"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Жума күнү Бишкекте Өзбекстанда чыккан товарлардын жарманкеси ачылды. Ага катышуу үчүн Өзбекстандын ар кайсы аймактарынан 200дөн ашуун ишкана келген. Көргөзмөдө азык-түлүк, жумшак оюнчуктардан тарта идиш-аяк, үй эмеректерине чейинки миң түркүн буюмдар сатыкка коюлду. Маданий иш-чара эки мамлекет през
Өзүнүн оорулуу экенине карабастан, кыздарга үлгү болгусу келип, майып кыздарды колдоого чакырган эрки күчтүү Гүлмайрам, Москвадагы кыргыз балдары окуган лицей, анжир бактарын асыроо түйшүгү, эксперименттен коркпогон баткендик дыйкандар жана башка видео баяндар “Данистенин” бул жолку топтомуна кирди
Обондуу ырдын мазмунун дүлөйлөргө кыймыл менен түшүндүргөн окуучу, Ат-Башыда урап бараткан мектепке тобокел деп окуп жаткан балдар, ачылгандан бери күн-түн дебей иштеп жаткан Оштогу кыргыз-өзбек “Достук” чек ара бекети, Жалал-Абаддагы медреседе ашпозчулук боюнча билим алып жаткан кыздар жана башка б
Германия музейине берилген беш канат боз үй, Чолпон-Атадагы ат оюндары, Бишкектеги эпостор фестивалы, Стамбулдагы кыргыз мейманканасы, Сары-Челек коругунун азыркы абалы жана кыргыз-казак айтышынын байге ээлери тууралуу “Данисте” тележурналынан көрүңүз.
Москва шаарында жүз-эки жүз метрдей бийиктикте курулуш кранын башкарган кыргызстандык Зарина, бөлмөлөрү бөтөн уюмдарга ижарага берилген Оштогу майып балдардын эмканасынын абалы, Баткендин айылдарында түрдүү жумуштарда жалданып иштеген тажикстандык кыз-келиндер, Таласта карылар жана майыптар үйүнө би
Таласта Абдумалик Ахматов өз үйүн аутизм жана Даун синдрому менен жабыркаган балдар үчүн реабилитациялык борборго айландырды. Швейцарияда дарыгерлик кылган журтташыбыз Асан Кочкоровдун демилгеси менен Баткен шаарына ачылган көз оорулар үчүн эмкана ачылды. Орус классик адабиятчыларынын эмгегин 13 жаш
Эсиңиздеби, “Азаттык” майып энесин жана бир тууган инисин багуу үчүн эртеден кечке базарда желим баштык чогултуп иштеген Айчүрөк аттуу кыз тууралуу баян жазып, кийинчерээк бул үй-бүлөгө дүйнөнүн төрт бурчунан жардам бергендер чыккан. Учурда Айчүрөктүн үй-бүлөсүн камкордукка алган уюм каржылоосун ток
Бул берүүнү чет жактагы журтташтарга арнадык. Түркиядагы, Украинадагы, Орусиядагы жана Тажикстандын Бадахшан аймагындагы кыргыздардын жашоосун жана ийгилигин чогуу көрөлү.
Учурда камакта жаткан, президенттикке талапкер болууга арыз берген саясатчыларды "Кыргызтесттен" өткөрүү маселесин юристтер, эксперттер, укук коргоочулар талкуулашты. Бул жыйын БШКнын үч мүчөсүнүн демилгеси менне өттү
Маловодное айылынын тургундары, жубайлар Иса Өмүракунов менен Таалайкүл Арзыматова сегиз жылдан бери кароосуз калган балдарды өз үйүндө тарбиялап келет. Учурда 27 баланы багып жатышат. Мындан сырткары барар жери жок же күйөөсү менен ажырашып, кыйын абалга кептелген энелерге да өз үйүнөн орун берет.
Элеттеги окуучулар иштеткен радиотүйүн. Беш баласына кошуп 22 баланы асырап алган боорукер үй-бүлө. Чычкан капчыгайына чакан ГЭС куруп, эко-эс алуу жайын түптөгөн ишкердин жаратмандыгы. Ушул жана башка баяндар "Данистенин" кезектеги берүүсүнүн назарында.
Жалгас Садыр уулу 20 жашта. Жакында эле Казакстанда өткөн жаш төкмө акындар айтышында экинчи орунду ээледи. Аны көпчүлүк казак уулу деп ойлошот. Бирок, Жалгастын улуту кыргыз, азан чакырылган аты Улан.
Сузакта кооптуу жерден көчүрүлүп чыккандар дагы эле жарыксыз, суусуз отурушат, элден чыккан археолог, Кыргызстанда кино тарткан кыз-келиндер жана талаага коё берилген эчкемер. Кеңири баяндарды "Данистеден" көрүңүз.
Кара жумушта жүрүп, кийин бизнес ачкан чет жердеги ишкер журтташтардын ийгилиги, чек арадагы жаңжалдарды азайтууга себеп болгон жарык көчөлөр, "Айкөл Манас" драмасы өзбек театрына алып келген миллион сомдук жардам. "Данистенин" бул жолку чыгарылышында ушул жана башка баяндар тууралуу сөз болот.
Бишкекте “Назиктин күчү жана көркөм өнөрдүн катаалдыгы. Аялдар Кыргызстандын киносунда” аттуу киноальбомдун бет ачары өттү. Китепте кыргыз жана совет киносунун легендасы Динара Асановадан тартып бүгүнкү күндө ата-мекендик кинематографияда иштеп жаткан кыз-келиндердин бейнеси сунушталган.
Бул жолу “Данистенин” назарына Ноокендеги жарыксыз айылдын, Өзгөндөгү ылай суу ичкен кыштактын турмушу, каражаты жоктугунан кызын борборго дарылатууга алып бара албай жүргөн тогузторолук жалгыз бой эненин арманы түштү.
15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого талапкерлерин сүрөгөн саясий партиялардын ичинен "Ак шумкар" партиясы курултайын биринчилерден болуп өткөрүп, өз лидери Темир Сариевди президенттик жарышка расмий аттандырды.
52 жаштагы Доробшо Хушвахтов үй-бүлөсү менен Кыргызстанда үч жылдан бери жашап жатат.
Нуршат Абабакиров ЮНИСЕФ балдар уюмунун "Супер ата" долбоорунун катышуучусу. Эки баласы бар. Нуршат балдарын кичинекейинен спортко кызыктырып, үч тилди үйрөтүп, үчөөндө тең эркин сүйлөөгө тарбиялап жатат.
"Данисте" телеберүүсүнүн жаңы чыгаралышында Тоолуу-Бадахшандагы жалгыз мейманкананы иштеткен кыргыз жигити, өлүм алдында жаткан наристелерге кам көргөн өлкөдөгү жалгыз хоспис, Ак-Талаадагы чатырда экзамен тапшырган бүтүрүүчүлөр жана башка баяндарды сунуштайбыз.
Дагы жүктөңүз