"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
"Элдик парламенттин" бүгүнкүгө белгиленген митингинин өтпөй калышына уюмдун лидерлерин Улуттук коопсуздук комитети камап койгону жана калгандарын улам суракка чакырып жаткан себеп болду. Бул тууралуу Бишкектин Жеңиш аянтында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып уюмдун өкүлү Расул Умбеталиев
Кино режиссерлордун арасында жыл сайын өтө турган улуттук “Ак илбирс” киносыйлыгынын бешинчи фестивалы соңуна чыкты. Тасмаларды кабыл алуу 31-мартта соңуна чыгып, келип түшкөн тасмалар калыстар тобунун элегине түшкөн. Сыйлык ээлери 13-майда аныкталды. “Ак илбирс” улуттук кино сыйлыгы былтыртан бери
“Элдик парламент” кыймылынын лидерлеринин бири, камакка алынган Бекболот Талгарбековдун үйүндө 12-майда “УКМКнын тергөөчүлөрүбүз” деген беш киши тинтүү жүргүзгөн. Аталган органдын басма сөз кызматы тинтүү козголгон кылмыш ишинин негизинде мыйзамдуу жүргүзүлгөнүн “Азаттыкка” билдирди.
7-майда түрмөдөн чыккан Бишкек шаарынын мурунку мэри, экс-депутат Нариман Түлеев абактан бошошу жана башка бир катар суроолор боюнча билдирүү жасады. Түлеевдин сөзү боюнча, ал мамлекетке 61 млн сом төлөгөнүн жана кызынан пара талап кылган деп камалган президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Дания
Улуу ата мекендик согуштун ардагери, 91 жаштагы Владимир Ильич Бабуркин Бишкек шаарынын ичинде өз машинеси менен жүргүнчү ташыйт. Таксисттик иш бир жагынан эрмек, экинчи жагынан байбичеси экөөнүн кем-карчын толуктап келаткан ардагер-карыя менен таанышып, жашоо-тиричилигин көрүп келдик.
Бириккен Улуттар Уюмунун Аткаруу кеңешинин жана агенттиктеринин өкүлдөрү Кыргызстандын аймагын кыдырууда. Улуттар уюмунун ар кыл агенттиктеринде эмгектенген толук жана ыйгарым укуктуу элчилер, дипломатиялык кызматкерлер Кыргызстанга 2-майда келген.
Кыргыз драма театрында Индостандын элдик эпосу “Махабхарата”нын негизинде драмалашкан “Улуу Бхарата урпактары” спектакли жүрүп жатат. Бир нече том жыйнактардан турган, узак тарыхы бар эпостун өзөк окуясынын негизинде коюлган спектаклде бир тамырдан тараган адамдар ортосундагы көралбастык, зулумдук,
Бүгүн Бишкекте дүйнөлүк басма сөз күнүнө карата журналисттердин тилектештик акциясы өттү. Ага катышкан массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү борбор калаадагы Журналисттер аллеясына 50 түп карагай көчөтүн отургузушту. Ошондой эле журналисттердин кесиптик тилектештигин бекемдөө жаатында пикир алма
Чүйдүн Петровка айылындагы 11-класстын окуучусунун өлүмүн укук коргоочулар мектептеги зомбулуктан көрүп жатышат.
Сокулук районунун Жаңы-Жер аймагындагы №19 абакта өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн курулган биринчи корпус бүгүндөн тарта ишке киргизилди. Бул жайда оор кылмыш менен өмүрүнүн аягына чейин кесилгендер гана кармалат. Бир камерада экиден жана төрттөн адам кармала турганы айтылууда. Түрмөнү курууда
Баш калаанын негизги атрибуттарынын бири - борбордук чоң саатта эми комуз менен ооз комуздун ыргактары жаңырып турат.
Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынында социал-демократтардын лидери Чыныбай Турсунбеков спикер болуп шайланды. Анын талапкерлигин жыйынга катышкан 120 депутаттын 88и колдошту. Атаандашы Исхак Масалиев 26 добуш алды.
"Роза Отунбаеванын демилгелери" фонду төртүнчү ирет уюштуруп жаткан иш-чара “Терең билим - кенен келечек!” ураанынын астында өттү. Анын алкагында билим берүүдөгү кызмат көрсөтүүлөрдүн жармаңкеси, эко-базар, китеп текчеси, гүлдөрдүн көргөзмөсү, экскурсиялар, мастер класстар, медициналык кеңешмелер, м
Бишкектеги борбордук аянтта18-апрелге караган түнү белгисиз адамдар жоогазындарды тебелеп, 842 түп гүлдү тамыры менен казып кеткен. Мындай көрүнүш 2013-жылы да болгон эле. Президент отургузган бир нече сакура көчөтүн белгисиз адамдар уурдап кетип, ошол аймакка көз салган милиция кызматкерлери ордуна
Бишкекте Борбор Азиядагы Америка Университетинин алдында окуучулар үчүн атайын мектеп ачылды. Окуу акысы 5 миң доллар болгонуна карабай, бул мектепке тапшырабыз дегендер арбын.
Салттуу билим берүү системасы көп учурда “мугалим” жана “окуучу” форматын карманат. Айрым учурда мындай ыкма каалагандай натыйжа бербейт дегендер да жок эмес. Бишкектеги “Ололо” арт-студиясы чыгармачылык эргүүгө шарт түзүп, искусствого өзгөчө кызыгууну жаратат.
Бишкекте Курут фестивалы өттү
Маркум Абдыкерим Гапаровдун туугандары УКМКнын 12 кызматкерин жумуштан алууну талап кылып, Ак үй алдына митингге чыгышты. Аларга ар бир фракциядан бирден эл өкүлү чыгып, койгон талаптарын баш прокурорго жеткирүүнү убада кылышты.
Кыргызстанда соңку жылдары ара төрөлгөн балдардын саны өсүүдө. Адистердин айтуусунда, мындай балдардын салмагы канчалык көбүрөөк болсо, алардын адам болуп кетүү мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору. Ал эми өтө аз салмакта көз жарган муштумдай ымыркайлардын көбү бир жашка чыкпай чарчап калууда.
Дагы жүктөңүз