Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:37

Кармадон капчыгайында кулап тушкон монгу тууралуу


Торокул Дооров Тундук Осетиядагы Кармадон капчыгайындагы оор жаратылыш кырсыгы жур коргонуно бир ай толду. Кырсык алып келген жаны проблемалар менен жоголгон адамдарды табууда аткарылып жаткан иштер тууралуу Москвадагы кабарчыбыз билдирет.

Баласын жоготкон эненин уну: Мен бул жердеги башка энелердей эле баламдын ушул жерде болбой кала тургандыгына ишенбейм. Менин эле эмес, муз устундо баласын куткон баардык апалардын ишеничи акталуусу керек. Биздин ортобуздагы байланыш минтип узулуп калуусу мумкун экендигине ишенгим келбейт.

Бул - Тундук Осетияда кочкон монгу айынан оз баласынын дайынын билбей, ушул кунго дейре бир гана чон умут менен жашап жаткан эненин созу… Алаамат канчалаган ата-энелердин, эже-синдилер менен агалардын, андан калса жон гана жакын адамын жоготкон жуздогон адамдардын ниетин жакындатты. Алардын баары бугун бир гана чон максат – кантип болсо да тируу жанды табуу максаты менен биргелешип изилдоо иштерин аткарышууда.

Белгисиз адам суйлойт: Биз дале болсо тируу калгандарды таба алабыз го деген ишеничтебиз.

Ооба, дал ушул умут оз ыктыяры менен келип, оперативдуу изилдоо ишин аткарып жатышкан топтун катарына кошулган адамдарды жыйнады. Алар жардыргычтар менен башка техникалык каражаттарын далысына арта муз устунон которулушот. «Мындагы жумушту натыйжалуу же натыйжасыз деп айтуу туура болбос» – дешет мындагы копчулук. Алар учун жардырылган муздун колому, чукулган жердин терендиги эсеп эмес. Канча отсо да «Дагы, дагы» деген гана ундор… Алар, эгер керек болсо, какшаган музду тиши менен сындырып болсо да, жакын адамын табууга даяр…

(Жумуштун журушу…)

Эксперттердин баамында, Геналдон капчыгайында изилдоо ишин жургузуп жатышкандар ал жерден тезирээк кетуусу керек. Анткени, муз акырындап эрип, адам коопсуздугу учун коркунуч туудурууп жатууда. Анын устуно Тундук Осетиянын озгочо кырдаалдар министри Борис Дзгоев да изилдоо иштери аба-ырайындагы озгоруулорго жараша токтотулуп, келерки жазда кайрадан баштала тургандыгы тууралуу чечим чыгаргандыгын айтты. Бирок, жакын адамдарынын тируу же тируу эместиги тууралуу маалыматы жок мындагылар бул чечимге каршы чыгышууда.

Аял суйлойт: «Мен музду созсуз жарабыз, астындагыларды тируу бойдон таба алабыз деп толук ишеним менен айта албайм. Мындай болуусу мумкун эместигин баары эле тушунушот. Балким, бул кудайдын кимдир бироого кайсыл бир куноосу учун жоноткон жазасыдыр, бирок ал акыркы мумкунчулукту берип жатпайбы. Биз кантип муз астындагылардын тируу же тируу эместигин так билбей туруп, ишти токтотуп кое алабыз. Биз созсуз бул мезгилди пайдаланып калышыбыз керек» - дейт бир тууган инисинен айрылган айым.

20-сентябрь, кечки саат тогуз. Кармадон айылынын туштук тарабындагы 15 чакырым алысыраакта узундугу 5 километр, калындыгы 10метрден 100метрге чейин, ал эми кендиги 200метрге жайылган Колка монгусу Геналдон дайрасынын агымы боюнча кулап тушту. Мынчалык чон коломдогу муздун кучу озу менен кошо 16 жарым чакырымга созулган сел агымын жаратты. Натыйжада, сел тоолуу Цаниба айылын каптап, ондогон уйлор муз астында калды. Трагедиялуу окуя жай бою Орусиянын туштук болугундо жургон суу ташкынынан кийин жуз корду. Быйылкы жаратылыш кырсыктарынан жапа тарткандардын саны бугун 24 мин 400адамды тузот…

РИА Новости маалымат агенттиги тарабынан маалымдалгандай, учурда 120адамдын аты «кабарсыз жоголгондордун» тизмегинде катталуу. Олконун Озгочо кырдаалдар министрлиги тарабынан жургузулуп жаткан изилдоо-куткаруу иштерине бугун 250дон ашуун адам тартылышып, 44 ит жана вертолет иштетилуудо.
Мамлекет башчы Владимир Путин «кырсык буга чейин болуп корбогондой чон масштабдуу болгондугун» айтты. Орус Окмоту алдына коюлган негизги милдет - уй-жайынан айрылган жарандарга жардам корсотуу жана кылымдардан бери турган коломдуу монгунун эрип, кайсыл багытта нугун озгорто тургандыгын аныктоо. Анткени, муз - бул бир канча тонналаган суу – дейт Путин.

XS
SM
MD
LG