Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:54

АКШнын акчасы - Пакистан генералдарынын кыжаалаты


Исламабаддык сарап АКШ долларын саноодо.
Исламабаддык сарап АКШ долларын саноодо.

Пакистандын аскерий жетекчилиги менен оппозициячыл саясатчылары Исламабадга жардам көрсөтүү боюнча АКШ Конгресси өткөн аптада жактырган мыйзам долбооруна нааразы болушууда.

Эгерде сенаторлор - демократ Жон Керри жана республикачыл Ричард Лугар демилгечиси болгон мыйзам долбооруна президент Барак Обама кол койсо, анда Пакистанга жылына берилчү жардам үч эсеге көбөйөт.

Ага ылайык, акча мурдакыдай Пакистан армиясына эмес,
Президент Обама "Керри-Лугар мыйзамына" кол койсо, Пакистан жылына АКШдан алчу жардам 1,5 миллиард доллар же мурдагыдан үч эсе көп болот.
Иншалла, бу боюнча макулдашабыз. Керри-Лугардын мыйзам долбоору келишим эмес, бизди мажбурлабайт.
Юсуф Гилани
көбүн эсе социалдык-экономикалык иштерге жумшалууга тийиш.

Керри-Лугар мыйзамы деп аталган жаңы заңга жараша Вашингтон келерки беш жылда Пакистанга 7, 5 миллиард доллар жардам берүүгө тийиш. Жаңы заң боюнча, акчанын көбү Пакистандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө керектелиши керек. Коопсуздук күчтөрүнө акча террорчуларга каршы согуштун натыйжасына жана Исламабаттын ядролук технологияны жайылтпоого көмөктөшкөнүнө ылайык берилет. Мурда америкалык жардамдын көбүн пакистан армиясы алчу.

Пакистандык генералдар менен оппозициячыл партиялар, анын ичинде курама өкмөткө кирген партиялар жана талдоочулар АКШнын жардамды мындан ары өзгөчө шарт менен берүүсүнө нааразы. Генералитет шаршемби күнү өкмөттү аталган мыйзамга тийиштүү жооп кайтарууга чакырды. Ошол эле күнү премьер-министр Юсуф Реза Гилани парламентте сүйлөп, берегидей кооптонууга негиз жок экенин айтты:

- Эгер парламентте жана армияда тынчсыздануулар болсо, биз аларга кайрылабыз. Биз эч нерсени макулдашпай жасабадык. Иншалла, бу боюнча макулдашабыз. Керри-Лугардын мыйзам долбоору келишим эмес, бизди мажбурлабайт. Өз парламентарийлери тарабынан бекитилген мыйзам долбоору бизди анын бардык шартына ынангыла деп күчтөбөйт. Чечимди парламент чыгарат.

Пакистан өкмөтү буга дейре Керри-Лугар мыйзамын колдогон.

Серепчилердин баамдашынча, жаңы мыйзамдын жардамга бөлүнгөн акча кандай сарамжалданып жатканын Пакистан өкмөтү текшерсин деген
Пакистан президенти Азиф Али Зардари.
жобосу пакистандык аскербашчыларды кыжаалат кылган.

Мыйзамдын сынчылары заңдын тили Пакистанды кемсинтип шылдыңдайт деген пикирде. “Президент Зардаринин өкмөтүнүн мажүрөөлүгү Пакистанды шылдың кылды”, - деп билдирди эң ири оппозициячыл партия болгон Пакистан мусулман лигасынын өкүлү Ахсан Икбал.

Саясый кырдаалды курчутпоо үчүн премьер-министр Гилани тышкы иштер министри Курешини Вашингтондогу визитин аяктар замат, улуттук парламентке келип Керри-Лугар мыйзамын түшүндүрүп берүүнү тапшырды.

АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Ян Келли.
АКШнын Мамдепартаменти да 7-октябрда атайын билдирүү жасап, Пакистан коомчулугун жоошутуунун аракетин кылды. Мамдепартаменттин өкүлү Ян Келли:

- Биз чындап эле өз ара кызматташууну өнүктүрүүгө аракет кылуудабыз. Болчокто эриш-аркак иштегенибиз маанилүү, биз баарын ачык жасайбыз. Жардам берүүдөгү айрым шарттарга келсек, албетте, биз салык төлөөчүлөрдүн акчасын пайдалангандыктан, кеңешүүчү жана мониторинг жүргүзчү механизмдерди иштеп чыгышыбыз керек. Пакистандын эгемендигине шек келтиргенге жол жок.


Талдоочулардын пикиринче, Керри-Лугар мыйзамынан чыккан чатак Пакистан элдик партиясы башындагы курама өкмөттү алсыратышы ыктымал. Оппозиция учурдан пайдаланып, аскерий жетекчиликти дагы козутуп-куткулаары шексиз. Исламабатта жарандык өкмөт армиянын таянычын жоготсо, анда бийликтен кетээри болуп жүргөн иш.

XS
SM
MD
LG