Кемин районундагы Чым-Коргон айылы Кыргызстандагы эң узун айылдын бири. Анын узундугу 9 чакырым жана көпчүлүк үйлөр жол жээгинде жайгашкан.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча жалпы декларациясынын 70 жылдыгына арналган эл аралык жыйын Бишкекте президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өттү.
Андрей 19 жашта. Ал төрт жашынан тарта ат минип, мал менен чоңойгон. Кыргыз тилинде эркин сүйлөйт. Айылдаштары менен жумасына бир жолу улак тартканды өнөкөткө айландырып алган. Кыялы Кыргызстандын көкбөрү бонча улуттук курамасына кирип, Манас Ниязовдой күчтүү улакчы болуу.
"Азаттыктын" журналисттери Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспортту жана айдоочуларды каттоо департаментине жашыруун камера менен барып, ал жактагы коррупциялык схемаларды ачыктап берүүгө аракет кылды. Ноябрь айынын башында аталган департаменттин жетекчиси коррупцияга айыпталып, УКМК тарабынан кама
«Роза Отунбаеванын демилгелери» Эл аралык коомдук фонду майып акындардын «Тагдыр каармандары» деп аталган поэзия кечесин уюштурду.
Соңку жылдары аялдар аралашкан оор кылмыштардын саны көбөйүүдө. Учурда аялдар абагында 350дөй аял отурса, алардын басымдуу бөлүгү "киши өлтүрүү" беренеси менен соттолгон.
Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекция Бишкек шаарындагы автоунаалардан чыккан түтүндүн зыяндуулугун аныктоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Инспекторлор рейддин жыйынтыгында абаны булгап жаткан автоунаалардын айдоочуларына айыппул салынып, эскертүү берилди.
Жогорку Кеңештин 22-ноябрдагы жыйыны түшкү танапистен кийин 40 мүнөт кеч башталды. Маселен, депутаттар 13:00дө бир сааттык танаписке чыгып 14:00дө ишин баштамак. Бирок жыйында онго жетпеген гана эл өкүлү отургандыктан вице-спикер Асел Кодуранова парламенттин аппаратына депутаттарды кабинеттеринен ча
Бишкектеги "Акнет" телекоммуникациялык компаниянын башкы кеңсесин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы текшерүүдө.
Бишкектеги Касымаалы Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында гезит окуган аталар тобу түзүлгөн.
Кыргызстандын жарандыгын алган кытайлык кайрылман, 38 жаштагы Бейшекан Камза кыргыз бийлигинен Кытайда камалган жакындарынын кабарын билүүгө жардам берүүнү өтүнүп жатат. Ал үч жыл мурда үч баласы жана күйөөсү менен Кыргызстанга туугандарына келип, ошол бойдон тарыхый мекенинде калып калган.
Күйөөсү сабай берип кулагы укпай калган 37 жаштагы Салтанат Нусукеева азыр Бишкектин айланасындагы жаңы конуштардын биринде эки баласы менен батирде жашайт. Жалгыз тилеги - ишсиз, жашоосу кыйын адамдарды жана жер которгон мигранттарды тикмечиликке үйрөткөн акысыз курстан билим алып, ишке орношуу.
Майып адамдарга соцтармактар аркылуу дем берип келаткан Гүлзана Жаркынбаева жакындан бери майып кыздар үчүн "Биз барбыз" аттуу жаңы долбоорун ишке ашыра баштады.
Кыргызстанда канча адам репрессияга кабылганы ушу кезге чейин так эмес. Бул пикир Бишкекте өткөн “Тарыхый эстутум: саясий репрессиялар жана алардын капшабы” деген эл аралык илимий конференцияда да айтылды.
Бул жолу “Азаттыктын” кабарчысы Адилет Бектурсунов Тянь-Шань тоолорунун бийик кыркаларында жайгашкан Кел-Суу, Соң-Көл жана Ала-Көл тууралуу видео экскурсия даярдады. Бийик тоолордогу кыргыз берметтерине сапар тартууга чакырабыз.
26 жаштагы Кайрат Бекмамбетов жарнама боюнча адис жана блогер. Анын атасы совет доорунда Кыргызстанда окуган африкалык жигит, энеси кыргыз кызы. Төрөлгөндөн тарта таенесинин колунда чоңойгон жигит атасынын дарегин издеп, аны менен жолуккусу келет.
Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча иш 25-октябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралды. Сотко күбө катары Бурулайдын коңшулары жана анын жаназасын окуган молдо Ислам Мадиев келди. Бурулайдын жакындары молдо кыздын көкүрөгүндөгү тактарды көрсөтпөө ү
Анталияда иштеген кыргызстандык балдар Каныкей аттуу келинди сексуалдык кулчулуктан куткарып, бир күн мурда Бишкекке жеткиришти. Каныкей торго түшкөнүн Түркияга барып, документтерин алдыргандан кийин түшүнгөн. Аны таанышы жумушка чакырып, олчойгон айлыкты убада кылган. Түркияга алданып барып, азапка
Бишкекте 22-октябрдан тартып илбирсти коргоо боюнча декада башталды.
Тажикстандык кыргыздарда кыз кишиге тарбия катуу. Кыздардын көпчүлүгү мектепти бүтүп, медреседе диний билим алгандын кийин, ата-энеси алдын ала кудалашып койгон адамга турмушка чыкканга милдеттүү.
Дагы жүктөңүз