Наргиза Асекова “Азаттыктын” мурдагы журналисти. Кыргыз-Орус Славян университетинде журналистика адистигине ээ болгон.
Кыргызстанда темир тор артында отуруп, кыздар менен телефон аркылуу байланышып, мамиле түзүп, кийин ири суммада акчасын алып, алдап кеткендер бар. Түрмөдөгү шылуундар ишенимге кирип, кыздардын интимдик сүрөтүн алып, аны "жарыялап салам" деп коркутушат. Кыздар мындай “сүйүүгө” кантип алданып калууда?
Кыргызстан менен Тажикстан ортосунда чек араны тактоо боюнча сүйлөшүү жараяны соңуна чыкканы расмий жарыяланды. Эми өкмөттүк делегациялар даярдаган жыйынтык документтер ар бир өлкөнүн ичинде талкууланып, бекитилген соң биргелешкен кол коюу жараяны өтүшү керек. Сүйлөшүүлөр жабык өттү.
Белгилүү футболчу Айдана Оторбаева кенедей кезинен турмуштун далай сыноосуна кабылган. Жокчулук, кемсинтүү, атасы менен мамилеси, айтор башынан өткөн окуяларга сынбай, футболдо ийгиликке жеткен. Айдана Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону.
Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөш милициянын быйылкы жылы коомдук тартипти сактоо ишиндеги негизги багыттардын бири болорун ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирди. Кыргызстан глобалдык индексте кыз-келиндер үчүн кооптуу өлкө деп эсептелет.
Кыргызстанда аутизми бар балдар кантип билим алат? Өзгөчө балдары бар ата-энелер туш болгон кыйынчылыктар кайсылар? Өлкөдө аларга колдоо көрсөтүү маселесине канчалык көңүл бурулат? “Эже-сиңдилер” берүүсүндө ушул жана башка суроолорго жооп издейбиз.
Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн биринде газ жарылып, 63 жаштагы аялдын өлүмүнө алып келди. Милиция иш козгоп, териштирүү жүргүзүүдө. Адистер газ киргизилген үйлөрдөгү өрт коопсуздугун сактоо керектигин эскертип жатышат.
АКШнын медиасы Дональд Трамп кызматка киришери менен өлкөдөгү мыйзамсыз мигранттарга каршы рейддер башталарын жазды. Мигранттарды текшерүүлөр 21-январда Чикаго шаарында башталышы мүмкүн экенин кабарлады. Чикаго шаары турган Иллинойс штатында болжол менен 40 миңдей кыргызстандык бар.
Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев былтыр декабрда шайлоолордогу гендердик квотаны кайра карап чыгуу керектигин билдирди. Гендердик квотасыз Кыргызстанда айымдардын жергиликтүү кеңештерге, парламентке келиши дээрлик мүмкүн эмес. Төраганын аялдарга карата айткан билдирүүсү сынга кабылды.
Казакстандын Актау шаарындагы учактын кыйроосунан аман калган кыргызстандыктар Бишкекке жеткирилди. Жабыркагандарды мекенине алып келүү үчүн атайын борт уюштурулган. Экөөнүн абалы туруктуу болсо, үчүнчүсү жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Казакстандын Актау шаарындагы учак кыйроосунан аман калган Ринат Асанов, Тилек Осмонов жана Эрлан Жунусалиев Бишкекке жеткирилди. Жабыркагандарды мекенине алып келүү үчүн атайын борт уюштурулган. Экөөнүн абалы туруктуу, үчүнчүсү жандандыруу бөлүмүндө жатат.
“Женго” каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кадырбек Досонов Бишкектеги №1 тергөө абагында мекеменин кызматкерлери тарабынан катуу ур-токмокко алынганын адвокаты билдирип чыкты. Маалыматты Акыйкатчы институту дагы тастыктады.
Казакстандын Мангыстау облусунун Актау шаарына жакын жерде кырсыкка кабылган учактан аман калгандардын абалы тууралуу маалымат берилди.
Уюшкан кылмыштуу топтун “Женго” каймана аттуу мүчөсү Кадырбек Досонов Бишкектеги №1 тергөө абагында мекеменин кызматкерлери тарабынан катуу ур-токмокко алынганын адвокаты билдирип чыкты. Маалыматты Акыйкатчы институту дагы тастыктады. Жаза аткаруу кызматы кабарды төгүндөдү.
Нестан Киязова АКШда эркин күрөш, грепплинг, жиу-житсу жана эрежесиз мушташка катышып, төрт кур, ондогон медал тагынды. Ал автомектепте оор жүк ташуучу машине айдаганды үйрөтүп, студенттерди экзаменге даярдайт. Анара Эркинбаева Америкада кош бизнес ачып, бир эле жерде гүл сатып, кафе иштетет.
Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук жылдан жылга көбөйүп баратат. 2023-жылы он айда он миңден ашык кылмыш катталса, быйыл он айда 14 миңден ашык учур катталды. Зомбулуктан жабыркагандардын 90% аялдар түзөт. Аялдар зордук-зомбулуктан кантип коргоно алат? Эже-сиңдилер берүүсү ушул маселени талкуулайт.
“Яндекс.Такси” кызматынын айдоочулары 2-декабрда аталган компаниянын Бишкектеги кеңсесинин алдына нааразылык акциясына чогулушту. 50дөн ашык айдоочу “Яндекс.Такси” 21% комиссия алып жатканын, бул коңшу Казакстанга салыштырмалуу үч эсе көп экенин айтышты.
Кыргызстанда түрдүү жагдайда ата-энесинен айрылган балдардын саны 2800дөн ашат. Алардын 500гө чукулу атайын интернаттарда тарбияланат. 18ге толгондон кийин өспүрүмдөр кайда барарын, кимден жардам сурарын билбей кыйналат. "Азаттык" ата-энеден ажырап калган балдар жана алардын тагдырына кызыкты.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча Кыргызстанда ар бир төртүнчү никеге тургандар ажырашат. Адатта аялдарга балдары менен чет өлкөгө чыгууга атасы уруксат бербей, паспорт алууда да кыйынчылык жаралат. Мындай учурда аялдардын жана балдардын укуктары кандай корголот?
“Гипномедитация жасайм”, “Кимдир бирөөнү сүйдүрүүгө жардам берем”. Социалдык түйүндөрдө өздөрүн коуч, тренер атап, ошол эле маалда тиешелүү билими жок болсо да адамдын ички дүйнөсүн аралап, психологиялык жардам көрсөтөм деген адис атыккандар бар. "Азаттык" бул ирет ушул темага кайрылды.
Дагы жүктөңүз