Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:46

Клинтондун милдети - Пакистандагы анти-америкалык маанайды басуу


АКШнын Мамкатчысы Хиллари Клинтон Исламабатта. 28-октябрь.
АКШнын Мамкатчысы Хиллари Клинтон Исламабатта. 28-октябрь.

Шаршемби күнү АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон Пакистандын байтакты Исламабадга үч күнгө ырасмий сапарга келди.

Бул Мамкатчынын Пакистандагы биринчи ырасмий визити. Көпчүлүк серепчилер Клинтон айым өзүнө өтө ишенимдүү болгону

Президент Зардари, менин оюмча, күтүлгөндөн мыкты иштөөдө. Армия талиптерди мурда ээлеген жерлеринен сүрүп чыга баштады.
Симон Серфэти

менен, америкалыктардын Түштүк Азиядагы ислам согушчандарына каршы күрөштө Пакистандын толук колдоосуна жетише аларынан күмөн санашат.

Пакистандыктар АКШ беш жыл бою 1,5 миллиард доллардан берчү жардам жөнүндөгү Керри-Лугар мыйзамынын көчүрмөсүн өрттөшүүдө. Карачи. 23-октябрь.
Хиллари Клинтон үч күндүн ичинде Пакистандын жетекчилиги, жарандык уюмдарынын башчылары, ишкерлери, а түгүл саясый оппозициянын өкүлдөрү менен кездешет. Бирок коопсуздук чараларынан улам АКШ Мамкатчысынын күн тартиби жарыяланган жок. Мындай этияттык негиздүү экенин 28-октябрда Пакистандын Түндүк Батышындагы Пешавар шаарындагы кеминде 90 адамдын өмүрүн жутуп, 200дөн ашуун кишини жарадар кылган бомба чабуулу тастыктады.

Клинтон айым пакистандык өнөктөшү Шах Махмуд Куреши менен өткөн кездешүүдөн кийин Вашингтон Исламабадга экстремисттерге каршы урушка зарыл нерселердин баарын берерин айтты:

- Биз пакистандык аскерлердин согуштагы тайманбастыгына суктанабыз жана тынчтык жана коопсуздук үчүн согушта Пакистан эли менен катарлаш болобуз. Максатыңыздарга жетүүгө керек жардамды беребиз.

АКШнын Мамткатчысы Пакистанга анти-америкалык маанай көкөлөп бараткан тушта келди. Мындай маанай, айрыкча АКШнын 7,5 миллиард долларлык жаңы жардамдын шарт менен берүү планы түрткү болду. Конгрессмендер Керри жана Лугардын демилгеси менен кабыл алынган жаңы заң боюнча, акчанын көбү Пакистандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө керектелиши керек. Коопсуздук күчтөрүнө акча террорчуларга каршы согуштун натыйжасына жана Исламабаддын ядролук технологияны жайылтпоого көмөктөшкөнүнө ылайык берилет. Мурда америкалык жардамдын көбүн Пакистан армиясы алчу.

Ошол эле учурда, вашингтондук талдоочу Стефен Коэн
Сват өрөөнүндөгү козголоңдун уюштуруучусу, радикал диниятчы Маулана Фазулла жана башка 20 согушчандын сүрөт басылган гезит. Пакистан өкмөтү Сват өрөөнүндөгү козголоңдун демилгечиси Маулана Фазулланын башы үчүн май айында 62 250 доллар сыйылык убада кылган.
байкагандай, АКШнын жардамы зарыл деген пакистандыктар да арбын:

- Көпчүлүк пакистандыктар Кошмо Штаттарга нааразы. Аларды жардамдын Керри-Лугар мыйзамына ылайык шарт менен берилиши кыжырдантууда. Ошол эле адамдардын көбү Пакистандын абалы оор экенин, Керри-Лугардын мыйзамы жана АКШнын аскерий колдоосу зарурат экенин түшүнүшөт. Бирок аларда башка аргасы жок. Менимче, биз Пакистандагы анти-американизмге май тамызуудабыз. Андай жек көрүүчүлүк мокошу үчүн дагы көп убакыт керек деп ойлойм.

Коэндин болжошунча, АКШнын Түштүк Азиядагы атайын чабарманы Ричард Холбрук Пакистан же Ооганстанда ийгиликке жете элек болгондуктан, Клинтон айым үчүн пакистандыктарды ийдирүү оңой болбойт.

Симон Серфэти-Вашингтондогу Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун талдоочусу. Анын айтышынча, Азиф Али Зардари кокус президент болуп калганына карабай (Зардаринин зайыбы, эки ирет өкмөттү жетектеген Беназир Бхутто 2007-жылы кол салуудан каза тапкан), уруулар жашаган аймактагы ислам экстремисттерине каршы согушта чоң жылыштарды жасады:

- Пакистан президенти Зардари, менин оюмча, күтүлгөндөн мыкты иштөөдө. Армия талиптерди мурда ээлеп алган жерлеринен сүрүп чыга баштады. Мурдакы президент Мушарраф сыягы мындай ийгиликке жете алмак эмес.

Серфэтинин пикиринче, Хиллари Клинтон үч күндүк сапар учурунда Зардарини жана Пакистан элинин ишеничине кире албайт. Андыктан, Клинтон айымдын милдети - өлкө жетекчилигин жана армиянын башчыларын АКШга кошулуп, экстремисттерге каршы чогуу күрөшүүнүн зарылдыгына ишендирүү. Мамкатчы буга жетишсе, пакистандыктар АКШны региондогу мусулман экстремисттерине каршы согушта колдойт, деп ишенет вашингтондук серепчи.

XS
SM
MD
LG