Төрт жыл мурда ооруканада дарыланган наристеге ВИЧ инфекциясы жуккан болушу мүмкүн деген маалымат парламентте көтөрүлдү. Саламаттык сактоо министрлиги түзгөн атайын комиссия 600дөн ашык кишини текшерген, бирок инфекциянын булагы алигиче аныктала элек.
28-майда "Клооптун" оператору Александр Александров жана мурунку кызматкери Жоомарт Дуулатов 48 саатка кармалды. Басылманын журналисттери Айдай Эркебаева, Зыягүл Болот кызы жана мурунку кызматкери Зара Садыгалиева сурак берип чыкты. Укук коргоо органдары азырынча комментарий бере элек.
Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, кылмыш иштери боюнча экспертиза жүргүзүүдө күч органдары кийлигишерин айтып чыккан Жоомарт Карабаевди сот күнөөлүү деп тапты.
Атайын кызмат 10-июндан тартып мыйзамсыз мигранттарга рейд башталарын, андай чет элдиктер 5 миңдей экенин билдирди. Кыргызстанда соңку жылдары Индиядан, Пакистандан, Бангладештен келген эмгек мигранттары көбөйдү. Алардын көпчүлүгү курулуш, тейлөө тармактарында жана тигүү цехтеринде эмгектенет.
Казакстандын он чакты шаарында саясий репрессиялардын жана ачарчылыктын курмандыктарын эскерүү күнүнө карата акция өткөрүүгө уруксат берилген жок.
Украина Орусия менен 1000/1000 форматында туткун айырбаштоо жараяны аягына чыкканын 25-майда билдирди. Жараян жүрүп жаткан үч күн бою Украинанын бир нече аймагын, борбор калаасын Орусия түнкүсүн ракета жана дрон менен аткылап жатты. Жекшембиге караган түнкү чабуулдардан кеминде 12 өмүр кыйылды.
Орусияда Украинага каршы согушту ачык айыптап чыккан активист "террорчулук" тууралуу доонун негизинде соттолду. Ал 2022-жылы куугунтуктан улам Кыргызстанга качып келген. Бишкектен кыргызстандык күч органдарынын колуна түшүп, Москвага экстрадицияланган.
Дагы жүктөңүз