Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59

ИНДОНЕЗИЯДАГЫ ТЕРРОРИЗМ


Нарын АЙЫП Ишембиден жекшембиге караган түнү Индонезиянын Бали аралында эки жардыруу болуп, андан 200гө жакын адам курман болду. Былтыр сентябрда Америка кошмо штаттарына каршы көрүлгөн чабуулдан кийин бул - дүйнөдөгү эң чоң террордук аракет жана кээ бир эксперттер ага - белгилүү "Аль Каида" террордук уюмунун тиешеси бар, - деген пикирде. АКШ жетекчилиги болсо, Индонезияны: терроризмге каршы жетиштүү чара көрбөйт,- деп күнөөлөдө.

Жардыруулар 12-октябр күнү кечинде Бали аралындагы "Сари Клаб" атуу түнкү дискотекада болгон жана андан 180-ге жакын адам курман болуп, 300-дөй киши жарат алды. Алардын көпчүлүгүнүн денелери табыла элек, табылгандардын болсо, азырынча 40-ка жакынынын гана аты-жөнү белгилүү. Индонезияга туристтер көп келгендиктен, өлгөндөрдүн арасында - Австралия, Алмания, Америка, Британия, Голландия, Корея, Сингапур, Франция, Швеция жана Эквадордун да жарандары бар. Регби жана футбол боюнча эл аралык мелдешке келген австралиялык жана британиялык спортсмендер да курман болду.

Жардыруулар үчүн эч ким өзүнө жоопкерчилик ала элек, бирок, аларга тиешеси бар деп шектелген эки адам азыр суракка алынууда, анткен менен, алар расми түрдө кармалган жок. Америка кошмо штаттарынын бир топ эксперттери: Индонезиядагы жардырууларга Усама бин Ладен жетектеген "Аль Каида" уюмунун тиешеси бар болушу мүмкүн, - деген пикирде. Мамлекеттик катчы Колин Пауэлл болсо, 15-октябрда: өлкөдө терроризм жок деп эми Индонезиянын жетекчилиги айта албайт, - деп билдирди:

"Силер дагы терроризмден кур эмес экениңерди көрдүк. Эми силер - өлкөбүздө терроризм жок деп айта албайсыңар. Терроризм - анын өнүгүшүнө шарт жана мүмкүнчүлүк болгон жердин баарында бар жана ошондуктан биз бүткүл дүйнө боюнча анын артынан түшүүдөбүз. Эми Индонезия дагы ага каршы күрөшүүгө киришет деп ойлойм".

Пауэлл айткан сөздөр өтө катуу сыяктуу, бирок ага негиз бар. Индонезияга кошуна өлкөлөрдө акыркы мезгилде терроризмге каршы бир топ чара көрүлгөн, мисал үчүн, Малайзияда акыркы бир жылдын ичинде полиция 60-тан ашык адамды камакка алган, Сингапурда болсо, өткөн декабрдан бери 31 адам кармалган.

Алардын көпчүлүгү - Түштүк-Чыгыш Азияда Ислам халифатын түзүүгө аракеттенген "Жимаа Исламия" уюмунун мүчөлөрү жана кээ бир эксперттердин айтымында, ал уюм "Аль Каида" менен байланышкан. Өткөн жай айларында АКШнын жетекчилиги: кээ бир азиялык өлкөлөрдөгү америкалык элчиликтерге каршы террордук чабуулдар даярдалып жатат,- деп билдирген жана андай аракеттер мүмкүн боло турган өлкөлөрдүн арасында Кыргызстан да бар болчу. АКШ жетекчилиги анда Кытайдагы Чыгыш Түркстандын уйгур бирикмесин дүйнөдөгү террордук уюмдар тизмесине киргизген жана эми ал тизмеге "Жимаа Исламия" дагы кошулушу мүмкүн.

Бул уюм Индонезияда дагы аракеттенет, бирок өлкө жетекчилиги АКШнын кысымына карабай, ага каршы чечкиндүү аракет көрбөй келген. Өткөн июн айында бирок, Индонезияда - "Аль Каида" менен кызматташкан деп шектелген Омар аль-Фарук аттуу адам кармалган жана ал АКШга өткөрүлүп берилип суралгандан кийин, террорчулар тууралуу бир топ жаңы маалымат белгилүү болгон. Дал ошондон кийин, сентябрдын 16-сында Индонезияга - АКШ мамлекеттик катчылыгынын коопсуздук маселелер боюнча кызматкери Карен Брукс келип, өлкө президенти Мегавати Сукарнопутриге - Индонезиядагы терроризм тууралуу жаңы табылган малыматтарды жайып берген жана ал экөө сүйлөшүп жаткан учурда Сукарнопутриге президент Джордж Буш да телефон чалган.

Маселе канчалык орчундуу экенин - кийинки күндөрдө президент Сукарнопутри өлкөнүн негизги министирлери менен бир нече шашылыш жыйын өткөргөнү көрсөтөт жана натыйжада жакында - Индонезияда иштеген алманиялык жаран, Сеям Реда аттуу адам кармалган. Ал - "Аль Каида" менен байланышы бар деп шектелүүдө, бирок Индонезия аны АКШга өткөрүп бере элек. АКШынын коопсуздук кызматтары болсо, азыр - "Жимаа Исламиянын" Индонезиядагы жетекчиси Абубакар Баасирге каршы аракет көрүүнү талап кылууда.

XS
SM
MD
LG