Бишкекте Улуттук госпиталдын ординатору менен бейтаптын жакындарынын ортосундагы чыр талкууга түштү. Ординатор бейтаптын жакындары сабаганын, мээси чайкалып ооруканада жатканын билдирсе, экинчи тарап аны орой мамиле кылып, тилдеди деп милицияга кайрылган.
Мигранттарды телефон аркылуу көзөмөлдөй турган атайын программа иштелип жатканын Москва шаарынын мэри Сергей Собянин билдирди. Юристтер бул чаралар жеке маалыматты коргоо боюнча мыйзамга каршы келерин эскертүүдө.
Кыргызстанда кызамык (корь) жугузуп алгандар көбөйүп жатат. Расмий маалыматта быйыл июнга карата 8572 жаңы учур катталды. Оорунун жайылып жатышына эмдөөнүн үзгүлтүккө учурашы, вакцинадан баш тартуу жана ата-энелердин жетишсиз маалыматы себеп экени белгиленди.
Мектеп жашындагы баласы орус тили боюнча сынак тапшыра албай калган мигранттын бүлөсүн Орусиядан чыгаруу боюнча сунуш Мамдуманын профилдик комитетинде талкууланып жатканын бир катар орусиялык агенттиктер жазды. Орусиядагы кыргыз мигранттары балдарын мектепке киргизе албай даттанып келишет.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын кыргыз жарандары үчүн иммиграциялык эмес визалардын мөөнөтүн кыскартуу боюнча чечимин бир тараптуу жана алдын ала эскертүүсүз кабыл алынган деп билдирди.
Орусиянын ички иштер министри «пайдасыз мигранттарды» өлкөдөн чыгарууну сунуш кылган. Мамлекеттик дума жергиликтүү органдарды келгиндердин балдары тууралуу маалыматты Ички иштер министрлигине берип турууга милдеттендирген мыйзам долбоорун караганы жатат.
Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттен үч миңге чукул студент окуудан чыгарылды. Атайын кызмат маалымдагандай, бул студенттер тизмеде болгону менен окууга келген эмес. Учурда окуу жайдагы мыйзам бузууга катышкан кызматкерлерди аныктоо иштери жүрүп жатат.
2020-жылдын ушул күндөрү Бишкекте коронавирустан каза болгондор күн санап өсүп турган.
Мындан беш жыл мурда, 2020-жылдын ушул күндөрү Бишкекте коронавирустан каза болгондор күн санап өсүп турган.
Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол кенинде титаномагнетит өндүрүү иши пилоттук режимде башталганы белгилүү болду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.
Кыргызстанда 1-июлдан тартып автоунаасына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полиси кирди. Башында Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 1-сентябрга чейин узартылганын айтып, бирок Экономика министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу кызматы аны четке каккан.
Бишкектеги "Шератон" мейманканасынын короосунда бир нече эркек үч кызга кол көтөрүп, аларды бассейнге түртүп салганы тартылган тасма коомдо кызуу талкуу жаратты. Коомдогу зомбулук маселеси кайрадан күн тартибине чыкты.
Дагы жүктөңүз