан салган уста. Нарында окуучуларды китепке кызыктырган активист. Бишкектин четинде жупуну батирде комуз чапкан ата жана башка баяндар бүгүнкү “Данисте” видео топтомуна кирди.
26-майда Бишкек шаарында Европа Биримдиги "Европа айылы" аттуу жармаңке уюштурду. Бул иш-чарага келген коноктор Европа өлкөлөрүнүн маданияты, ашканасы, салт-санаасы менен таанышып, жогорку окуу жайлары тууралуу маалымат алышты.
Бишкекте Кыргызстандагы журналисттердин республикалык конференциясы болуп өттү. Анда сөз эркиндигинин абалы, өлкөдөгү Жалпыга маалымдоо каражаттарынын этикалык жоопкерчилиги, алардын үстүнө келип түшкөн даттанууларды караган комиссиясынын ишмердүүлүгү талкууга алынды.
Кыргыз академиялык улуттук драма театрында түрк драматургу Тунжер Жюженоглунун "Бейтааныш" психологиялык спектакли коюлду. Интерактивдүү нукта даярдалган оюн оорукананын палатасында өтүп, окуяга көрүүчүлөр да катышты. Театр күйөрмандары спектаклде режиссердун жаңыча чечими оюндун кызыгын арттырып, ү
Билим берүү жана илим министринин буйругуна ылайык, бүгүн Кыргызстандагы бардык мектептерде окуу жыйынтыкталып, “Акыркы коңгуроо” салтанаттары өттү.
Бүгүн, 23-майда парламентте Жогорку соттун судьялыгына көрсөтүлгөн талапкерлерди тандоо маселеси каралды.Президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев талапкер катары Ирина Воронцованын, Дамира Орозованын, Кыдык Жунушбаевдин, Нургүл Бакированын, Айдарбек Алымкуловдун атын атаган.
Нарындагы алыс жолдун азабын тарткан окуучулар. Аракечтикти жакшы мамиле менен айыктырган борбор. Анталияда бөйрөк дартына чалдыккан мигрант кыз. Французча спектакль ойногон кыргыз актерлору. Кыргызстандагы орус-казактарынын жашоосу.
Жогорку Кеңеш Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун негиз кылып токтом кабыл алды.
Өнөрү менен өкүттү жеңген каракөлдүк мугалим. Футбол ойноп эс алган баткендик кыз-келиндер. Чүйдө элден арзан алынып, дүкөндө кымбат сатылган сүт. Орусияга барып сатирасы менен атагы чыккан бишкектик келин. Жол кырсыгына каршы жаңы технология сунуштаган окуучулар. Кыргызстандык еврейлер. Ушул тема
Кыргызстандык Назгүл Аилчинова Орусиянын ТНТ каналындагы "Comedy баттл" берүүсүнө катышып, жарым финалына өттү. Назгүл Аилчинова Бишкектеги стендаперлер арасындагы жалгыз аял, үч баланын энеси. Ал "Comedy баттл" күйөөсү, балдары, үй оокаты, аял түйшүгү тууралуу тамаша жазып, юмор ышкыбоздоруна тарту
Жогорку Кеңеш Бишкектин Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулады.
Жер-жерлерде бүгүн Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы белгиленди. Бишкектеги Жеңиш аянтындагы митинг-реквиемге президент Сооронбай Жээнбеков баштаган өлкө жетекчилери катышты. Салтка айланып бараткан “Өлбөс полк” акциясы да өттү.
Кайрымдуулук кылган ноокендик согуш ардагери, эл ташыган нарындык мугалим, отуз жылдан бери базарда ырдап үй-бүлөсүн баккан майып, эне тилин унуткан кыргызстандык немистер, эл кыдырган ырчылар. Ушул жана башка баяндарды “Данисте” телетоптомунан көрүңүз.
Профессионалдык рингде бир да жолу жеңиле элек мекендешибиз Акжол Сулайманбек уулу WBA ASIA чемпиону болду. Баткенде “Айгүл Тоо” коругундагы 20 гектар жерге тигилген бак сугарылбай куурап калды. Төө менен бизнес кылган тоңдук чарбагер. Ушул жана башка баяндар “Данистенин” жаңы топтомунда.
"Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" телеберүүсү Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгындагы ажылык зыяратты уюштуруу, битир-садага бөлүштүрүү иштерин иликтеди. Буга чейин “Кыргызстан элинин абийирин жана ар-намысын коргоо комитети” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү аталган мекеме менен муфтий Максатбек а
Акыркы учурда Бишкекте китеп сүйүүчүлөр клубу түзүлө баштады. Аларга барган ар кандай кесиптеги жаштар түрдүү темадагы китептерди окуп, талкуулашат. Китеп окуунун мындай үлгүсү жаштардын китепке, авторлорго болгон кызыгуусун арттырат.
“Данисте” телепрограммасынын бул жолку темалары: Жашоосун балдарсыз элестете албаган Чыңгыз Тукуевдин билимге умтулуусу жана сүйгөн кесиби менен тагдырындагы кыйынчылыктарды жеңип чыкты, Стамбул шаарына келген туристтерди коштоп, киреше тапкан студент Айдай Добулбекова, Баткендеги диниятчылар жаштар
Бүгүн Жогорку Кеңештеги азчылыкты түзгөн "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Республика - Ата Журт" фракциялары өкмөттүн бир жылдык отчетун угуп чыгышты.
Беш тилде эркин сүйлөгөн, тайбокс менен машыккан Айбийкенин Таиланддагы жеңиши, америкалык ырчы Жина Чавездин Аравандагы концерти, чет элдиктер сүйүп жеген Бишкек лагманы жана башка баяндар “Данисте” телетоптомуна кирди.
Дагы жүктөңүз