Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:17

Сүрөт баян

Ак кар жамынган Ала-Арча

"Кыргыз кереметинин" чолпону - Клара Юсупжанова

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде белгилүү кинорежиссер жана актриса Клара Юсупжанованын чыгармачыл мурасына арналган сүрөт көргөзмө өтүүдө. Анда таланттуу кыргыз кызы тартылган жана өзү тарткан тасмалардан бир нече сүрөттөр коюлду. Бул саамалык 5-декабрга чейин уланат. Юсупжанова кыргыз кино дүйнөсүндө бараандуу из калтырган ажарлуу актриса, поэтикалык даректүү тасмаларды жараткан таланттуу режиссер эле. Аны замандаштары менен бирге эскеребиз.

Эски бекет ээн турат, жаңы бекетте шарт жок

Бишкектеги Батыш автобекети 23-октябрдан тарта жабылып, бош турат. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев эски бекет оңдоп-түзөөдөн өтөрүн айтканы менен, анын ордуна кайсы мекеме келерин айткан жок. Бирок, ушул жылдын май айында президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Батыш авто бекетинин имараты калкты тейлөө борбору болорун билдирген. Учурда бул автобекет аркылуу кеткен бардык каттамдар Алматы көчөсү 1/1 дарегинде жайгашкан "Бишкек автобекети" муниципалдык ишканасынын жаңы бекетине жана шаардын батыш тарабындагы РИОМ автобазарынын жанында бөлүнгөн жайдагы автобекетке которулган. Шаар бийлиги унаа базардын жанындагы бекет убактылуу, тагыраагы кийинки жылдын жай айларына чейин иштей турганын билдирүүдө. 

Деколонизация: Үч өлкөнүн өзүн таануу аракети

Кыргызстандагы “Эсимде” изилдөө аянтчасы үч күндүк "Посткоммунисттик Борбор Азия - ой жүгүртүү мейкиндиги" конференциясын өткөрүп жатат. Ага Кыргызстандан, Казакстандан жана Өзбекстандан келген тарыхчылар, изилдөөчүлөр, коомдук ишмерлер катышты.

Репрессия азабын сүрөткө түшүргөн чебер

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде эл сүрөтчүсү Адылбек Байтерековдун жеке көргөзмөсү өтүүдө. Көргөзмөгө живопись, графика жанрындагы 100дөн ашык сүрөттөрү коюлду. Алардын арасында кийизден жасалган эмгектер да бар. Көргөзмөдө сталиндик репрессиянын курмандыктарына арналган сүрөттөр дагы коюлду.

Борбордук жана Чыгыш Европадагы суу ташкындын кесепети

Тынымсыз жааган жамгырдан кийинки суу ташкындын кесепетинен Борбордук жана Чыгыш Европада каза болгондордун саны өсүп жатат.

Эгемендик күнү: Аянттагы майрам

Париж-2024: Кыргызстандык спортчулар багындырган бийиктик

Күрөш легендасы: Айсулуунун экинчи Олимпиада медалы

Париж-2024: Мунарбек Олимпиаданын финалына жеткен алгачкы мушкер

Париж-2024: Акжол менен Үзүр алып келген кош сыймык

Париж Олимпиадасында грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов менен Үзүр Жузупбеков коло медал утту. Акжол ушуну менен эки жолку Олимп оюндарында байгелүү болду. Ал Токио Олимпиадасында күмүш медал алган. Үзүр экинчи Олимпиадасын олжолуу жыйынтыктады. 

Париж-2024: Сейитбек уулу менен Жамал Харвинин беттеши

Париж-2024: Сенадагы парад, жамгыр алдындагы шоу

Франциянын борбору Парижде XXXIII жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи өттү. Париж бир нече саат бою ачык асман алдындагы театрга айланды. Биринчи жолу Олимпиаданын ачылыш аземи стадиондо эмес, шаардын чок ортосунда өтүп, 200 өлкөнүн командалары Сена дарыясынан кайык менен Аустерлиц көпүрөсүнөн Йена көпүрөсүнө чейин сүзүп өтүштү. Салтанаттуу парадга 300 миңден ашуун көрүүчү күбө болду.

"Тозок деген эмне экенин билгем". Италиялык сүрөтчүнүн зомбулукка каршы көргөзмөсү

АКШ: Вице-президент Харристин саясаттагы жолу

Камала Харрис Америка Кошмо Штаттарынын вице-президенттигине чейин жеткен теги түштүк азиялык алгачкы аял катары тарыхка кирди. Ал мурдагы юрист, штаттын башкы прокурору жана сенатор.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG