Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:42

Евросоюз Калининград маселесинде өз ара мунасага келди.


Улан Алымкул уулу. Евросоюздун тышкы иштер министрлери шейшемби күнү Люксембургда аяктаган эки күндүк жыйынында Калининград облусунун проблемасына байланышкан маселеде өз тарабынан Орусияга берилүүчү сунуш боюнча мунасага жетишти. Эми ал сунуш Евросоюздун ушул аптада өтүүчү саммитинде жактырылышы керек.

Евросоюздун тышкы иштер министрлеринин бул жолку жыйыны уюмдун ушул аптада, Брюсселде болуучу ал эми ноябрь айында, Данияда белгиленген Евросоюз- Орусия саммити алдында өттү. Андыктан, жыйын ошол жогорку деңгээлдеги саммиттерге даярдык да болуп эсептелет.
Орусия Калинград облусу аны курчап турган Польша менен Литва 2004-жылы Евросоюзга киргенден кийин изоляцияда калат деп кооптонот жана калининграддыктар өлкөнүн башка аймактарына каттоосу үчүн визасыз режим сакталышын талап кылып жүрөт. Толук визасыз режимди сактоо жөнүндөгү талапты Еврокомиссия кабыл алган эмес жана талашты чечүүнү компромисстик жолу катары визанын ордуна жөнөкөйлөштүрүлгөн транзиттик документтерди киргизүүнү сунуш кылган. Калининградыктар Орусиянын башка аймактарына каттоодо көбүнесе Литванынын аймагын пайдалангандыктан буга Вильнюс көнбөдү. Литва транзиттик документтер Евросоюздун Шенген виза режимине теңдештирилсе гана макул болоорун билдирип, бул боюнча Литва парламенти жакында атайын чечим да чыгарган. Анткени, Литва орусиялыктарга жөнөкөйлөштүрүлгөн виза режмин сактоо менен келечекте өзү Евросоюздун Шенген зонасына кире албай каламбы деп кооптонот. Ушундан улам компромисске келүүнүн башка жолдорун издөө талап кылынды. Евросоюз тышкы иштер министрлеринин Люксембургдагы жыйынан соң кабарлагандай, алар өз тарабынан Орусияга берилүүчү сунушта мунасага жетишти. Евросоюздун учурдагы төрагасы, Даниянын тышкы иштер министри Пер Стиг Меллер жыйындан соң төмөнкүлөрдү билдирди:
"Бүгүнкү милдет Литванын суверенитетин, Шенген келишиминин натыйжалуулугун, Орусиянын жана Евросоюздун кызыкчылыктарын бириктирүү болгон. Акыр аягында биз бул кызыкчылыктар ортосундагы тең салмактуулукка жетиштик. Бүгүнкү талкуунун жыйынтыгы Европа кеңешинин ушул апта соңундагы жыйынында жактырылат", - деди Дания тышкы иштер министри Пер Стиг Меллер.
Евросоюз өз ара жетишкен мунасага ылайык Литва 2003-жылдын орто ченинде, орусиялыктар үчүн жөнөкөйлөштүрүлгөн транзиттик документтер күчүнө киргенге чейин ийкемдүү виза саясатын жүргүзөт. Ошондой эле Литва келерки жылы келечекте орусиялыктарды визасыз ташуу үчүн тез ылдамдыкта жүрүүчү поезди каттаттуу мүмкүнчүлүгүн изилдеп көрүүгө макул болду. Ал эми Евросоюз өз тарабынан Литва Шенген зонасына мүмкүн болушунча тезирээк кирээрине кепилдик берди. Бирок, ошол эле кезекте Литва чет өлкөгө чыгуучу паспорту жок орусиялыктарды өз аймагы аркылуу өткөрбөй кою укугун сактап кала берет. Мындай көрүнүш орусиялыктардын ички паспорттору транзит үчүн 2006-жылга чейин жарактуу болсун деп жаткан Москваны кайрадан тынчыздантышы мүмкүн.
Дания тышкы иштер министри Пер Стиг Мюллер белгилегендей, Еврсоюз Калинград маселеси боюнча ич ара мунасага көбүнесе Литванын аракеттерине байланыштуу жана Орусия турумундагы айрым өзгөрүүлөрдөн улам келе алды.
Азырынча Орусия атуулдары Калининградды көздөй ары-бери поезд аркылуу визасыз катоосу жөнүндөгү талабынан биротоло баш тартты деп ырасташ кыйын. Биздин радионун кабарчысы билдиргендей, Орусиянын мындай талабы сакталып жатканы Евросоюз тышкы иштер министрлеринин Люксембургдагы жыйынына даярдалган документте да айтылган.
Айтор, Евросоюз да, Орусия да Калининград проблемасы боюнча ноябрь айынын он биринде Данияда өтүүчү саммитте эки жак үчүн тең ыңгайлуу жол табылып, тийиштүү келишимдер кабыл алынаарына үмүттөнүп жатат.

XS
SM
MD
LG