Күйөөсүнүн колунан мерт болгон Айзирек аттуу келиндин ишине байланыштуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) парламентте маалымат берди.
Украина Москваны Орусия оккупациялаган Крым менен байланыштырган негизги көпүрөгө суу алдында чабуул жасаганын билдирди. Өлкөнүн Коопсуздук кызматынын бул билдирүүсү Украинанын "Желе" операциясынан эки күндөн кийин жарыяланды.
30-май күнү орусиялык жергиликтүү басылмалар Камчаткадагы кыргыздардын уюмунун башчысы Нура Курманбекова орус жарандыгынан ажыратылганын жазышты.
Стамбулда өткөн бир саатка жетпеген жолугушууда Украина менен Орусия тынчтык орнотуу, жок дегенде убактылуу ок атууну токтотуу боюнча мунасага келе алган жок.
Украинанын дрондору Орусияда аскердик аэродромдорго чабуул койду. Орусия муну теракт деп жарыялады. Эксперттер ондогон учактын жок кылынышын - орус авиациясынын башына түшкөн каран түн катары сыпаттап жатышат.
Май айынын ортосунда УКМК "уюшкан кылмыштуу топту (УКТ) каржылоого, опузалап акча талап кылууга" шек санап үч кишини кармаганын билдирген. Алардын бири мурдагы милиция жетекчиси, ал эми экинчиси олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектептеринин биринин директору болуп турганы айтылды.
Кошмо Штаттар өлкөдө жашаган оогандарга берилген убактылуу коргоо макамын токтотууну жарыялады. Мындай кескин чечимден кийин миңдеген качкынды "Талибан" көзөмөлдөгөн Ооганстанга депортациялоого жол ачылат. Укук коргоо уюмдары жана оогандыктар эми алардын келечеги бүдөмүк экенин айтышат.
26-майда Кара-Кулжа районунда беш балалуу келиндин мыкаачылык менен өлтүрүлүшү кыргыз коомундагы аялдарга карата зомбулук темасын кайра козгоду. Күйөөсү жубайын өлтүрүүгө шектелип кармалды. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдирүү таратты.
АКШ Газада ок атууну токтотуу планына Израил көнгөнүн, сунуш хамасчыларга берилгенин билдирди. Ал арада Франция анклавда гуманитардык абалды оңдоо чаралары көрүбөсө, Израилге санкция салынарын эскертти. Эл аралык уюмдар газалыктар таза суу, тамак-аш, дары-дармекке зар болуп турганын белгилешет.
АКШ Газада ок атууну токтотуу планына Израил көнгөнүн, сунуш АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган ХАМАСка берилгенин билдирди. Ал арада Франция анклавда гуманитардык абалды оңдоо чаралары көрүлбөсө Израилге санкция салынарын эскертти.
29-майда Клооп Медианын дагы эки кызматкери сурак берди. Мурунку күнү басылманын беш журналисти суралып, эки кызматкери 48 саатка кармалды. Бийликтин өкүлү медиа кызматкерлерди иликтөөчү журналист Болот Темировго байланыштырды. Укук коргоо органдары расмий комментарий бере элек.
Дагы жүктөңүз