Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Президенттин Баткендеги өкүлүнүн кеңешчиси пара менен кармалды


УКМК тараткан сүрөт
УКМК тараткан сүрөт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси 200 миң АКШ долларын опузалап алуу фактысы боюнча кармалганын 24-ноябрда билдирди.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, ал көмүр казуучу ишкананын башкы директору А.Б.А. аттуу жарандан пара алып жаткан жеринен кармалган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кармалган М.Т.А. дагы эки жаран менен бирге өздөрүнүн материалдык кызыкчылыгын көздөп, “көмүр казууга лицензия алуу үчүн документтерди бурмалады, рейдерлик жол менен басып алды” деп көмүр казуучу ишкананын башкы директоруна чара көрүүнү суранып, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылганы белгилүү болгон.

УКМК билдиргендей, кармалган кызматкер А.П.Н. жана А.А.Н. аттуу жарандар менен сүйлөшүп, көмүр казган ишкананын ишмердигине тоскоолдук жаратам деп коркутуу менен анын директорунан акча опузалаганы такталды.

Учурда иштин жагдайларын жана бардык тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Кеңешчинин кармалышы боюнча президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү комментарий бере элек.

Атайын кызмат М.Т.А. аттуу кеңешчинин аты-жөнүн тактаган жок. Бирок анын инициалы Талантбек Мамытовдун атына туш келет. Ал учурда президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси. 2020-жылы өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо “Мекенчил” партиясынын тизмесинде талапкер болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG