Бүгүн Пхеньянда Түндүк жана Түштүк Кореянын ортосунда экономикалык маселелер боюнча эки күндүк сүйлөшүүлөр башталды.
Жолугушуу Кошмо штаттар Түндүк Кореяны өзөктүк куралдар программасынан баш тарттыруу максатында кысым көргөзүү үчүн эл аралык колдоо алууга аракеттенип жаткан учурда өтүүдө. Пхеньян жакында өзөктүк куралдар программасын тымызын жагдайда улантып келгенин моюнга алган. Түштүк Корея да Түндүк Кореядан өзөктүк куралдар программасын токтотууну талап кылган өлкөлөрдүн катарында бар. Бирок, Сеул Пхеньян менен мамиле түзүү талашты тынчтык жол менен эң жакшы ыкмасы деп эсептейт.