Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:03

Президентти колдогон "мекенчилдер" эки айга камалды


Коллаж
Коллаж

9-апрелде Бишкектин Ленин райондук соту бейбаштыкка шектелип кармалган Руслан Самудин уулун, Азамат Мариповду, Эркланбек Тагаевди, Мирлан Стамовду, Илимбек Истамовду (Исраилов) жана Нурак Акимовду 8-июнга чейин камады. Социалдык медиада алар "Мекенчил" партиясынын тарапташтары экенин жазышууда.

7-апрелде Бишкектин Ленин райондук милициясына Б.Д. аттуу адам кайрылып, 6-апрелде шаардагы тамактануучу жайлардын биринде топ адамдар анын денесине залал келтирип, узак убакыт бою мыйзамсыз кармашканын айтып арызданган.

Бул фактынын негизинде Ленин райондук милициясынын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси боюнча иш козгоп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгында арыздануучyнун башы жабыркап, мээси чайкалып, астыңкы эрини жырылып кеткени аныкталган.

Бул боюнча кылмышка шек саналып, 1985-жылы туулган М.А., 1981-жылы туулган А.Н., 1984-жылы туулган С.Р., 1981-жылы туулган Т.Э., 1988-жылы туулган И.И. жана 1984-жылы туулган С.М. аттуу жарандар Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Марипов буга чейин “президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев ага чагымчыл аракеттерди көргөнүн, анын адамдары ашканага тыңшоочу аппаратты койгонун” айтып видео кайрылуу жасаган. Марипов президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевге жакын адамдар буга чейин "Мекенчил" партиясында жүргөн бир нече адамга чагымчылык кылып, карматууга аракет кылган деп айыптаган. Марипов "мекенчил мырзалар" деп атаган Эркланбек Тагаев, Нурак Акимов, Русланбек Самудинов ИИМ "бейбаштыкка" шектелип кармалды деген инициалдарга туура келет.

  • Азамат Марипов - Фейсбуктун активдүү колдонуучусу, ал социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровду, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди ачык колдогон билдирүүлөрдү жазып жүрөт.
  • Илимбек (Истамов) Исраилов коррупцияга айыпталып камалган бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду коргоп акцияга чыгып жүргөн. 2020-жылы Октябрь окуясында бийлик алмашкандан кийин бир катар медианы, “Сорос” фондунун жабылышын талап кылган топтун акциясына катышкан. 2022-жылы "Азаттыктын" кеңсесинин алдына келип, милициянын көз алдында журналисттерди ачык коркутуп, опузалаган. Бул боюнча милицияга арыз жазылганы менен, иштин жыйынтыгы ушул күнгө чейин белгисиз.

Каныбек Туманбаевдин жообу

Соңку кырдаал боюнча окуяда аты утур-утур аталып жаткан президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев түш оой айрым маалымат булактарына Азамат Мариповдун видео кайрылуусу боюнча комментарий берди.

“Марал” радиосунун сайтына чыккан маегинде ал Азамат Марипов үйлөнүү тоюн өткөрүү үчүн 13 миң доллар сураганын, Бишкектеги үйүн саткан акчасынан ага каражат бергенин айткан. Бирок үйлөнбөй эле кийин дагы каражат сурап, шантаж кыла баштаганда президент Садыр Жапаровго айтып, жолугушканын билдирди.

“Ошондон кийин өзү баш болуп "мекенчилмин" деген башка балдар баары биригип мени социалдык тармактардан каралай баштады. Мен президентке “Азамат Марипов мени шантаж кылып атат” деп кирип айттым . Президент Азамат Мариповду бир тууган агасы Кудрет Тайчабаров, бир тууган карындашы Адинай Марипованы кошуп чакырып, мен болуп президентке кирдик. Президент: “Эй жигит, эмне шантаж кылып атасың? Жеңил жашоого көнгөн экенсиң. Андай кылба, жигит. Азууңду айга жанып турат экенсиң. Ак эмгегиң менен акча таап жаша”, - деди. Азамат Марипов президенттен экинчи кайталанбайт деп кечирим сурады. Анан президент суроо берди. Каныбек берген 13 миң долларды эмне кылдың дегенде, маңдайында отурган бир тууганы Кудрет Тайчабаровдун төрт баласы бар экенин, ал жумушсуз отурганын, бир тууган карындашы Адинай Марипова да жумушсуз калып карызга батып кетишкенин айтып, алардын карыздарын жаптым” деп жооп берди”, - деп айтылат маекте.

Эске сала кетсек, камалган Азамат Мариповдун агасы Кудрет Тайчабаров ушу тапта Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси. Карындашы Адинай Марипова буга чейин президент Садыр Жапаровдун коомдук башталыштагы жардамчысы болгон.

Президент Садыр Жапаров “бейбаштыкка” шек саналып кармалган адамдар тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине 9-апрелде маек куруп, шантаж кылып акча доолагандар, коррупцияга аралашкандар ким болсо да жоопко тартыларын, “мекенчилмин” деп мыйзамсыз иштерди кылгандар бар экенин айтты:

“Кийинки убакта мен “мекенчилмин” деген аферист, шантажчылар пайда болду. Камалгандардын арасында экөөсү - шантажчы. Бирөөлөрдү опузалап жеңил акча таап жан бакканга өтүп алышыптыр. Берки үчөөнү “кайсы кара теке сүздү”, билбейм. Мен камалгандардын бирөөсүнүн шантаж кылып жүргөн CМС билдирүүлөрүн, телефон чалууларын, үн жазууларын угуп, бир ай мурда чакырып эскерткем: “Эй жигиттер, минтип арам акча менен жан бакпай иштегиле, бизнес кылгыла, таза жашоого өткүлө” деп. Эми анын баарын айтып майдаланбай эле коёюн. Алардын бир туугандары жакшы билишет. Бир туугандарынын катышуусунда эскерткем: “Эй жигит, жапжаш эле бала экенсиң. Иште, адал эмгек менен акча тап” деп”, - деди Жапаров.

Анткен менен мамлекет башчы маекте эч кимдин атын ачык атаган эмес. Журналист: “Бул кармоо менен жакында эле алар ооз ачарга барып анан жашыруун камера, тыңшоочу аппаратура таап алышы менен байланышы барбы? Ал жерге камера орнотуп жаткандардын беттери көрүнүп калган тасма тарап “бийлик атайын камера коюп, мекенчилдерге каршы иштеп атат” деп чыгышты. Андагылардын бири Каныбек Туманбаевди коштоп жүргөндөрдүн бирине окшош экени айтылууда”, - деп суроо берген.

Садыр Жапаров бул окуяга бийликтин тиешеси жок экенин, ал териштирилерин билдирген. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы 8-апрелде бейбаштыкка шек саналып алты адам кармалганын кабарлады.

6-апрелде Бишкектеги тамактануучу жайлардын биринде жансакчысы аралашкан окуя тууралуу да суроого жооп берип, ал чын эле анын жансакчысы экенин, бирок ал жерде башка иштер менен жүргөнүн кошумчалаган.

“Мекенчил” партиясынын айрым мүчөлөрү кармалгандар боюнча акыйкат иликтөөнү суранып жатышат. Алардын бири Илмира Бечелова Туманбаевдин айтканынан күмөн санап турганын жашырган жок.

“Акыйкат иликтенип эгерде балдардын шантаж кылып жатканы аныкталса, жазасын алсын. Күнөөсү жокторду бошотуп коюшун мен Садыр Жапаровдон суранам. Эмне үчүн өкүл бала болом деп койсо эле чоң суммадагы акчаны карматып койгонуна таң калам. Мамлекеттик башкарууда мындай болбошу керек. Баары мыйзам чегинде болушу керек”.

Бул Садыр Жапаровду колдоп жүрүп, кийин мыйзамсыз аракеттерге барган деп кармалган алгачкы учур эмес. Мындан улам жарандык активист Айбек Теңизбаев кайсы бир топтордун мамлекеттик саясатка аралашып жатканын сындады.

“Мекенчилмин” деген адамдар ар түрдүү саясий окуяларга катышып, саясатка таасир этип жатканын, бул гана эмес ишкерлерди дагы ар түрдүү жолдор менен алардан акча талап кылып келгенин билебиз. Анан ошол эле учурда Туманбаевдин дагы бул окуяда тиешеси бар экен. Демек бул чоң нерседен кабар берет. Президент тыкыр иликтеп, мындай нерседен арылышы керек”.

"Мекенчил" партиясынын чоо-жайы

"Мекенчил" партиясы 2020-жылга октябрга чейин Садыр Жапаров абакта отурган мезгилде түзүлүп, анын жактоочуларынан турган партия болгон. Анын мүчөлөрү Жапаровдун абактан бошотулушун талап кылып, ар кандай акцияларга активдүү катышып келген. 2020-жылы 4-октябрдагы шайлоодо "Мекенчил" партиясы катышып, 5 пайыздык босогодон өтпөй калган. Дал ушул шайлоодон чыккан нааразылык элдик толкундоо менен коштолуп, бийликтин алмашуусун жана Садыр Жапаровдун президенттикке келишин шарттаган. Бирок кийин Садыр Жапаров "Мекенчил" партиясы парламенттик шайлоого катышпасын, өз тарапкерлери мыйзам бузса, башкалар сыяктуу эле жазага тартыларын эскерткен.

Буга чейин да Садыр Жапаровду колдоп жүрүп, кийин мыйзамсыз аракеттерге барган бир нече адамга кылмыш иши козголгон:

  • Алсак, Фейсбукта жарандык коомдун өкүлдөрүн, оппозициялык саясатчыларды кескин сындап келген 32 жаштагы активист Бекзат Өмүрбеков жана Ш.Т. аттуу шектүү ушул жылдын март айында кармалган. Милиция тараткан маалыматта ал аймактардын бирине жетекчилик кызматка орноштуруп берүүнү убада кылып Т.И. аттуу жабырлануучудан 50 миң доллар өлчөмүндө акча алган. Андан соң изин жашырып кеткен. Шектүүлөр өлкө жетекчилиги менен байланышы бар экенин айткан. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Биринчи Май райондук соту анын бөгөт чарасын 3-мартта карап, 1-майга чейин тергөө абагына камады. Бирок 20-мартта үй камагына чыгарылганы белгилүү болду.

  • 2023-жылы ноябрь айында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси 200 миң АКШ долларын опузалап алуу фактысы боюнча кармалганын билдирген. Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, ал көмүр казуучу ишкананын башкы директору А.Б.А. аттуу жарандан пара алып жаткан жеринен кармалган. Атайын кызмат М.Т.А. аттуу кеңешчинин аты-жөнүн тактаган эмес. Бирок анын инициалы Талантбек Мамытовдун атына туура келери ошол учурда айтылган. Мамытов кармалган кезде президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси болгон. 2020-жылы өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо “Мекенчил” партиясынын тизмесинде талапкер болгон.
  • 2022-жылы октябрь айында Садыр Жапаровду колдогон "Элдик көзөмөл" кыймылынын жетекчисинин милдетин аткаруучу А.О. аттуу жаран Улуттук коопсуздук комитети тарабынан кармалган. Анда ал жергиликтүү соттордун биринин төрагасынан 200 миң сом пара алып жатканда колго түшкөнү маалымдалган. Кылмыш иши эмне менен бүткөнү белгисиз.
  • 2021-жылы "Элдик көзөмөлдүн" ошол кездеги башчысы, 2020-жылдагы саясий окуяларда азыркы президент Садыр Жапаровдун жигердүү тарапташы катары таанылган Бакай Кашкарбаев кармалган. Буга президенттик админстрациянын алдында Бишкектеги жаңы конуштардын тургундары чыгып, Кашкарбаевге чара көрүүнү талап кылышканы себеп болгон. Милиция ал "Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо", "Бийлик өкүлүнө карата коркутуу", "Майда бейбаштык" беренелери боюнча шек саналганын билдирген. Бирок Бишкектеги Свердлов райондук соту активист Бакай Кашкарбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, 31-октябрда аны үй камагына чыгарган.
  • 2020-жылы Октябрь окуяларынын кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун тарапташы болгон Мелис Аспеков 2021-жылдын башында "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигинен “250 миң доллар талап кылган” деген шек менен кармалып, кылмыш иши козголгон. Кийин ага "15 миң долларды мыйзамсыз алуу жана Кара-Балта шаарында батирди кайра сатуу" беренеси менен айып тагылып, “алдамчылык” беренеси да кошулган. Аспеков соттук жараяндарда күнөөсү далилденбегенин, "саясий негизде иш козголгонун" билдирген. Президент Садыр Жапаров анын дооматтарын четке каккан. 2022-жылы март айында Биринчи май райондук соту Аспековду күнөөлүү деп таап, алгач жети жылга эркинен ажыраткан. Ошол жылы июлда Бишкек шаардык сот өкүмдү өзгөртүп, Аспековду "алдамчылык" беренеси менен күнөөлүү деп таап, ошол эле маалда жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза берген эмес. Судья анын алты жылдык абак жазасы каралган “Опузалап талап кылуу” айыбын күчүндө калтырган. Активист 2023-жылы май айында президенттин ырайымынын негизинде абактан бошотулган. Кийин ал Фейсбуктагы баракчасында пост жазып, “пара катары берилди” деген акча өзүнүн акчасы болгонун билдирген жана аны Улуттук коопсуздук боюнча комитет каражатты ага кайтарып бергенин жазган. УКМК муну төгүндөп чыккан. 2023-жылы сентябрда социалдык тармактарда Мелис Аспековго байланыштуу деген аудио жазуу жарыяланган. Мунун артынан Ички иштер министрлиги аны кармап, эки берене менен айып таккан. Аспеков ал айыптарды четке каккан. 2024-жылы март айында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Аспековду Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси (Кылмышка даярдык көрүү) жана 278-беренеси (Массалык башаламандыктар) менен күнөөлүү деп таап, жети жылга эркинен ажыратканы белгилүү болгон.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG