Бармактайынан оор илдет менен кармашкан балдарга Бишкекте акысыз операциялар жасалууда. Табарсык, бөйрөк ооруларына кабылган жеткинчектерге Өзбекстандан жана Орусиядан келген хирургдар дарылоодо. Соңку жылдары Кыргызстанда тубаса кемтик менен төрөлгөн балдар көбөйүп жатканын дарыгерлер белгилешет.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда кыйраган үйлөрдү курууга “Аманат Строй Инвест” жалдаган айрым компаниялар жергиликтүү ишкерлердин акчасын бербей убара кылууда. "Азаттыктын" журналисттери Достук жана Капчыгай айылында эки компания ишкерлердин 20 миллиондон ашык сомун бере электигин билип келди.
Мамлекеттин үлүшү бар 42 компаниянын айрымдарындагы акциялардын көлөмү аз болсо, көпчүлүгүндө негизги пакетти мамлекет кармап турат. 42 мамлекеттик ишкананын 19у жабык турса, айрымдарынын абалы жакшы эмес.
Футбол боюнча Кыргызстандын Улуттук курама командасы Бишкекте өтө турган CAFA NATIONS CUP-2023 эл аралык мелдешине катышат. Кураманын алдыдагы мелдешке даярдыгы, кыргыз футболу жана курамга кандай оюнчуларды алаары тууралуу башкы машыктыруучу Штефан Таркович "Азаттыкка" маек курду.
Сузак - Жалал-Абаддын калк жыш отурукташкан району. Акыркы жылдары райондо үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка байланыштуу учурлар көп чыга баштады. Эки жыл мурда Сузакта биринчи жолу 12 аял депутаттыкка шайланып келген. Алар зомбулук менен күрөшүүгө аракет кылып жатканын айтышты.
Кеминдеги Чымкоргон айылынын тургундары ичүүчү суу маселеси чечилбей жатканына нааразы. Алар мындай талап менен 3-майда айылда жыйынга чогулду. Элеттиктер жергиликтүү бийликтин буга чейин убадасы аткарылбай, ал үчүн бөлүнгөн каражат кайда жумшалганы белгисиз экенин айтууда.
Апрелдин соңунда уул-кыздары Орусиянын абактарында отурган ондогон ата-эне Бишкекте акция өткөрүп, бийликке кайрылуу жолдогон. Анда “маңзат ташыган” деген айып менен соттолгон балдарын Кыргызстанга экстрадициялоого кыргыз бийлигинен көмөк сурашкан.
Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук академиялык драма театрынын эмгек жамааты Бишкекте чыгармачыл сапары менен болуп, үч күндө алты спектакль тартуулады. Саамалык театрдын 50 жылдык маарекесинин алкагында уюштурулган. Спектаклдер борбордогу театр сүйүүчүлөр арасында жылуу кабыл алынды.
Белгилүү кыргыз-тажик жазуучусу, котормочу жана публицист Мирзохалим Каримов бир нече дарт менен алышып, оор абалда. Анын мындай жагдайга дуушар болушуна үч жылдан бери шарты жок темир павильондо жашаганы себеп болгон.
Салтка айланып калган кезектеги эл аралык жаз фестивалы Бишкекте өттү. Он сегизинчи ирет өтүп жаткан саамалыкка бул ирет Кыргызстан, Австрия, Италия, Израил өлкөсүнүн музыканттары катышты.
Жогорку Кеңеште курулушу былтыр аяктаган Ички иштер министрлигине таандык көп кабаттуу үйгө байланыштуу маселе талкууланды. Анда батирлер мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу ушул тапта иштеп жаткан кызматкерлерге гана берилери белгилүү болду.
Жумгалдын Миң-Куш айылындагы уран калдыктарынын көчүрүлө башташы элеттиктердин тынчын алууда.
Жумгал районунун Кырчын айылында 100дөн ашык киши жашайт. Айылда мектеп жоктугунан 30дай бала төрт чакырым жер басып, коңшу айылга жөө-жалаңдап барып-келип окушат. Кырчында оорукана, бала бакча да жок. Бул кыштак деңиз деңгээлинен бир жарым миң метр бийиктикте турат.
22 жашында кыргыз-тажик чек ара жаңжалында курман болгон Жеңишбек Иманбековдун сүйлөшкөн кызы анын бир тууган иниси Дүйнөбек менен баш кошкон. Жаш жубайлар азыр Жеңишбек туулуп- өскөн Жумгалдын Миң-Куш айылында жашап жатат.
Улуттук “Манас” театрынын кызматкерлери Нурсултан Малдыбаев менен Азамат Асанбековдун комуздун коштоосунда ырдаган тамашалуу ырлары социалдык тармактарда жылуу кабыл алынууда. Алар социалдык көйгөйлөрдү, коомчулукта талкуу жараткан окуяларды ырга салып, элге тамаша менен жеткирип жатат.
24 жаштагы Викториянын улуту немис. Бир жыл мурда Бишкекте кыргыз тили боюнча курс ачкан. Учурда каалоочуларга акысыз тил үйрөтөт. Бала чагынан кыргызча түш жоруган Викториянын сабагына кыргызча үйрөнгүсү келген бардык улуттун өкүлдөрү келет.
Эшек минип, кадимки көк бөрүгө түшкөн жумгалдык чыт курсак балдар быйыл кышында интернетте кызуу талкууланды. Алар чоң оюндун эрежеси менен ойноп, ич ара мелдеш уюштуруп жибергенге да жетишти. Алардын ар биринин келечекте өлкөгө таанылган атактуу көкбөрүчү болсом деген кыялы бар.
"Азаттык" былтыр март айында Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну он балалуу Асел Сатарованын түйшүгү тууралуу видео тарткан. Ал окуядан кийин баатыр энеге кол сунгандар болуп, демөөрчүлөр үй салып бермей болушкан. Бир жыл өткөндөн кийин Сатарованын үйүнө барып кабар алдык.
Акыркы бир жылда Орусиядан Кыргызстанга келген футболчулар көбөйдү. Учурда футзал боюнча Кыргыстандын чемпионаты “Супер Лигада” орусиядан келген тогуз футболчу ойноп жатат.
Жумгал районунун Ак-Көл айылы 30 жылдан бери электр жарыгы жок жашап келет. Кыштакта мектеп оорукана тургай, телефон байланышы да жок. Бишкектен 400, райборбордон 50 чакырым алыс бул кыштакта учурунда 500гө чукул калк жашаган. Азыр айылда 50гө жетпеген гана киши калды.
Дагы жүктөңүз