Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Иракка каршы согуштун Израилге тийчү таасири.


Улан Алымкул уулу АКШ президенти Жорж Буш эгер Ирак Израилге оозунуп кол салса жөөт өкмөтү ага жооп берүүгө укуктуу деп эсептейт. Израилдин премьер- министри Ариэль Шарон менен болгон жолугушуудан кийин жасалган АКШ президентинин жогорудагы билдирүүсү анын алдында айтылган божомолдордон айырмалангандай болду. Ал эми учурда Ирак маселеси Улуттар уюмунун коопсуздук кеңешинде талкууланып жатат.

1991-жылы Перси булуңундагы согуш учурунда жөөт өкмөтү Ирак тараптан аларды көздөй 39 ирээт атылган Скад үлгүсүндөгү ракеталардын бирине да жооп берген эмес. Өз кезегинде Израил өкмөтүнүн мындай туруму жана сабырдуулугу , АКШ үчүн Иракка каршы андагы согушта араб өлкөлөрүнүн тегиз колдоосун камсыздоодо чечүүчү жардам болгону белгилүү.Андыктан Вашингтон эми Иракка каршы жаңы ыктымал аскерий операцияны караштырып жаткан кезде Багдаддын өч алуу чабуулдары кайра кайталанса Ирзраилдин мамилеси кандай болот деген маселе азыр да күн тартибине чыгууда. Перси булуңундагы согуш учурунда Израилди башкарган премьер- министр Искак Шамирден айырмаланып , азыркы жөөт өкмөт башчысы Ариэль Шарондун кокус Багдад АКШнын чабуулуна жөөт өлкөсүнө ракета атуу менен жооп берсе Израил чечкиндүү чара көрөөрүн айткан жери бар. Ушундан улам баяндамачылар Буш менен Шарондун шаршембиде Вашингтондо болгон жолугушуусунда АКШ тарап Израилди Иракка карата турумун жумшартууга чакырат деп жоромолдошкон эле. Бирок АКШ президенти Буш сүйлөшүүлөрдөн кийин жогорудагы жоромолдорго үндөш эмес билдирүү жасады:
"Эгер Ирак Израилге эртең кол салса , премьер- министр жооп берет деп деп ойлойм. Ал өзүн коргоону каалайт. Бизде Ирактагы режим тынчтык жол менен куралсызданат деген үмүт бар " ,- деди АКШ президенти Буш . Ага катар Буш АКШ жана анын союздаштары Израилге "Хезболла" өңдүү террордук топтордун кол салуусуна жооп берүү ишинде да көмөктөшөөрүн белгиледи.
Израил премьер- министри Ариэль Шарон болсо жолугушуудан кийин аталган маселе боюнча комментарий жасабады жана эки лидердин сүйлөшүүлөрүнүн деталдары жарыяланган жок.
Кабарчылар Шарон менен Буштун жолугушуусу алдында АКШ Израилди палестин- жөөт жаңжаалында да позициясын жумшартууга көндүрөөрүн болжолдошкон. Эксперттердин пикиринде , мындай кадамдар да АКШнын Иракка каршы чабуулда араб өлкөлөрүнүн колдоосуна ээ болуу аракеттери менен байланыштуу. Кловис Максуд Араб лигасынын Вашингтондогу мурунку өкүлү . Учурда Вашингтон университетинде профессорлук кылган Максуд азыркы шартта араб өлкөлөрүнөн кандай гана колдоо болбосун бул АКШ үчүн жеңиш экенин , 1991-жылкы окуя менен Иракка каршы жаңы согуштун ортосунда чоң айрым бар экенин айтат. Адистин пикиринде , Ирак кол салгандан кийин АКШ Кувейтти коргоого алуусун анда араб өлкөлөрү толук мыйзамдуу иш катары кабыл алган . Азыр болсо алар палестин аймактарын окупациялап алганына карабай АКШ Израилди колдоп жатышына кыжырданууда. Арабдар Кошмо штаттарды Улууттар уюму Иракка карата экономикалык санкцияларды улантып жатканы үчүн да айыпташат. Балким алар Саддам Хусейнди жактырбайт, бирок Иракка каршы жаңы согуштун мыйзамдуу жүйөөсүн көрө албай турушат:
" АКШнын Шаронду сабырдуулукка көндүрүү аракети жетишсиз. Менимче биз өнүкпөй калганбыз. Бирок такыр эле артта калган эмеспиз. Азыр араб дүйнөсүндө кыжырдануу көп . Анын кесепеттери кандай болоорун мен билбейм жана ойлонууну да каалабайм ",- деди Вашигтон университетинин профессору, теги араб Кловис Максуд. Ошондой эле Максуд "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна берген маегинде Израил Ирактын кандайдыр бир чабуулна жооп берүүсү күмөндүү экенин белгиледи
Вашингтондогу Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун Жакынкы Чыгыш программасын жетектегендердин бири Жудит Киппер жогорудагыдай пикирлер менен макул :
" Менимче БУУнун же башканын алдында болсун бирдей көз караштагы мамлекеттердин коалициясын түзүү жана араб режимин кулатууга Израилдин катышуусу өтө проблемалуу. Израил муну билет жана качан кадимки эмес куралдардан сокку жеп же эч кимдин жооп бербе деп сурануу мүмкүнчүлүгү болбой калганга чейин өздөрү буга аралашууга кызыкдар эмес. " ,- дейт Вашингтондогу Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун эксперти Жудит Киппер
Ал эми мунун аралыгында ООНдун Коопсуздук кеңешинде Ирак боюнча ачык талкуулар өтүп жатат. Шаршемби күнкү жыйында чыгып сүйлөшкөн Жакынкы Чыгыш , араб мамлекетеринин жана блокко кошулбаган өлкөлөрдүн өкүлдөрү Коопсуздук кеңешин алды менен Иракта эл аралык инспекцияны жандандырууга чакырды. Ошол эле кезекте ораторлордун көпчүлүгү Иракты инспекторлордун ээн-эркин текшерүүсү үчүн шарт түзүүгө үндөдү.

XS
SM
MD
LG