Израил 13-июнда Ирандын аймагына бир нече сокку ургандан кийинки абал чыңалган бойдон турат. 14-июнга караган түнү Израилдин айрым шаарлары аткыланды. Эки тарап тең жайкын тургундар арасында жоготуу бар экенин билдирүүдө.
УКМК 200 миң доллар пара алууга шектүү кызматкери иштен алынганын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, подполковник С.М. "ири өлчөмдөгү коррупцияга" айыпталууда, ал ишкердин тергөөгө байланыштуу көйгөйүн чечип берем деп 200 миң доллар өлчөмүндө пара алганы аныкталган.
Израил Ирандын өзөктүк жайларына сокку урганын жарыялады. “Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун” башкы командачысы жана кеминде алты окумуштуусу каза болгону кабарланды. Ондогон киши жаракат алды. Ирандын жетекчилиги Израил жума күнкү сокку үчүн “катуу жазаланарын” эскертти.
Индияда 200дөн ашык жүргүнчүнү ташып бараткан учак кырсыкка кабылып, көп адам мүрт кетти. Украинанын экинчи ири шаары Харьков Орусиянын аба соккусуна кабылып, кеминде 16 адам жараат алды. Ош облустук милициясы күйөөсү сабаганын айткан келиндин жолдошун эки аптадан кийин гана кармады.
Өзгөндө үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганын айткан келин милиция бул маселеге көңүл бурбай жатканына даттанууда. 37 жаштагы келин аны ур-токмокко алган күйөөсүнө өз убагында чара көрүлбөгөнүнө нааразы. Окуя коомчулукта талкууга түшкөн соң милиция билдирүү жасап, кылмыш иши козголгонун жарыялады.
Индияда 12-июнда кырсыкка учураган учактын ичинде жалпы 242 киши (Индия, Улуу Британия, Канада жана Португалия жарандары) болгон. Айрымдар алардын бири да аман калбаганын жазышса, кээ бир маалымат булактары кеминде эки жүрүнчү аман экенин кабарлоодо.
Жалал-Абаддын Сузак районунун тургуну Имигүлсүн Сапарова баласы армияга баргандан бир апта өтпөй ооруп, жакындарын тааныбай калган абалга жеткенин айтып "Азаттыкка" кайрылды.
Күйөөсүнүн колунан каза болгон Айзирек Эралиеванын аброюна шек келтирген блогер Айбек Уланов Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынды. Буга чейин коомчулук, активисттер анын мыйзам алдында жоопко тартылуусун талап кылышкан.
АКШ президенти Дональд Трамп Азиянын, Африканын жана Латын Америкасынын 12 өлкөсүнүн жарандарына 9-июндан тарта Кошмо Штаттардын аймагына кирүүгө тыюу салган жана дагы жети өлкөнүн жарандарына чектөө киргизген жарлыкка кол койду.
Күйөөсүнүн колунан мерт болгон Айзирек аттуу келиндин ишине байланыштуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) парламентте маалымат берди.
Украина Москваны Орусия оккупациялаган Крым менен байланыштырган негизги көпүрөгө суу алдында чабуул жасаганын билдирди. Өлкөнүн Коопсуздук кызматынын бул билдирүүсү Украинанын "Желе" операциясынан эки күндөн кийин жарыяланды.
Дагы жүктөңүз