Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:10

Кыргыз-өзбек чек арасын чечүү арасат абалда


Кыргыз-өзбек чек арасын бөлүп турган зым. Жалал-Абад
Кыргыз-өзбек чек арасын бөлүп турган зым. Жалал-Абад

Июль айынын соңунда Ташкенттеги кыргыз-өзбек жолугушуусу өзбек тараптын айынан үзгүлтүккө учураган. 18-августта Маматалиев Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидов менен жолуккан эле.

Абдрахман Маматалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, 18-августтагы жолугушуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчисинин өтүнүчү боюнча өттү. Анда эки тараптуу жалпы кызматташтыкты жандантуу, чек ара маселелерин чечүүнүн жолдорун табуу тууралуу сөз болду. Кыргыз тарап расмий Ташкентти чек аралар боюнча келишимдин долбоорун талкуулоого чакырды:

- Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун иштеп чыгып жатабыз. Бул келишимдин долбоорун Өзбекстан менен талкуулаганга ар дайым даяр экенибизди айтып коюубузду өтүндүм. Элчи өкмөттүн тапшырмасы менен келген окшойт. Ал барып жетекчилерине айтса, жакында жолугат окшойбуз. Чек араны делимитациялоо боюнча жолугалы, кааласаңар биз чакыралы же болбосо силерге баралы деп айттым. Алар болсо биз чакыралы дешти. Биз бул маселелерди тездетүүнү макулдаштык.

Токон Мамытов
Токон Мамытов

Мурунку вице-премьер-министр Токон Мамытов чек аралар боюнча келишимдин долбоору 2013-жылдан бери эле даярдалып аягына чыкпай жатканын белгиледи. Долбоордун бир канча варианты бар экенин айтканы менен анын чоо-жайын сыр бойдон калтырды:

- Долбоор боюнча бүгүнкү күнгө чейин аягына чыга албай жатканыбыздын себеби улам эле сунуштар өзгөрүлүп жатат. Бир жолугушууда кандайдыр бир жыйынтыкка келсек, кийинки жолугушуулар же чоюлуп кетип, же биз тараптан өкмөттүк комиссиялардын жетекчилери алмашып, ошонун айынан мурдагы макулдашуулар, протоколдор аягына чыкпай калып жатты. Ачыгын айтканда, бул жерде биз тараптан да күнөө бар. Бизде мисалы канча вице-премьер алмашты. Ошонун айынан өзбек тарапта ишеним азайды. Эки тараптуу жумушчу топтордун ишинин аягына чыга элек жагдайлары бар.

Саламат Аламанов
Саламат Аламанов

Чек аралар боюнча өкмөттүк комиссиянын мурдагы жетекчиси Саламат Аламанов келишимдин долбоорун даярдоо таржымалын “Азаттыкка” айтып берди. Ага ылайык, долбоордун эки варианты болгон, бирок кыргыз тарап экөөнө тең макул болбой келген:

- Такталбаган жерлердин узундугу 370 чакырымга жакын. Анда 60 жерде тешик жерлер бар. Эгер ошол такталган жерлер боюнча келишим түзөбүз десе ошондой 60 жер калып, өзүнчө эле калбырга окшогон чек ара болуп калат. Ошондуктан биз ага макул болчу эмеспиз. Ал эми кийинки вариантта ошол макулдашылган чек аранын 200 чакырымын алып салып келишим даярдайлы деп кошуналар сунуш кылган. Азыркы делегация ага да макул болбой келгени маалым.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстан менен 2001-жана 2008-жылдары түзүлгөн жашыруун келишимдер болгонун айтып чыккан.

2001-жылкы келишим Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавына байланыштуу экени анык болгон. Ага ылайык, расмий Бишкек Сохту Өзбекстандын чоң территориясы менен туташтырууга коридор ачып берип, өзбек тарап болсо өзүнүн жеринен ага жараша жер бөлүүгө макул болгон. Бирок бул меморандум Кыргызстандын кайрылуусу менен кол коюлган күндүн эртеси эле кайра жокко чыгарылган.

Ушул ай башында Ташкенттеги чек ара маселелери боюнча эки тараптуу жолугуу өзбек тараптын айынан үзгүлтүккө учураган эле. Кыргызстандан барган делегацияны Өзбекстан делегациянын курамына байланыштуу кабыл албай койгон жана кыргыз өкмөт өкүлдөрү эки күн күтүп, кайтып келүүгө аргасыз болгон. Буга байланыштуу расмий Бишкек Өзбекстандын Кыргызстандагы элчисинен түшүндүрмө талап кылган болчу.

XS
SM
MD
LG