Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:26

Борбор Азия

1-март, 2020-жыл.
1-март, 2020-жыл.

1-мартта Тажикстанда парламенттик шайлоо өттү. Күтүлгөндөй эле бийликтин партиясы парламенттеги 63 орундун 50 пайыздан көбүн ээледи. Оппозицияга бир да мандат тийген жок.

1-мартта жергиликтүү жана парламенттик шайлоо өттү. Айылдык, райондук, облустук кеңештердин жана парламенттин төмөнкү палатасынын депутаттарын шайлоого келгендерге көк, жашыл, ак түстөгү бюллетендер берилди. Бул жолку шайлоо да көнүмүш мыйзам бузуу менен коштолду.

Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Бахтиёр Худоёрзода шайлоочулардын 86% добуш бергенин, жыйынтыгында бийликтин партиясы жеңип чыкканын 2-мартта жарыялады:

«Агрардык партия мурдагыдай эле төрт мандатын сактап калды. Ага шайлоочулардын 16,5% добуш берди. Ушундай эле көрсөткүчкө «Экономикалык реформалар» партиясы ээ болду. Тажикстандын Демократиялык партиясы жана Социалисттик партия 5% көрсөткүч менен парламенттеги буга чейинки бирден мандаттарын сактап калышты».

Бийликтин Элдик демократиялык партиясы шайлоочулардын 50,4% добушун алып, парламенттеги таасирин сактап калды. Бул жолу да жалгыз оппозициялык партия катары таанылган Социал-демократиялык партия парламентке кире албай калды. Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Бахтиёр Худоёрзода оппозициялык Социал-демократиялык партия жарым пайыз да добуш албаганын жарыялагандан кийин эле бул партиянын лидери залдан чыгып кетти.

Партиянын төрагасынын орун басары Шокир Хакимов шайлоо алдында мындай деген:

«Тажикстанда демократиялык шайлоо өткөрүүгө шарттын жоктугу эмес, эрктин жоктугу тоскоол болуп жатат».

Бул жолку шайлоо Тажикстандагы жарандык согуш аяктаган 1997-жылдан берки бешинчи жолку шайлоо болду. Бирок эл аралык байкоочулар, Батыш өлкөлөрү жана көз каранды эмес уюмдар Тажикстанда акыркы 23 жыл ичинде өткөрүлгөн бир да шайлоону ачык, таза, демократиялуу болду деп тааный элек.

Тажикстандагы бул шайлоого дүйнөлүк медиа каражаттары да көңүл бурушту. «Reuters» агенттиги «1-мартта тажик эли өлкөнү чейрек кылымдан бери чеңгелдеп отурган президентине кол бала парламентти шайлап берүүдө» деп жазды. Бул макаланын автору парламенттик шайлоо «Күзүндө өтчү президенттик шайлоого Эмомали Рахмон кайра барабы?» деген суроого жооп бербегенин кошумчалады.

«Associated Press» басылмасы шайлоо алдында бир да жандуу үгүт байкалбаганына карабай түш оой электе 47% шайлоочу добуш берип салганына таң калды. Бул басылма да президенттин кийинки шайлоого барар-барбасына көңүл буруп, 2016-жылкы референдумда Эмомали Рахмон президенттикке каалашынча талапкер болууга укук алганын эскертти.

«France 24» сайты «Тажикстанда өтүп жаткан парламенттик шайлоо Борбор Азиядагы авторитардык өлкөлөрдүн салттуу сценарийин кайталап жатат» деп жазды.

Парламенттин төмөнкү палатасындагы 65 орун үчүн 6 партия ат салышты. Оппозициялык Социал-демократтар партиясы беш гана талапкерин шайлоого катыштыра алышты. 2010-жылы жана 2015-жылы өткөн шайлоолорго оппозиция катыштырылган эмес.

Расмий маалымат боюнча, Тажикстанда 4 миллион 900 миң шайлоочу бар. Парламенттин төмөнкү палатасындагы 63 орун үчүн 283 адам ат салышкан. Алардын 65и партиялык тизмеден көрсөтүлсө, 173ү бир мандаттуу округдардан талапкер болушкан. Өлкө ичинде 3450, өлкө сыртында 30 шайлоо бекети ачылды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

«Балдардын семириши кооптуу жышаан»
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:31 0:00

25-26-февралда Бишкектеги балдардын жаңы ачылган «Memorial Kids» ооруканасына Анкарадан профессор, балдар эндокринологу Эргүн Четинкая келди. Түрк дарыгери балдар арасындагы эндокринологиялык оорулар Кыргызстанда жетиштүү дарыланбай жатканын белгиледи. Мамлекет бул маселени адистерди окутуу жолу менен чече аларын айтты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG