Юстиция министрлигинин алдындагы мамлекеттик кепилдетилген юридикалык жардам берүү борбору жылына он миңдеген адамдарга укуктук жактан колдоо көрсөтүп келет.
Ар бир адам мамлекеттен акысыз юридикалык жардам алса болот
2020-жылы пандемиянын айынан бул борборго кайрылгандардын саны азая түшкөн. Аталган борбордун директорунун орун басары Жылдыз Рыскулова кайсы жарандар, кандай учурда акысыз юридикалык жардам ала аларын түшүндүрүп берди.