Бишкекте Улуттук госпиталдын эки дарыгери сабалды. Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев ички ички иштер министрине, УКМК төрагасына кайрылды. Жалал-Абадда Жазаларды аткаруу кызматынын аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн жоокер каза болду. Ал өзүнүн куру менен жылытуу системасынын түтүгүнө асынып алганы айтылууда. Украинанын Днепр, Доброполье шаарларына сокку урулду, Орусиянын Белгород жана Воронеж аймактарына дрондор чабуул жасады. Трамп Киевге узак аралыкка атылуучу Patriot ракеталарын жөнөттү.
Борбор Азия
Бишкектин Тунгуч районунун тургундары менен жолугушуу учурунда шаардын вице-мэри Жамалбек Ырсалиевди атайын кызмат суракка алып кетти. Коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин Бишкектеги иш сапары кезектеги кармоолор менен коштолду. Сирияда өкмөттүк армия менен этностук друз азчылыгынын кошуундарынын кармашы жанданды. Чатакка Израил кийгилишип, сириялык аскерлерге абадан сокку урду. Кыргызстанда алты айда кызамыкка чалдыккан 10 бала чарчап калды. Диний жана башка көз караштан улам эмдөөдөн баш тарткандар соңку жылдары өлкөдө кескин көбөйгөн.