Линктер

жума, 20-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 13:23

“Азаттыктын” видео сүйүүчүлөр арасында "МЕНИН БАЯНЫМ" аттуу сынагына келип түшкөн видеолор төмөндө жайгаштырылган.

Сынактын жеңүүчүлөрү:

Бексултан Абубакир "Тиричилик" тасмасы үчүн 1-орунду ээлеп, 500$ менен сыйланат. Тасмада бийик тоолуу өрөөндөгү малчылардын жашоо-турмушу чагылдырылган.

Темир Азем уулу "Максатбек" тасмасы үчүн 2-орунга татыктуу болуп, 300$ менен сыйланат. Тасма майыптыгына карабай өз үй бүлөсүн эч нерседен кор кылбай баккан Максатбектин турмушун баяндайт.

Автандил Абдыкадыр уулу «Жол» деген видео тасмасы үчүн 3-орунга чыгып, 200$ менен сыйланат. Тасма бир адамдын өмүр жолун таасын чагылдырган.

Кызыктыруучу сыйлыктарга “Алтын чайкаган агай” тасмасы үчүн Аманбек Ажымат, “Келдибек мергенчи” тасмасы үчүн Асейин Мааданбеков жана “Мен ырдасам, мен жашайм” деген тасмасы үчүн​ Айзирек Акмолдоева татыктуу болду.

XS
SM
MD
LG