Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Акшынын мамкатчысынын жардамчысы Уильям Бөрнс жөөт жана палестин жетекчилери менен тынчтык процессин жандантуу маселесин сүйлөшүү үчүн бүгүн Иерусалимге келди.


Бөрнс бүгүн Израилдин тышкы иштер министри Шимон Перес менен убактылуу тынчтык планын талкуулайт. Бүгүн Израилдин радиосунан сүйлөгөн сөзүндө Перес "жол көрсөткүч" деп аталган бул планды долбор катары кароо керек экенин, белгиледи. Кечее Израилдин телесинен сүйлөгөн сөзүндө жөөт коргоо министри Беньямин Бен Элиезер "жан кечти террорчулукту аскер күчү менен токтотуунун аргасы түгөнгөнүн, проблеманы дипломаттык жол менен гана жөнгө салуу мүмкүн экенин билдирген. Бул билдирүү 16 кишинин өмүрүн алып кеткен жан кечти террорчунун бомба жардыруусунан кийин жасалып отурат. Кечее жана өткөн түнү Израилдик аскерлер террактка Наблус шаарында жана Газа тилкесинде рейдтерди өткөрүү менен жооп кайтарып, согушкер деп шектелген палестиндердин үйлөрүн кыйратты. Бүгүн эртең менен Наблуста жөөт аскерлери Арафаттын Фатах фракциясынын мүчөсүнүн үйүн жардырып салышты.

XS
SM
MD
LG