Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:07

Борбор Азия

Украинада согушкан кыргызстандыктын иши кайра каралат
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:39 0:00

Бүгүн Кыргызстандын эгемендигинин 32 жылдыгы белгиленип жатат. Бул ирет негизги майрамдык салтанат Ош шаарында өттү. Запорожьеде айыгышкан салгылаш уланууда. Москва аннексияланган Крымда украин ракетасын атып түшүргөнүн айтса, Киев баш калаага багытталган чабуулдун мизи кайтарылганын маалымдады. Жогорку Сот Украинадагы согушка катышкан деген айып менен соттолгон Аскар Кубанычбек уулунун ишин кайра кароого жөнөттү. Буга чейинки инстанцияда ал 10 жылга кесилген.

Запорожьеде украин аскерлери турумун бекемдей баштады
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:12 0:00

Украинанын армиясы Бахмут жана Мелитополь багытында чабуулду улантууда. Запорожье облусунда украин аскерлери турумун бекемдей баштаганы маалымдалды. Ал эми Москва аннексияланган Крымда украин ракетасын атып түшүргөнүн айтса, Киев бейшембиге караган түнү баш калаага багытталган чабуулдун мизи кайтарылганын билдирди. Ал тапта украин өкмөтү согуш шартында да билим берүүнү токтотпош үчүн окуучуларга метро-станцияларда класстарды ачып жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG