Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:30

СЕРБИЯДАГЫ ШАЙЛООДОН КИЙИНКИ АБАЛ


Нарын АЙЫП 13-октябр күнү Сербияда өткөрүлгөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасына шайлоочулардын 50 пайызынан аз адам катышкандыктан, анын жыйынтыктары жокко чыгарылууда. Шайлоого катышкан Югославия президенти Воислав Коштуницанын дагы бийликте калуу мөөнөтү аяктоодо, ошондуктан, өлкөдөгү абал өтө татаал.

Сербиядагы саясий абал - анын премьер-министри Зоран Джинджич менен Югославия президенти Воислав Коштуница ортосундагы жаңжалдан келип курчуду. "Сербиянын демократиялык партиясын" шайлоонун алдында президент Коштуница - бийликтеги коалициядын чыгарып кетти, коалициянын атынан болсо, шайлоого - Сербиянын вице-премьери Миролюб Лабус катышты. Югославия федерациясына азыр Сербия менен Монтенегро кирет, бирок жакында Федерация жоюлуп, анын ордун "Сербия-Монтенегро" деп аталган жаңы мамлекет басууга тийиш. Югославиянын негизги жумурияты болгондуктан, Сербиянын жетекчилери өзгөчө мааниге ээ. Анын диктатору Слободан Милошевичтин бийлик мөөнөтү аяктап баратканда, ал Югославиянын президенти болуп шайланып алып, бийлигин узарткан. Федерация жоюлаардын алдында дагы, Милошевичтин андагы ордун баскан Коштуница - кайрадан Сербиянын президенти болуп шайланууга аракеттенүүдө.

Мындан эки жыл мурда Коштуница менен Джинджич биригип, Милошевичти бийликтен кулаткан жана байкоочулар ал кезде - эми Сербия демократиялык жолго түшөт деп жоромолдогон. Бирок кийин Батыш жетекчилери Милошевичти эл аралык сотко берүүнү талап кылганда, президент Коштуница ага каршы чыгып: Милошевич Сербиянын өзүндө гана соттолушу мүмкүн,- деп билдирген. Сербиянын премьери Джинджич болсо, федерациянын президенти менен акылдашпастан, Милошевичти былтыр июн айында соттун колуна карматып берген. Азыр дагы Джинджич жана президенттике ат салышкан анын орун басары Лабус - Сербия Батыш менен тыкыз кызматташуусу үчүн күрөшөт, президент Коштуница болсо, реформачылар менен улутчулдардын ортосунда калды.

Мурдагы президент Милошевичтин саясатын жактаган ашынган улутчул Воислав Шешель да шайлоого катышкан жана 29-сентябрда өткөн биринчи айлампада үчүнчү гана орунга жетип, кийнки күрөштөн чыгып калган. Анткен менен Шешель - шайлоонун экинчи айлампасынын алдында өз шайлоочуларын добуш бербөөгө үндөп, ал өзү утулган соң, башка эч кимди да жеңишке жеткирбестен, көксөгөнүнө жетти.

Шайлоонун биринчи айлампасына - добуш берүүгө укугу бар адамдардын 55 пайызы келген, экинчи айлампага шайлоочулардын болгону 45 пайызы катышты. Берилген добуштардын 66 пайызын Коштуница алды, анын атаандашы Лабус болсо, 31 гана добуш чогултууга жетишти. Басымдуу жеңишке жеткени менен, азыркы мыйзамдар боюнча Коштуница президент боло албайт жана анын прартиясы - Борбордук шайлоо комиссиясына каршылык арыз берүүгө даярданууда. Эми өлкөдө үч айдын ичинде жаңы шайлоо өткөрүлүүгө тийиш жана ага талапкер болгондорго эч тоскоолдук жок. Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму болсо, жаңы шайлоого чейин Сербиянын шайлоо мызамдарын өзгөртүнүү сунуштоодо.

Добуш берүү аяктагандан кийин, президент Коштуница - ага добуш бергендерге алкыш айтып, элдин көпчүлүгү аны колдогонун белгиледи:
"Шайлоого катышкан Сербиянын бардык жарандарына, өзгөчө мага добуш бергендерге алкыш айткым келет. Көрдүңөрбү, эки миллионго жакын адам мага добуш берди жана мен аны менен сыймыктанам".

Утулган Миролюб Лабус болсо, келечекте баары бир анын өкмөтү жүргүзгөн саясат гана ийгиликке алып келээрин билдирди: "Cербияга курулай убада эмес, чыныгы кызмат керек, Сербия Европага умтулууга тийиш. Европа менен биригүү жолунда гана Сербия Балкан жарым аралында алдыңкы орунга чыга алат жана Сербия Балкандын лидери болооруна мен ишенем".

Анткен менен, федерация жоюлаардын алдында анын негизги мураскор мамлекетинде шайлоо мыйзамсыз болуп жатканда, саясий абал канчалык татаал экендиги айтпаса да түшүнүктүү.

XS
SM
MD
LG