Расмий Бишкек кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда башталган куралдуу жаңжалда Кыргызстандан 46 адам мерт болгонун, 140 киши жараат алганын билдирди. Жекшембиде Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 14-сентябрдан бери 32 тажик жараны каза тапканын, алардын көбү жайкын тургундар экенин маалымдады.
Баткен районунан жана Баткен шаарынан Кадамжайга 23 миңге жакын адам эвакуацияланып келген. Арасында кош бойлуу келиндер да бар.16-сентябрда кечке жуук Бишкектен Баткенге 67 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Анын ичинде азык-түлүк, күнүмдүк жашоодо эң керектүү буюмдар бар.