Орусияда Украинага каршы согушту ачык айыптап чыккан активист "террорчулук" тууралуу доонун негизинде соттолду. Ал 2022-жылы куугунтуктан улам Кыргызстанга качып келген. Бишкектен кыргызстандык күч органдарынын колуна түшүп, Москвага экстрадицияланган.
Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Эдуардс Стипрайс Бишкекке иш сапары менен келип кетти.
Орусиялык Телеграм каналдар Москвадагы “Сахарово” миграциялык борборунда кезекте тургандардын бири тыгылышта тепселип каза тапканын маалымдап, окуянын видеолорун жарыялады. Каза болгон киши Өзбекстандын жараны экени кабарланууда.
Жогорку сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун ишин кайра кароого жөнөттү.
АКШ президенти Дональд Трамптын Украинадагы согушту токтотуу ниетинде Орусиянын жана Украинанын башчылары менен өз-өзүнчө телефон аркылуу сүйлөшүү аракети жүрүп жаткан чакта Москва украин жергесинде адам өмүрүн алган кандуу дрон соккуларын күчөттү.
Бир катар журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган кытайлык ишкер Хабибула Абдукадыр журналист Болот Темировдун жана Kloop басылмасынын үстүнөн сотко арызданды.
Дагы жүктөңүз